Тажрыйба алмашуу жүрөт. Москвада Sputnik Pro долбоорунун 15-модулу жыйынтыкталды
Тажрыйба алмашуу жүрөт. Москвада Sputnik Pro долбоорунун 15-модулу жыйынтыкталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Москва шаарында 21-сентябрдан 25-сентябрга чейин "Россия сегодня" медиатоубунун кеңсесинде журналист, блогер, SMM жана PR-адистер... 25.09.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Москва шаарында 21-сентябрдан 25-сентябрга чейин "Россия сегодня" медиатоубунун кеңсесинде журналист, блогер, SMM жана PR-адистер үчүн программанын 15-модулу өттү. Беш күн аралыгында агенттиктин алдыңкы кызматкерлери заманбап медианын негизги багыттары боюнча мастер-класс жана сабактарды өтүштү. Катышуучулар социалдык тармак жана Telegram-каналдарды илгерилетүү, медиамониторинг, сүрөт жана видео контент менен иштөө, түз эфир уюштуруу жаатында билимин тереңдетишти. Салтка айлангандай аскердик кабарчылар да тажрыйбасы менен бөлүшүп, атайын аскердик операция жана согуш жүрүп жаткан жердеги журналисттин иштөө өзгөчөлүгү айтылды. Курстун негизги темаларынын бири нейротүйүн менен иштөө болду. Катышуучулар жасалма акылды пайдалануунун мааниси барган сайын артып баратканын белгилешкен. Жалпы жонунан катышуучулар "Sputnik Pro на Зубовском" журналисттер үчүн эле эмес, башка кесиптин ээлерине да пайдалуу болорун белгилешкен. Модулдун жүрүшүндө үйрөнгөн жаңы нерселерди үйгө кайткандан кийин да кеңири колдонууга болору айтылды. "Билим алууну эч убакта токтотпош керек. Журналист деле дарыгердей, бир чекке жеткенден кийин "болдубу же дагы барбы" деп ойлоносуң. Мындай программалар абдан керек, ар кайсы өлкөдөн келген адистер менен тажрыйба алмашасың, билбегениңди үйрөнөсүң, билгениңди айтасың", — деди Казакстандан барган Меруерт Нургазинова. Кыргызстандын маморгандарынын басма сөз катчылары Зубовскийдеги SputnikPro долбоору тууралуу айтып беришти. Саламаттык сактоо министрлигин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова өзгөчө РИА Новости агенттигиндеги кесиптештердин сүрөттөр менен иштөөсү жакканын айтты. Ал эми Илим министрлигинин адиси Айнура Асанбаева SputnikPro окуусуна президенттин маалымат кызматынын сунушу менен келгенин билдирди. "Москвага биринчи жолу келишим. Sputnik Кыргызстан менен тыгыз кызматташабыз. Кесиптештер брифингдерди, сюжеттерди жана министрлик өткөргөн ири иш-чараларды чагылдырып турушат", — деди Асанбаева. Катышуучулар "Sputnik Pro на Зубовском" бул жаңы санаалаштарды, кесиптештерди табууга, жаңы жерлерди көрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзгөн долбоор экенин айтышты. Айрымдар Москвага биринчи жолу келишкен. "Кремль, Зарядье, Кызыл аянтка барууга жетиштим. Советтер Союзунун ири курулуштары. Кечинде борбор калаанын ажайып кооздугун көрүп жатабыз", — деди грузиялык Михаил Руденко. Модуль соңунда катышуучулардын баары өз долбоорлорун сунуштап, программадан өткөнүн тастыктаган диплом алышты. Эскерте кетсек, Sputnik Pro на Зубовском КМШ өлкөлөрүнүн журналисттерине арналган Жакынкы чет өлкө жана Балтика мамлекеттериндеги мультимедиалык борборлор дирекциясынын долбоору. 2023-жылдан бери ага постсоветтик мейкиндиктен 160тан ашуун адис катышты. Быйыл дагы 12 кишинин келери күтүлүүдө.
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Москва шаарында 21-сентябрдан 25-сентябрга чейин "Россия сегодня" медиатоубунун кеңсесинде журналист, блогер, SMM жана PR-адистер үчүн программанын 15-модулу өттү.
Беш күн аралыгында агенттиктин алдыңкы кызматкерлери заманбап медианын негизги багыттары боюнча мастер-класс жана сабактарды өтүштү. Катышуучулар социалдык тармак жана Telegram-каналдарды илгерилетүү, медиамониторинг, сүрөт жана видео контент менен иштөө, түз эфир уюштуруу жаатында билимин тереңдетишти.
