https://sputnik.kg/20261021/francziya-le-pen-makrondu-ajyptady-1104426146.html
“Мамлекет урай баштады”. Ле Пен Макрондун бийлигин кескин сындады
“Мамлекет урай баштады”. Ле Пен Макрондун бийлигин кескин сындады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Франциядагы "Улуттук биригүү" партиясынын парламенттик фракциясынын лидери Марин Ле Пен өлкө президенти Эммануэль Макрон нааразылык... 21.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-21T14:40+0600
2026-10-21T14:40+0600
2026-10-21T14:40+0600
дүйнөдө
франция
марин ле пен
эммануэль макрон
нааразычылык
митинг
кырдаал
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0c/1093913990_0:81:2000:1206_1920x0_80_0_0_cae45de5b0368ffee1b947f02f76e3ec.jpg
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Франциядагы "Улуттук биригүү" партиясынын парламенттик фракциясынын лидери Марин Ле Пен өлкө президенти Эммануэль Макрон нааразылык акцияларына байланыштуу кырдаалды көзөмөлдөй албай калганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.Ошондой эле ал ишемби күнкү окуялар толугу менен алдын ала белгилүү болгонун жана мындай көрүнүштөр акыркы жылдары дээрлик бардык демонстрацияларда кайталанып жатканын белгиледи.Францияда нааразылык акциялары сентябрь айынын ортосунда башталган. Алгач Париждин чет жакаларында мектеп окуучулары билим берүү мекемелеринин абалын жакшыртууну талап кылып көчөгө чыгышкан. Кийинчерээк аларга баалардын кымбатташына нааразы болгон тургундар кошулуп, акциялар өлкөнүн башка аймактарына тараган.Эң ири митинг 17-октябрда өттү. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ага 550 миңге чукул адам катышкан. Француз укук коргоо органдары демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ, үнү катуу гранаталарды жана суу бүрккүчтөрдү колдонгон.
https://sputnik.kg/20261021/tramp-evropany-migranttardy-kuup-chyguuga-chakyrdy-1104418306.html
франция
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0c/1093913990_85:0:2000:1436_1920x0_80_0_0_a76e62d6d53a8fdd34ddceeea3b147e9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, франция, марин ле пен, эммануэль макрон, нааразычылык, митинг, кырдаал
дүйнөдө, франция, марин ле пен, эммануэль макрон, нааразычылык, митинг, кырдаал
“Мамлекет урай баштады”. Ле Пен Макрондун бийлигин кескин сындады
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Франциядагы "Улуттук биригүү" партиясынын парламенттик фракциясынын лидери Марин Ле Пен өлкө президенти Эммануэль Макрон нааразылык акцияларына байланыштуу кырдаалды көзөмөлдөй албай калганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Менимче, мамлекет урай баштады. Биз абалды көзөмөлдөй албай, атүгүл окуялардын өнүгүшүн алдын ала болжолдой албай калган алсыз бийликке туш болдук", — деди Ле Пен.
Ошондой эле ал ишемби күнкү окуялар толугу менен алдын ала белгилүү болгонун жана мындай көрүнүштөр акыркы жылдары дээрлик бардык демонстрацияларда кайталанып жатканын белгиледи.
Францияда нааразылык акциялары сентябрь айынын ортосунда башталган. Алгач Париждин чет жакаларында мектеп окуучулары билим берүү мекемелеринин абалын жакшыртууну талап кылып көчөгө чыгышкан. Кийинчерээк аларга баалардын кымбатташына нааразы болгон тургундар кошулуп, акциялар өлкөнүн башка аймактарына тараган.
Эң ири митинг 17-октябрда өттү. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ага 550 миңге чукул адам катышкан. Француз укук коргоо органдары демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ, үнү катуу гранаталарды жана суу бүрккүчтөрдү колдонгон.