https://sputnik.kg/20260815/ak-uy-zelenskiy-koshumcha-raketa-suroo-zhoop-beruu-1102997599.html
Ак үй Зеленскийдин кошумча ракета сураганына жооп берди
Ак үй Зеленскийдин кошумча ракета сураганына жооп берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. АКШнын аскер жетекчилиги үчүн башкы артыкчылыктардын бири — өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү жана чыңдоо. Бул... 15.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-15T13:04+0600
2026-08-15T13:04+0600
2026-08-16T10:44+0600
дүйнөдө
акш
украина
владимир зеленский
дональд трамп
ракета
жооп
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/06/1070724595_0:180:2730:1716_1920x0_80_0_0_0a167c7721b2c94c66d2fc1dbcf33683.jpg
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. АКШнын аскер жетекчилиги үчүн башкы артыкчылыктардын бири — өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү жана чыңдоо. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт Владимир Зеленскийдин кезектеги суранычына берген жообунда айтканын РИА Новости агенттиги жазды. Киев бийлигинин башчысы жакында эле CNN телеканалына курган маегинде АКШ Patriot абадан коргонуу комплекстери үчүн каралган ок-дарынын беш пайызын эле Киевге берсе, Украина кыштан чыга аларын билдирген. Өткөн айдын аяк ченинде Трамп Владимир Зеленский менен өзүнчө жолуккан. Андан кийин Зеленский Ак үйдүн башчысы Киевге ракетадан коргонуучу каражаттарды чыгарууга лицензия берүүгө макул болгонун билдирген. Кийинчерээк ЖМКлар АКШ мындай ракеталарды Польшанын аймагында өндүрүү коопсузураак болот деп эсептегенин жазышкан. Ал эми Financial Times гезити Трамп Киевге кошумча ракеталарды берүүдөн баш тартканын жазган. Ал мындай чечимин ракеталардын жетишсиздиги жана техниканын Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга көп сарпталып жатканы менен түшүндүргөн. Ошол эле учурда Reuters агенттиги Трамп мындай келишимге ынанбай турганын билдиргенден кийин да Вашингтондо Украинага ракеталарды чыгарууга лицензия берүү маселеси талкууланып жатканын жазган.
https://sputnik.kg/20260813/zelenskiy-patriot-uchun-almashat-1102965947.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/06/1070724595_111:0:2538:1820_1920x0_80_0_0_5963acdd7dc765ff9e43a99b9139a2cb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, владимир зеленский, дональд трамп, ракета, жооп
дүйнөдө, акш, украина, владимир зеленский, дональд трамп, ракета, жооп
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. АКШнын аскер жетекчилиги үчүн башкы артыкчылыктардын бири — өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү жана чыңдоо. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт Владимир Зеленскийдин кезектеги суранычына берген жообунда айтканын
РИА Новости агенттиги жазды.
"Тилекке каршы, бул өтө өкүнүчтүү... Президент Жо Байден Украинага өтө көп нерсени таратып салган. Ал эми биздин президент кызматка киришкен биринчи күндөн тартып эле курал-жарак корун толуктоого көңүл бурду", — деген ал.
Киев бийлигинин башчысы жакында эле CNN телеканалына курган маегинде АКШ Patriot абадан коргонуу комплекстери үчүн каралган ок-дарынын беш пайызын эле Киевге берсе, Украина кыштан чыга аларын билдирген.
Өткөн айдын аяк ченинде Трамп Владимир Зеленский менен өзүнчө жолуккан. Андан кийин Зеленский Ак үйдүн башчысы Киевге ракетадан коргонуучу каражаттарды чыгарууга лицензия берүүгө макул болгонун билдирген. Кийинчерээк ЖМКлар АКШ мындай ракеталарды Польшанын аймагында өндүрүү коопсузураак болот деп эсептегенин жазышкан.
Ал эми Financial Times гезити Трамп Киевге кошумча ракеталарды берүүдөн баш тартканын жазган. Ал мындай чечимин ракеталардын жетишсиздиги жана техниканын Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга көп сарпталып жатканы менен түшүндүргөн.
Ошол эле учурда Reuters агенттиги Трамп мындай келишимге ынанбай турганын билдиргенден кийин да Вашингтондо Украинага ракеталарды чыгарууга лицензия берүү маселеси талкууланып жатканын жазган.