Москва шаарында 21-сентябрдан 25-сентябрга чейин "Россия сегодня" медиатоубунун кеңсесинде журналист, блогер, SMM жана PR-адистер үчүн программанын 15-модулу өттү
Sputnik Pro на Зубовском КМШ өлкөлөрүнүн журналисттерине арналган Жакынкы чет өлкө жана Балтика мамлекеттериндеги мультимедиалык борборлор дирекциясынын долбоору
Москва шаарында 21-сентябрдан 25-сентябрга чейин "Россия сегодня" медиатоубунун кеңсесинде журналист, блогер, SMM жана PR-адистер үчүн программанын 15-модулу өттү
Sputnik Pro на Зубовском КМШ өлкөлөрүнүн журналисттерине арналган Жакынкы чет өлкө жана Балтика мамлекеттериндеги мультимедиалык борборлор дирекциясынын долбоору
Модуль соңунда катышуучулардын баары өз долбоорлорун сунуштап, программадан өткөнүн тастыктаган диплом алышты
Салтка айлангандай аскердик кабарчылар да тажрыйбасы менен бөлүшүп, атайын аскердик операция жана согуш жүрүп жаткан жердеги журналисттин иштөө өзгөчөлүгү айтылды.
Курстун негизги темаларынын бири нейротүйүн менен иштөө болду. Катышуучулар жасалма акылды пайдалануунун мааниси барган сайын артып баратканын белгилешкен.
"ЖИнин актуалдуулугу өсүүдө, рынокту кадимкидей ээлей баштады. Нейротүйүндү мыйзам чегинде колдонуу тууралуу айтылгандар өзгөчө кызыгууну жаратты. ЖИ чынында эч жерде тескелбейт, тийиштүү мыйзамдар жаңыдан киргизилип жатат. ЖИнин жашообузга тийгизген таасирин жана келечекте кантип тескелерин билүү абдан кызык болду", — деди Sputnik агенттигине беларустук катышуучу Виктор Булавский.
Жалпы жонунан катышуучулар "Sputnik Pro на Зубовском" журналисттер үчүн эле эмес, башка кесиптин ээлерине да пайдалуу болорун белгилешкен. Модулдун жүрүшүндө үйрөнгөн жаңы нерселерди үйгө кайткандан кийин да кеңири колдонууга болору айтылды.
"Билим алууну эч убакта токтотпош керек. Журналист деле дарыгердей, бир чекке жеткенден кийин "болдубу же дагы барбы" деп ойлоносуң. Мындай программалар абдан керек, ар кайсы өлкөдөн келген адистер менен тажрыйба алмашасың, билбегениңди үйрөнөсүң, билгениңди айтасың", — деди Казакстандан барган Меруерт Нургазинова.
Кыргызстандын маморгандарынын басма сөз катчылары Зубовскийдеги SputnikPro долбоору тууралуу айтып беришти. Саламаттык сактоо министрлигин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова өзгөчө РИА Новости агенттигиндеги кесиптештердин сүрөттөр менен иштөөсү жакканын айтты.
"Москвага экинчи жолу келип жатам. 2012-жылы медиатоп шаардын дээрлик борборунда жайгашкан экен. Ошондуктан бул жакта көп учурда жөө жүрөм. Анын аркасында шаарды да кенен көрүп жатам", — деген ал.
Ал эми Илим министрлигинин адиси Айнура Асанбаева SputnikPro окуусуна президенттин маалымат кызматынын сунушу менен келгенин билдирди.
"Москвага биринчи жолу келишим. Sputnik Кыргызстан менен тыгыз кызматташабыз. Кесиптештер брифингдерди, сюжеттерди жана министрлик өткөргөн ири иш-чараларды чагылдырып турушат", — деди Асанбаева.
Катышуучулар "Sputnik Pro на Зубовском" бул жаңы санаалаштарды, кесиптештерди табууга, жаңы жерлерди көрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзгөн долбоор экенин айтышты. Айрымдар Москвага биринчи жолу келишкен.
"Кремль, Зарядье, Кызыл аянтка барууга жетиштим. Советтер Союзунун ири курулуштары. Кечинде борбор калаанын ажайып кооздугун көрүп жатабыз", — деди грузиялык Михаил Руденко.
Модуль соңунда катышуучулардын баары өз долбоорлорун сунуштап, программадан өткөнүн тастыктаган диплом алышты.
Эскерте кетсек, Sputnik Pro на Зубовском КМШ өлкөлөрүнүн журналисттерине арналган Жакынкы чет өлкө жана Балтика мамлекеттериндеги мультимедиалык борборлор дирекциясынын долбоору. 2023-жылдан бери ага постсоветтик мейкиндиктен 160тан ашуун адис катышты.