https://sputnik.kg/20260821/sputnik-pro-dolboorunun-katyshuuchusu-moskvadagy-okuunu-aytyp-berdi-1103123977.html
Sputnik Pro долбоорунун катышуучусу Москвадагы окуунун артыкчылыгын айтып берди
Sputnik Pro долбоорунун катышуучусу Москвадагы окуунун артыкчылыгын айтып берди
Sputnik Кыргызстан
Москвада жети өлкөдөн келген медиа кызматкерлер Sputnik Pro программасынын беш күндүк окуусунан өтүштү. 21.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-21T19:23+0600
2026-08-21T19:23+0600
2026-08-21T19:23+0600
дүйнөдө
россия
долбоор
sputnikpro
журналист
медиа
кызматкер
https://sputnik.kg/img/07ea/08/15/1103123097_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_23dab70bdcac2f662d5338c392142293.jpg
Бул убакыт ичинде алар жаңылыктар менен иштөө, радио, жасалма интеллект жана аскердик журналистиканын өзгөчөлүктөрү боюнча билим алышты. Программанын катышуучусу Юлия Новалишина бул окуу деле башкалардан айырмаланбай, катардагы тажрыйба алмашуу болот деп күткөнүн белгилеген. Бирок иш жүзүндө аны таң калтырган учурлар абдан көп болгонун айтты. "Маалымат арбын берилгенине карабай өтө түшүнүктүү болгону мени таң калтырды. Өзүм үчүн жаңы билимдерди, иштөөгө керектүү жаңы тажрыйбаларды топтодум. Өтө пайдалуу болду деп айта алам", — деген ал. 2023-жылдан бери долбоорго 11 өлкөдөн 168 журналист катышкан. Быйыл жакынкы чет өлкөлөрдүн маалымат каражаттарынан дагы 24 кызматкер окуудан өтөт. Sputnik Pro программасынын кийинки окуулары сентябрь жана октябрь айларына пландалган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/15/1103123097_161:0:1121:720_1920x0_80_0_0_ce3070898f5e75e1be57cd319ca66878.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, долбоор, sputnikpro, журналист, медиа, кызматкер, видео
дүйнөдө, россия, долбоор, sputnikpro, журналист, медиа, кызматкер, видео
Sputnik Pro долбоорунун катышуучусу Москвадагы окуунун артыкчылыгын айтып берди
Москвада жети өлкөдөн келген медиа кызматкерлер Sputnik Pro программасынын беш күндүк окуусунан өтүштү.
Бул убакыт ичинде алар жаңылыктар менен иштөө, радио, жасалма интеллект жана аскердик журналистиканын өзгөчөлүктөрү боюнча билим алышты.
Программанын катышуучусу Юлия Новалишина бул окуу деле башкалардан айырмаланбай, катардагы тажрыйба алмашуу болот деп күткөнүн белгилеген. Бирок иш жүзүндө аны таң калтырган учурлар абдан көп болгонун айтты.
"Маалымат арбын берилгенине карабай өтө түшүнүктүү болгону мени таң калтырды. Өзүм үчүн жаңы билимдерди, иштөөгө керектүү жаңы тажрыйбаларды топтодум. Өтө пайдалуу болду деп айта алам", — деген ал.
2023-жылдан бери долбоорго 11 өлкөдөн 168 журналист катышкан. Быйыл жакынкы чет өлкөлөрдүн маалымат каражаттарынан дагы 24 кызматкер окуудан өтөт.
Sputnik Pro программасынын кийинки окуулары сентябрь жана октябрь айларына пландалган.