https://sputnik.kg/20260811/1102914859.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. Парламенттен билдиришкендей, "Жаштар... 11.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-11T11:00+0600
2026-08-11T11:00+0600
2026-08-11T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0b/1102914691_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e85037eb9623960269808843b51b9957.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. Парламенттен билдиришкендей, "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн иш-чарада эки өлкөнүн жаш парламентарийлеринин кызматташтыгын өнүктүрүү жана жаштардын коомдук-саясий процесстердеги ролун жогорулатуу маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелери акыркы жылдары жаңы деңгээлге чыкканын белгилеп, бул жетишкендиктерди жаш муунга өткөрүп берүү маанилүү экенин айтты. Ал жаштар мамлекеттердин келечеги гана эмес, бүгүнкү өнүгүүнүн да активдүү катышуучулары экенин белгиледи. Форумдун жыйынтыгында жаш парламентарийлердин ортосунда туруктуу диалогду улантуу жана тажрыйба алмашууну күчөтүү боюнча пикирлер айтылды.
Кыргызстанда рулу оңдон солго которулган унааларды легалдаштырып, каттоого мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Учурда чет элдик номердеги унааларды мыйзамдаштыруунун акыркы этабы жүрүүдө. Ал 1-сентябрда аяктайт. Ушул өнөктүктүн алкагында заводдон чыкканда рулу оң тарапта болгон, бирок кийин сол тарапка которулуп жасалган чет элдик номердеги машиналарды да мыйзамдаштырууга уруксат берүү каралууда. Бирок аларды каттоо үчүн техникалык абалы жана кайра жабдылышы атайын текшерүүдөн өтүшү керек. Техникалык талаптарга жооп бербеген, коопсуздук боюнча белгиленген талаптардан өтпөгөн унаалар мыйзамдаштырылбайт. Өкмөттүн маалыматына караганда, өлкөдө мындай унаалардын саны болжол менен 50гө жетет. Алар аз болгондуктан каттоого уруксат берүү маселесин техникалык баалоо аркылуу чечүү сунушталууда.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков күз-кыш мезгилине даярдык боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Анда быйыл өлкөдө 19,6 миллиард кВт/саат электр энергиясы керектелери, анын 15,5 млрд кВт/сааты Кыргызстанда өндүрүлүп, жетпеген 4,1 млрд кВт/сааты сырттан сатып алынары белгиленди. Ошондой эле Токтогул суу сактагычында суу былтыркыдан аз экени, ошондуктан электр энергиясын белгиленген лимиттин чегинде колдонуу жана сууну үнөмдөө тапшырылды. Мындан сырткары, ГЭСтердеги гидроагрегаттарды жана ЖЭБдеги оңдоо иштерин өз убагында бүтүрүү талап кылынды.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. Парламенттен билдиришкендей, "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн иш-чарада эки өлкөнүн жаш парламентарийлеринин кызматташтыгын өнүктүрүү жана жаштардын коомдук-саясий процесстердеги ролун жогорулатуу маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелери акыркы жылдары жаңы деңгээлге чыкканын белгилеп, бул жетишкендиктерди жаш муунга өткөрүп берүү маанилүү экенин айтты. Ал жаштар мамлекеттердин келечеги гана эмес, бүгүнкү өнүгүүнүн да активдүү катышуучулары экенин белгиледи. Форумдун жыйынтыгында жаш парламентарийлердин ортосунда туруктуу диалогду улантуу жана тажрыйба алмашууну күчөтүү боюнча пикирлер айтылды. Кыргызстанда рулу оңдон солго которулган унааларды легалдаштырып, каттоого мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Учурда чет элдик номердеги унааларды мыйзамдаштыруунун акыркы этабы жүрүүдө. Ал 1-сентябрда аяктайт. Ушул өнөктүктүн алкагында заводдон чыкканда рулу оң тарапта болгон, бирок кийин сол тарапка которулуп жасалган чет элдик номердеги машиналарды да мыйзамдаштырууга уруксат берүү каралууда. Бирок аларды каттоо үчүн техникалык абалы жана кайра жабдылышы атайын текшерүүдөн өтүшү керек. Техникалык талаптарга жооп бербеген, коопсуздук боюнча белгиленген талаптардан өтпөгөн унаалар мыйзамдаштырылбайт. Өкмөттүн маалыматына караганда, өлкөдө мындай унаалардын саны болжол менен 50гө жетет. Алар аз болгондуктан каттоого уруксат берүү маселесин техникалык баалоо аркылуу чечүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков күз-кыш мезгилине даярдык боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Анда быйыл өлкөдө 19,6 миллиард кВт/саат электр энергиясы керектелери, анын 15,5 млрд кВт/сааты Кыргызстанда өндүрүлүп, жетпеген 4,1 млрд кВт/сааты сырттан сатып алынары белгиленди. Ошондой эле Токтогул суу сактагычында суу былтыркыдан аз экени, ошондуктан электр энергиясын белгиленген лимиттин чегинде колдонуу жана сууну үнөмдөө тапшырылды. Мындан сырткары, ГЭСтердеги гидроагрегаттарды жана ЖЭБдеги оңдоо иштерин өз убагында бүтүрүү талап кылынды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0b/1102914691_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b374b992985c82703e58cd4f5685b1ca.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио