https://sputnik.kg/20260906/kasymaliev-minnihkanov-menen-zholuktu-1103496059.html
Касымалиев Ысык-Көлдө Татарстандын башчысы Минниханов менен жолукту
Касымалиев Ысык-Көлдө Татарстандын башчысы Минниханов менен жолукту
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Министрдер кабинетинин Адылбек Касымалиев бүгүн Чолпон-Атада Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолукканын өкмөттүн... 06.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-06T19:53+0600
2026-09-06T19:53+0600
2026-09-06T19:52+0600
кыргызстан
татарстан
vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
адылбек касымалиев
рустам минниханов
https://sputnik.kg/img/07ea/09/06/1103495890_0:84:1600:984_1920x0_80_0_0_20a5d9a0203e404756ec8518c2e0c8d3.jpg
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Министрдер кабинетинин Адылбек Касымалиев бүгүн Чолпон-Атада Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолукканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Касымалиев маектешинин сапары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жатканы символикалык мааниге ээ экенин белгилеп, 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даярдык көрүүдө Кыргызстан топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатындагы биргелешкен демилгелерге токтолуп, мындан ары айлана-чөйрөнү коргоо жана бул багытта кызматташуу жигердүү уланарын сүйлөштү. Мындан тышкары, билим берүү, маданият, илим, жаштар саясаты жана спорт тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, бул эки элдин ортосундагы салттуу достук байланыштарды жана өз ара ишенимди мындан ары чыңдоого салым кошору белгиленди. Эскерте кетсек, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде РФ президенти Владимир Путин Россия кийинки Көмөндөр оюндарын өткөрүүгө дар экенин билдирген.
https://sputnik.kg/20260831/kochmondor-oyundary-tatarstanda-otot-1103344647.html
татарстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/06/1103495890_89:0:1512:1067_1920x0_80_0_0_c170f7863cc6e8fc2260c38503a5bbea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, татарстан, vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, адылбек касымалиев, рустам минниханов
кыргызстан, татарстан, vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, адылбек касымалиев, рустам минниханов
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Министрдер кабинетинин Адылбек Касымалиев бүгүн Чолпон-Атада Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолукканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Касымалиев маектешинин сапары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жатканы символикалык мааниге ээ экенин белгилеп, 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даярдык көрүүдө Кыргызстан топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
"Эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий кызматташтык маселелери сүйлөшүлүп, өз ара ишкердик сапарлар тажрыйбасын улантууну, ишкерлердин ортосундагы түз байланыштарды чыңдоону жана келечектүү инвестициялык демилгелерди биргелешип илгерилетүүнүн маанилүүлүгү айтылды", — деп жазылат маалыматта.
Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатындагы биргелешкен демилгелерге токтолуп, мындан ары айлана-чөйрөнү коргоо жана бул багытта кызматташуу жигердүү уланарын сүйлөштү.
Мындан тышкары, билим берүү, маданият, илим, жаштар саясаты жана спорт тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, бул эки элдин ортосундагы салттуу достук байланыштарды жана өз ара ишенимди мындан ары чыңдоого салым кошору белгиленди.
Эскерте кетсек, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде РФ президенти Владимир Путин Россия кийинки Көмөндөр оюндарын өткөрүүгө дар экенин
билдирген.