https://sputnik.kg/20261014/iranga-karshy-zhany-sokku-tramp-netanyakhu-kamdanuuda-1104276449.html
Трамп Нетаньяху менен Иранга каршы жаңы операцияны талкуулады
Трамп Нетаньяху менен Иранга каршы жаңы операцияны талкуулады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы жаңы масштабдуу операция өткөрүү... 14.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-14T10:05+0600
2026-10-14T10:05+0600
2026-10-14T10:05+0600
дүйнөдө
израиль
акш
иран
дональд трамп
атайын операция
чабуул
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1e/1096833732_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_5063497961a78cc65e0e88ac81a33caf.jpg
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы жаңы масштабдуу операция өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу Axios порталына шилтеме берип РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, тараптар Иранга каршы сокку уруу маселесин өткөн аптада эле талкуулаган. Операция Израиль менен АКШдагы боло турган шайлоолорго чейин өтүшү ыктымал экени айтылууда. Буга чейин Трамп Иранга шайлоого чейин кол салбай турганын айткан. Бирок NBC телеканалы АКШнын коопсуздук командасы Конгресске шайлоо боло электе эле Иранга каршы чоң аскердик операция баштоо варианттарын карап чыкканын кабарлаган. Ал эми Израилде парламенттик шайлоо 27-октябрга дайындалган. Анын жыйынтыгы менен өлкөнүн жаңы өкмөтү түзүлүшү керек.
https://sputnik.kg/20260925/pzeshikan-aksh-menen-kepke-keluugo-umtulup-zhatkandyktaryn-aytty-1103891615.html
израиль
акш
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1e/1096833732_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_0156bfec4635941550890b907508bd04.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, израиль, акш, иран, дональд трамп, атайын операция, чабуул
дүйнөдө, израиль, акш, иран, дональд трамп, атайын операция, чабуул
Трамп Нетаньяху менен Иранга каршы жаңы операцияны талкуулады
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы жаңы масштабдуу операция өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу Axios порталына шилтеме берип
РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, тараптар Иранга каршы сокку уруу маселесин өткөн аптада эле талкуулаган. Операция Израиль менен АКШдагы боло турган шайлоолорго чейин өтүшү ыктымал экени айтылууда.
Буга чейин Трамп Иранга шайлоого чейин кол салбай турганын айткан. Бирок NBC телеканалы АКШнын коопсуздук командасы Конгресске шайлоо боло электе эле Иранга каршы чоң аскердик операция баштоо варианттарын карап чыкканын кабарлаган.
Ал эми Израилде парламенттик шайлоо 27-октябрга дайындалган. Анын жыйынтыгы менен өлкөнүн жаңы өкмөтү түзүлүшү керек.