00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:00
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:58
1 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Почему евразийская интеграция выходит за рамки ЕАЭС
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Социалистик эмгектин баатыры Таштанбек Акматовдун эмгеги — “Кыргыз ак топозу”жаңы асыл тукум катары мамлекеттик каттоодон өттү
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Когда кыргызские лекарства смогут выйти на рынок ЕАЭС
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда алдамчылыкка каршы атайын борбор түзүү сунушталды

© Фото / пресс-служба Минздрава КРИллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстанда алдамчылыкты алдын алуу боюнча бирдиктүү система түзүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, Ички иштер министрлигинин алдында алдамчылыкты алдын алуу боюнча атайын борбор түзүү каралган. Ал жакта жарандардын алдамчылык тууралуу билдирүүлөрү кабыл алынып, шектүү телефон номерлер, сайттар, шилтемелер, аккаунттар, жарнамалар жана төлөм реквизиттери талданат. Ошондой эле алдамчылык тобокелдиктери жөнүндө атайын реестр түзүлөт.
Борбордун маалыматтары банктарга, төлөм уюмдарына, байланыш операторлоруна жана санариптик платформаларга жөнөтүлүшү мүмкүн. Алар өз ыйгарым укуктарынын чегинде шектүү аракеттерди текшерип, тиешелүү чараларды көрүшөт.
Реестрге киргизилген маалымат адамды автоматтык түрдө күнөөлүү деп таанууга негиз болбойт. Борбор өз алдынча банктык эсептерди бөгөттөй албайт, мүлккө камак сала албайт же санариптик ресурстарды жаба албайт. Ошондой эле маалыматтары реестрге киргизилген жарандар маалыматты оңдоону же реестрден чыгарууну талап кылууга жана борбордун чечимдерине даттанууга укуктуу болот.
Мыйзам долбоорунун негизги максаты — алдамчылык фактысы болгондон кийин гана чара көрбөстөн, шектүү схемаларды эрте аныктап, жарандарга алдын ала эскертүү берүү. Анда калктын финансылык, санариптик жана укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү да каралган.
Мындан тышкары, Улуттук банкка банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга жана төлөм уюмдарына алдамчылык операцияларын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча милдеттүү талаптарды белгилөө укугун берүү сунушталууда.
Банк карталары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2026
Кайрымдуулук үчүн банктык жеке карталарга акча чогултууга тыюу салуу сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0