https://sputnik.kg/20260906/kochmondor-oyundary-zhyjyntyktaldy-1103498488.html
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. 06.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-06T23:46+0600
2026-09-06T23:46+0600
2026-09-07T09:37+0600
дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — 2026. соңку маалыматтар
кыргызстан
vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
чолпон-ата
салтанат
жабылыш
https://sputnik.kg/img/07ea/09/06/1103497679_0:120:2304:1416_1920x0_80_0_0_0585461ef763fef822047039d3c7147c.jpg
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Иш-чара ордо калаадагы "Бишкек Аренада" салтанаттуу ачылып, ага бир катар өлкөнүн президенттери катышты. Параддан 100дөн ашуун өлкөнүн 3000дей спортчусу өтүп, аземге дүйнөнүн булуң-бурчунан меймандар чакырылган. Көчмөндөр оюндарынын спорттук жана маданий бөлүгү Ысык-Көлдө: ипподромдо, Кырчын жайлоосунда, "Газпром" спорт комплексинде, "Рух-Ордодо", "Номад" борборунда өттү. Кырчында уюштурулган "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасында өлкөнүн жети дубанынын ордосу түшүп, көчмөндөрдүн кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү. Оюндардын жабылыш аземи Чолпон-Атадагы ат майданда болуп, эстафета Россияга өттү. Көчмөндөр оюндарынын символу болгон суу көөкөрү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Татарстандын раиси Рустам Миннихановго тапшырды. Салтанат чоң программадагы концерт менен коштолуп, дрон-шоу тартууланып, фейерверк менен соңуна чыкты.
https://sputnik.kg/20260906/kasymaliev-minnihkanov-menen-zholuktu-1103496059.html
чолпон-ата
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/06/1103497679_128:0:2176:1536_1920x0_80_0_0_aa5a2cd4dfdb5d5501c93fd6fe3d209a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, чолпон-ата, салтанат, жабылыш
кыргызстан, vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, чолпон-ата, салтанат, жабылыш
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды.
Иш-чара ордо калаадагы "Бишкек Аренада" салтанаттуу ачылып, ага бир катар өлкөнүн президенттери катышты. Параддан 100дөн ашуун өлкөнүн 3000дей спортчусу өтүп, аземге дүйнөнүн булуң-бурчунан меймандар чакырылган.
Көчмөндөр оюндарынын спорттук жана маданий бөлүгү Ысык-Көлдө: ипподромдо, Кырчын жайлоосунда, "Газпром" спорт комплексинде, "Рух-Ордодо", "Номад" борборунда өттү.
Кырчында уюштурулган "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасында өлкөнүн жети дубанынын ордосу түшүп, көчмөндөрдүн кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү.
Оюндардын жабылыш аземи Чолпон-Атадагы ат майданда болуп, эстафета Россияга өттү. Көчмөндөр оюндарынын символу болгон суу көөкөрү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Татарстандын раиси Рустам Миннихановго тапшырды.
Салтанат чоң программадагы концерт менен коштолуп, дрон-шоу тартууланып, фейерверк менен соңуна чыкты.