https://sputnik.kg/20261016/aksh-ozunun-koru-tolmoyyun-sozdashtaryna-kural-satpayt--1104324793.html
Трамп АКШ өзүнүн корун толуктамайын, союздаштарына курал сатпай турганын айтты
Трамп АКШ өзүнүн корун толуктамайын, союздаштарына курал сатпай турганын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар өзүнүн арсеналын көбөйтүп, толуктап алмайынча союздаштарына курал-жарак сатууну... 16.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-16T11:02+0600
2026-10-16T11:02+0600
2026-10-16T11:02+0600
дүйнөдө
акш
дональд трамп
иран
украина
курал-жарак
арсенал
толуктоо
сатык
https://sputnik.kg/img/07e9/08/14/1095979151_0:0:2892:1628_1920x0_80_0_0_9b4b3b3663ecf074d638ac52a37d55b0.jpg
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар өзүнүн арсеналын көбөйтүп, толуктап алмайынча союздаштарына курал-жарак сатууну токтото турарын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Трамптын айтымында, бул кырдаал үчүн АКШнын мурдагы президенти Жозеф Байдендин администрациясы күнөөлүү. Алар Украинага оңбогондой көп сандагы курал-жарак, ок-дарыларды кармата берген. Анткен менен буга чейин, тагыраагы, октябрдын башында Трамп Иранга жасаган аскердик операциялардан улам Пентагондун айрым ок-дарыларынын кору азайып калганын мойнуна алган. Ал азыр өзүнүн администрациясы кампалардагы запастарды толтуруу жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүү боюнча иш алып барып жатканын белгилеген.
https://sputnik.kg/20260815/ak-uy-zelenskiy-koshumcha-raketa-suroo-zhoop-beruu-1102997599.html
акш
иран
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/14/1095979151_246:0:2817:1928_1920x0_80_0_0_3bfd969045617013b8129b4bca988ab3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, иран, украина, курал-жарак, арсенал, толуктоо, сатык
дүйнөдө, акш, дональд трамп, иран, украина, курал-жарак, арсенал, толуктоо, сатык
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар өзүнүн арсеналын көбөйтүп, толуктап алмайынча союздаштарына курал-жарак сатууну токтото турарын айтты. Бул туурасында
РИА Новости жазды. "Соңку учурлары ок-дарыны өзүбүзгө калтырып жатабыз, себеби бизге керек. Кармап турганыбыз оң. Запастарыбызды толтуруп алгандан кийин союздаштарыбызга бизден сатып алганга мүмкүнчүлүк бере баштайбыз", — деген америкалык лидер.
Трамптын айтымында, бул кырдаал үчүн АКШнын мурдагы президенти Жозеф Байдендин администрациясы күнөөлүү. Алар Украинага оңбогондой көп сандагы курал-жарак, ок-дарыларды кармата берген.
"Бул — мен Иранга каршы көргөн чара эмес, Байдендин Украинага жасаган ишинин кесепети", — деп ал ок-дарынын жетишсиздиги боюнча суроого жооп берип жатып айткан.
Анткен менен буга чейин, тагыраагы, октябрдын башында Трамп Иранга жасаган аскердик операциялардан улам Пентагондун айрым ок-дарыларынын кору азайып калганын мойнуна алган. Ал азыр өзүнүн администрациясы кампалардагы запастарды толтуруу жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүү боюнча иш алып барып жатканын белгилеген.