https://sputnik.kg/20260831/1103313307.html
ШКУ жана кыргыз-кытай кызматташтыгы: билим, илим жана жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кыргызстан үчүн эл аралык маанидеги маанилүү окуяларга бай жыл болууда. Өлкө Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылып, уюмдун 25 жылдык мааракесине туш... 31.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-31T11:04+0600
2026-08-31T11:04+0600
2026-08-31T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1f/1103313137_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1f026410e768d06869acb1965820723c.jpg
ШКУ жана кыргыз-кытай кызматташтыгы: билим, илим жана жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кыргызстан үчүн эл аралык маанидеги маанилүү окуяларга бай жыл болууда. Өлкө Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылып, уюмдун 25 жылдык мааракесине туш келген саммитти Бишкекте өткөрүп жатат. Дүйнөнүн көңүлүн бурган бул иш-чарага бир катар мамлекеттердин лидерлеринин катышууда. Алардын арасында Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары да өзгөчө мааниге ээ. Мындай ири дипломатиялык окуялардын алкагында кыргыз-кытай мамилелеринин бүгүнкү абалы, анын келечеги жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү тууралуу сөз кылуу өзгөчө актуалдуу. Кытай Кыргызстан үчүн экономикалык жана саясий жактан гана эмес, билим берүү, илим, маданият жана жаштар арасындагы байланыштар багытында да маанилүү өнөктөш болуп келет. Айрыкча билим берүү тармагындагы кызматташтык акыркы жылдары жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, кыргыз жаштарынын Кытайга жана кытай тилине болгон кызыгуусун кыйла арттырууда. Муну бул жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине кытай тилин үйрөнүүгө быйыл эле 400гө жакын абитуриенттин тапшырганы да айгинелейт. Мындан башка да өлкөдөгү бир катар окуу жайларда факультет, бөлүмдөр бар. Учурда Кыргыз улуттук университети Кытайдын 50дөн ашык жогорку окуу жайы менен кызматташуу боюнча келишимдерге ээ. Анын алкагында студенттер Кытайда билим алып, академиялык мобилдүүлүк программаларына, ар кандай окуу курстарына жана тил лагерлерине катышып, кытай элинин тили, маданияты жана билим берүү системасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышууда. Мындай байланыштар жаштарга жаңы билим жана тажрыйба берүү менен катар, кыргыз-кытай мамилелеринин келечектеги жаңы муунун калыптандырууга да өбөлгө түзүүдө. Бул байланыштар келечектеги кыргыз-кытай алакасынын жаңы муунун калыптандырууга канчалык таасир этет? Ал эми ШКУнун алкагындагы кызматташтыкта билим берүү жана илим кандай роль ойнойт? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз-кытай изилдөө институтунун билим берүү программасынын жетекчиси Асель Токсоналиева менен маек курдук.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1f/1103313137_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_84a02d4cff6183779f17444a6fee2074.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
ШКУ жана кыргыз-кытай кызматташтыгы: билим, илим жана жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
11:04 31.08.2026 (Жаңыртылды: 11:16 31.08.2026) Коноктор
Асель Токсоналиева, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз-кытай илим изилдөө институтунун билим берүү программасынын жетекчиси, доцент