Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы имараты ачылды
Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы имараты ачылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу ачылып, иш-чарага... 26.09.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу ачылып, иш-чарага Садыр Жапаров катышканын “Ынтымак ордодон” билдиришти. Маалыматка караганда, былтыр искусство университетине жаңы имарат курууга президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүнгөн. Бир жылдан ашык мезгилде беш кабаттуу, бардык шарты бар корпус курулган. Аземде сүйлөгөн өлкө башчы бул окуя улуттук маданиятты өркүндөтүүгө өбөлгө, өнөрлүү жаштардын келечегине кам көрүү экенин белгилеген. Белгилей кетсек, аталган окуу жай 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту катары түптөлгөн. 1974-жылы ага СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын аты берилген. 2013-жылы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети болуп кайра уюшулган. Былтыр “улуттук” макамы ыйгарылган.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу ачылып, иш-чарага Садыр Жапаров катышканын “Ынтымак ордодон” билдиришти.
Маалыматка караганда, былтыр искусство университетине жаңы имарат курууга президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүнгөн. Бир жылдан ашык мезгилде беш кабаттуу, бардык шарты бар корпус курулган.
Аземде сүйлөгөн өлкө башчы бул окуя улуттук маданиятты өркүндөтүүгө өбөлгө, өнөрлүү жаштардын келечегине кам көрүү экенин белгилеген.
Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу
“Бул, албетте, университеттин келечегине салынган ири инвестиция болуп саналат. Ооба, окуу жайда түзүлгөн шарттар – билим берүү процессинин материалдык базасын бекемдөөгө багытталган маанилүү ресурстар. Бирок университеттин эң чоң байлыгы имараттар эле эмес. Анын эң чоң байлыгы адам ресурсу экенин баса белгилеп айта кетейин. Тактап айтканда, жаштардын шык-жөндөмүн ачып, өнөрдүн ар кыл сырларын үйрөтүп, талантын ташкындаткан тажрыйбалуу окутуучулар”, — деген ал.
Белгилей кетсек, аталган окуу жай 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту катары түптөлгөн. 1974-жылы ага СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын аты берилген. 2013-жылы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети болуп кайра уюшулган. Былтыр “улуттук” макамы ыйгарылган.