Манас шаарында "Акылман" президенттик лицейи ачылды. Сүрөттөр
Манас шаарында "Акылман" президенттик лицейи ачылды. Сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Манас шаарында 410 окуучуга ылайыкталган "Акылман" президенттик лицейи ачылды. Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы... 15.09.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Манас шаарында 410 окуучуга ылайыкталган "Акылман" президенттик лицейи ачылды. Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жаңы лицейге үч этаптуу сынактан өткөн 144 окуучу 7-8-класстарга кабыл алынган. Билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, жыйындар залы жана спорт аянтчалары түзүлгөн. Касымалиев окуу корпустарын көрүп чыгып, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты. Өкмөт башчы жакшы имарат биринчи гана кадам экенин, андан аркы сапарды мугалимдин эмгеги, окуучунун аракети жана мектептеги күчтүү билим чөйрөсү аныктаарын белгиледи. Ошондой эле ал президенттин тапшырмасына ылайык, "Акылман" лицейин бүтүргөн окуучуларга адистикке ээ болгондон кийин жумуш менен камсыз кылууда артыкчылык берилерин кошумчалады.
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Манас шаарында 410 окуучуга ылайыкталган "Акылман" президенттик лицейи ачылды. Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жаңы лицейге үч этаптуу сынактан өткөн 144 окуучу 7-8-класстарга кабыл алынган. Билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, жыйындар залы жана спорт аянтчалары түзүлгөн.
Касымалиев окуу корпустарын көрүп чыгып, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты. Өкмөт башчы жакшы имарат биринчи гана кадам экенин, андан аркы сапарды мугалимдин эмгеги, окуучунун аракети жана мектептеги күчтүү билим чөйрөсү аныктаарын белгиледи.
Ошондой эле ал президенттин тапшырмасына ылайык, "Акылман" лицейин бүтүргөн окуучуларга адистикке ээ болгондон кийин жумуш менен камсыз кылууда артыкчылык берилерин кошумчалады.