https://sputnik.kg/20260925/pzeshikan-aksh-menen-kepke-keluugo-umtulup-zhatkandyktaryn-aytty-1103891615.html
Ирандын президенти: АКШ менен кепке келүүгө умтулабыз, бирок...
Ирандын президенти: АКШ менен кепке келүүгө умтулабыз, бирок...
Sputnik Кыргызстан
Пезешкиан Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин жоболоруна ылайык, Иран 60 пайызга чейин байытылган уран корунан баш тартууга макул экенин белгиледи. 25.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-25T11:18+0600
2026-09-25T11:18+0600
2026-09-25T11:18+0600
дүйнөдө
жакынкы чыгыш
иран
акш
масуд пезешкиан
диалог
сүйлөшүү
https://sputnik.kg/img/07e9/06/17/1094831604_0:0:2550:1435_1920x0_80_0_0_308ba9ff284b182e604ec3a72fb48f2b.jpg
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Иран АКШ менен кепке келүүдө көп нерсеге көз артпай, ашыкча кетпей, эл аралык укуктун алкагында келишим түзүүгө ниет кылып жатат. Бул туурасында президент Масуд Пезешкиан Fox News телеканалына берген интервьюсунда айткан.Пезешкиан Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин жоболоруна ылайык, Иран 60 пайызга чейин байытылган уран корунан баш тартууга макул экенин белгиледи. Ошондой эле ал буга чейин АКШ менен кол коюлган алкактык макулдашууну да карманууга даяр экендиктерин билдирди. "Биздин уланталы (АКШ менен тирешүүнү – ред. ) деген ниетибиз жок. Бул нерсеге чекит коюш-койбош керектигин Америка чечиши керек ", — деп президент кошумчалаган. Мурдараак, кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун, аларды баштоо үчүн Тегеран АКШга жети шарт койгонун Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Мохсен Резаи айткан эле.Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объектилерге чабуул жасай баштаган, буга жооп кылып Иран тарап да сокку урган. 18-июнга караган түнү Тегеран менен Вашингтон 28-февралда тутанган жаңжалды токтотууну көздөгөн меморандумга кол коюшкан. Бирок июль айында америкалык аскерлер Иранга бир нече ирет кайрадан чабуул койгон. АКШнын армиясынын командачылыгы бул кадамды Ирандын Ормуз кысыгынан өткөн соода кемелерине жасаган аракеттерине карата жооп болду деп түшүндүргөн. Азыркы тапта бул жаңжал толук жөнгө салына элек, кырдаал чыңалган бойдон турат.
https://sputnik.kg/20260909/iran-aksh-chabuul-tanker-1103540454.html
жакынкы чыгыш
иран
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/17/1094831604_0:0:2268:1700_1920x0_80_0_0_be04f214db2d9729b8256c0c3dbb892b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, иран, акш, масуд пезешкиан, диалог, сүйлөшүү
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, иран, акш, масуд пезешкиан, диалог, сүйлөшүү
Ирандын президенти: АКШ менен кепке келүүгө умтулабыз, бирок...
Пезешкиан Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин жоболоруна ылайык, Иран 60 пайызга чейин байытылган уран корунан баш тартууга макул экенин белгиледи.
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Иран АКШ менен кепке келүүдө көп нерсеге көз артпай, ашыкча кетпей, эл аралык укуктун алкагында келишим түзүүгө ниет кылып жатат. Бул туурасында президент Масуд Пезешкиан
Fox News телеканалына берген интервьюсунда айткан.
"Эл аралык мыйзамдардын алкагында каралган маселелерди макулдашып, талкуулап жатабыз, алар да эгер чындап келгенде, эл аралык укуктук алкактан алганда бизге тиешелүү болчу. Биз арбыныраак нерсеге умтулуп, көз арткан эмеспиз. Мына ушундан улам. эгер каршы тарап макул болсо, биз ушул шартта келишим түзүүгө умтулабыз", — деди ал.
Пезешкиан Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин жоболоруна ылайык, Иран 60 пайызга чейин байытылган уран корунан баш тартууга макул экенин белгиледи. Ошондой эле ал буга чейин АКШ менен кол коюлган алкактык макулдашууну да карманууга даяр экендиктерин билдирди.
"Биздин уланталы (АКШ менен тирешүүнү – ред. ) деген ниетибиз жок. Бул нерсеге чекит коюш-койбош керектигин Америка чечиши керек ", — деп президент кошумчалаган.
Мурдараак, кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун, аларды баштоо үчүн Тегеран
АКШга жети шарт койгонун Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Мохсен Резаи айткан эле.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объектилерге чабуул жасай баштаган, буга жооп кылып Иран тарап да сокку урган.
18-июнга караган түнү Тегеран менен Вашингтон 28-февралда тутанган жаңжалды токтотууну көздөгөн меморандумга кол коюшкан. Бирок июль айында америкалык аскерлер Иранга бир нече ирет кайрадан чабуул койгон. АКШнын армиясынын командачылыгы бул кадамды Ирандын Ормуз кысыгынан өткөн соода кемелерине жасаган аракеттерине карата жооп болду деп түшүндүргөн.
Азыркы тапта бул жаңжал толук жөнгө салына элек, кырдаал чыңалган бойдон турат.