https://sputnik.kg/20261106/frantsiya-massalyk-topolong-makron-antirekord-1104746047.html
Францияда көчөгө 600 миң адам чыгып, Макрондун рейтинги антирекордду жаңылады
Францияда көчөгө 600 миң адам чыгып, Макрондун рейтинги антирекордду жаңылады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Франциядагы нааразылык акцияларына 600 миң адам чыкты. Бул тууралуу республиканын Ички иштер министрлиги кабарлаганын РИА Новости... 06.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-06T10:32+0600
2026-11-06T10:32+0600
2026-11-06T10:33+0600
дүйнөдө
франция
париж
башаламандык
эммануэль макрон
рейтинг
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/06/1104746400_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_a910cdad1578db3760f571e75eafd6ea.jpg
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Франциядагы нааразылык акцияларына 600 миң адам чыкты. Бул тууралуу республиканын Ички иштер министрлиги кабарлаганын РИА Новости жазды. Митингчилердин так санын ИИМ кечинде жарыялоону убадалаган. РИА Новости кабарчысынын маалыматына караганда, Парижде митингчилер тополоң уюштуруп, полиция аларга каршы катуу үн чыгаруучу гранаталарды ыргытып, союл менен сабап, курал кезеп жатат. Тартип бузгандар кармала баштады. Бейшемби күнү Францияда ири кесиптик кошуундардын (профсоюздардын) чакырыгы менен жалпы улуттук жүрүш өттү. Тартип сакчылары акциянын катышуучуларына каршы көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтарды колдонду. Күч түзүмдөрүнүн аракетинен улам бир нече митингчи жаракат алды. Өлкөдө нааразылыктар сентябрдын ортосунан бери уланууда. Ал кезде Париждин чет жакаларынан келген жогорку класстын окуучулары жана студенттер билим берүү шартын жакшыртуу талабы менен митингге чыгышкан. Кийинчерээк аларга баалардын өсүшүнө нааразы болгон калк катмары кошулуп, нааразылыктар башка аймактарга да жайылган. ИИМ башчысы Лоран Нуньес кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткенин моюнга алып, жоопкерчиликти өзүнө алуу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз берген, бирок өлкө башчысы Эммануэль Макрон аны кабыл алган эмес. Президенттин өзү да көчөгө радикалдар гана эмес, кабатыр болгон жүз миңдеген карапайым жарандар чыкканын ырастап, ошол эле учурда өлкөгө өзгөчө абал киргизүүнүн зарылдыгы жок деп эсептеп жатат. Массалык тополоңдордун шартында мамлекет башчысынын кадыр-баркы да кескин төмөндөп кетти. Elabe компаниясынын сурамжылоосуна таянып Echos гезити жазгандай, ноябрь айында Макронго болгон элдик ишенимдин деңгээли 13 пайызга чейин түшкөн. Бул Франция президенттеринин рейтингине байкоо жүргүзүү тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды. Маалыматта белгиленгендей, акыркы бир айдын ичинде президенттин көрсөткүчү 4 пайызга, ал эми август айынан бери жалпысынан 11 пунктуга төмөндөгөн. Салыштырсак, 2016-жылдын ноябрында ошол кездеги социалист-президент Франсуа Олландга болгон ишеним 14 пайызга чейин төмөндөгөн. Андан бир ай өткөндөн кийин Олланд экинчи мөөнөткө талапкерлигин койбой турганын расмий жарыялаган болчу. Макрон боюнча сурамжылоо 3-4-ноябрда онлайн-форматта жашы жеткен 1 004 француз жаранынын арасында жүргүзүлгөн.
https://sputnik.kg/20261021/francziya-le-pen-makrondu-ajyptady-1104426146.html
франция
париж
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/06/1104746400_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_3b76e4fd2591efbbdea83c7fdaadc70b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, франция, париж, башаламандык, эммануэль макрон, рейтинг
дүйнөдө, франция, париж, башаламандык, эммануэль макрон, рейтинг
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Франциядагы нааразылык акцияларына 600 миң адам чыкты. Бул тууралуу республиканын Ички иштер министрлиги кабарлаганын
РИА Новости жазды.
Митингчилердин так санын ИИМ кечинде жарыялоону убадалаган.
РИА Новости кабарчысынын маалыматына караганда, Парижде митингчилер тополоң уюштуруп, полиция аларга каршы катуу үн чыгаруучу гранаталарды ыргытып, союл менен сабап, курал кезеп жатат. Тартип бузгандар кармала баштады.
Бейшемби күнү Францияда ири кесиптик кошуундардын (профсоюздардын) чакырыгы менен жалпы улуттук жүрүш өттү. Тартип сакчылары акциянын катышуучуларына каршы көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтарды колдонду. Күч түзүмдөрүнүн аракетинен улам бир нече митингчи жаракат алды.
Өлкөдө нааразылыктар сентябрдын ортосунан бери уланууда. Ал кезде Париждин чет жакаларынан келген жогорку класстын окуучулары жана студенттер билим берүү шартын жакшыртуу талабы менен митингге чыгышкан. Кийинчерээк аларга баалардын өсүшүнө нааразы болгон калк катмары кошулуп, нааразылыктар башка аймактарга да жайылган.
ИИМ башчысы Лоран Нуньес кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткенин моюнга алып, жоопкерчиликти өзүнө алуу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз берген, бирок өлкө башчысы Эммануэль Макрон аны кабыл алган эмес. Президенттин өзү да көчөгө радикалдар гана эмес, кабатыр болгон жүз миңдеген карапайым жарандар чыкканын ырастап, ошол эле учурда өлкөгө өзгөчө абал киргизүүнүн зарылдыгы жок деп эсептеп жатат.
Массалык тополоңдордун шартында мамлекет башчысынын кадыр-баркы да кескин төмөндөп кетти. Elabe компаниясынын сурамжылоосуна таянып Echos гезити жазгандай, ноябрь айында Макронго болгон элдик ишенимдин деңгээли 13 пайызга чейин түшкөн. Бул Франция президенттеринин рейтингине байкоо жүргүзүү тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды.
Маалыматта белгиленгендей, акыркы бир айдын ичинде президенттин көрсөткүчү 4 пайызга, ал эми август айынан бери жалпысынан 11 пунктуга төмөндөгөн.
Салыштырсак, 2016-жылдын ноябрында ошол кездеги социалист-президент Франсуа Олландга болгон ишеним 14 пайызга чейин төмөндөгөн. Андан бир ай өткөндөн кийин Олланд экинчи мөөнөткө талапкерлигин койбой турганын расмий жарыялаган болчу.
Макрон боюнча сурамжылоо 3-4-ноябрда онлайн-форматта жашы жеткен 1 004 француз жаранынын арасында жүргүзүлгөн.