https://sputnik.kg/20260621/akyn-abdyrasul-toktomushev-tuuraluu-faktylar-1101981481.html
Көргөнүн поэзияга салган акын Абдрасул Токтомушев тууралуу 13 факт
Көргөнүн поэзияга салган акын Абдрасул Токтомушев тууралуу 13 факт
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз совет адабияты менен өмүрү жана ишмердүүлүгү тыгыз байланышкан инсан Абдрасул Токтомушев. Ал бүтүндөй 80 жылдан ашык жашоосун адабиятты өнүктүрүүгө... 21.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-21T14:01+0600
2026-06-21T14:01+0600
2026-06-21T14:11+0600
кыргызстан
адабият
кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
абдрасул токтомушев
чыгармачылык
тагдыр
https://sputnik.kg/img/07e4/09/0e/1049606849_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_821ca08c2c6687640a8c8e0fc319a44f.jpg
Биз бүгүн турмушта абдан көп окуяларды өзү аралашып көргөн жана ошол көргөндөрүн ак кагазга түшүрүп кийинки муундарга өткөрүп берген Кыргыз ССРинин эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Абдрасул Токтомушев тууралуу 13 факт сунуш кылабыз. Акындын туулган жери жана мезгили. Кичи-Кеминдин оозундагы ал кездеги Атаке болуштугунун, расмий документтердин тили менен айтканда, Россия империясынын Түркстан крайынын Жети-Суу облусунун Пишпек уездиндеги Восточный айылында туулган. Ал азыркы Кемин районундагы Төрт-Күл айылы. Туулган мезгили так болбошу мүмкүн, ошентсе да 1912-жылдын 15 [28]-июль күнү деп жазылып жүрдү. Чоң атасы Саманчы деген киши болуп, буларды Саманчынын тукуму дешкен. Атасы Токтомуш кара каш, кара көз, кара көрпө тебетей кийген, колунан керкиси менен чотун түшүрбөгөн, жанына дайым темене салып жүргөн усулдуу уста, зергер киши болгон. Ал атасыз жетим өскөн. Апасы Сайрабүбү да кара каш, кара көз, сулуу келин болуп, ал Токтомушка өтө жашында эле турмушка чыгып, Абдырасул деген уулдуу, Асипа деген кыздуу болот. Атасы 1918-жылы оор жашоодон кыйналып жүрүп каза табат. Эл менен кошо "үркүп" Кытайга барганда... 1916-жылдагы боштондук кыймылы аеосуз басылып, Кытайга качкан элдин арасында 4-5 жаштагы бала Абдрасул да болгон. Кытай жеринде азаптын баарын көрөт. Көбү анын эсинде калган экен, өмүр бою Үркүн темасын жазып келди. 1917-жылы Ала-Тоого Ленин деген киши жаңы, башкача бийлик алып келгенин угуп, өлгөндөн калган эл самсып, аягы үзүлбөй жерлерине келе баштайт. Эки Кемин арасы аңгырып бош калган экен, качкындарга бир сындырым нан таап берер эл жок. Ошентсе да туулган жерге келгенге дем байлашат. Башка түшкөн жетимдик. Жылан жылы кыштан эптеп чыгуу кыйын болду. Токтомуштун Бейше деген бир таякеси Кытайга качпай калган экен, ошону издеп таап алалы деп ал жашаган Токмоктун жанындагы Шор-Дөбө деген айылга барат. Булардын айрымдары чамасы "үркпөй" калган окшойт, эмнеси болсо да Бейшенин бир үйүнүн жана Токтомуштун жесир таежесинен бир үйүнүн жанында эки балалуу Токтомуштун жаман алачыгы пайда болот. Бир күнү Токтомуштун энеси Толгонай алачык ичине от жагып жатып, анысы камыш алачыкты жалмап кетип, бир үй-бүлө талаада калат. Анан эч нерсеси жок алар Кара-Коңуз деген дунган айылга кезигет. Жалаң дунгандар турат экен. Ээсиз үйдүн жер төлөсүнөн жай табат. Ал жерге башка балдар да кирип жатчу, тамак жок далай өлүктөрдү ушул жер төлөдөн алып чыгышат. Токтомуш Муса деген дунган кишиге малайлык кылат. Эптеп бир нерсе таап келген болот. Бир күнү ал да ошол жер төлөгө жетип-жетпей дармансыз жыгылган бойдон турбай калат. Айылда өлүк көмүүгө да, кошок кошуп ыйлоого да тыюу салынган экен. Бир күнү Токтомуштун агасы Кенжетай, Сайрабүбүнүн агасы Абдаалы келип, эки тарап кер-мур айтышып, Абдаалы боздоткон бойдон карындашын жетелеп кетет, анан Кенжетай да айылына жол алат. Энесин күтүп, сыз жер төлөдө чычкандын балдарындай болуп Абдрасул менен Асипа гана калат. Кийин алтыга чыга элек Абдырасул апасын издеп таппай, атүгүл карындашын калтырып кайырчылык кылып кетип, кайра келип аны да таппай калат... Ошол жылдар ошондой оор болгон: өлүктөрдү айылдар көргө көмдүрбөй ит жеп кеткен; кайырчыларга бере турган эч кимде эч кандай оокат да болгон эмес. Бул күндөрүн эстеп, кийин "Жолбун ит менден жакшыраак" деген саптарды жазган. Большевиктер бийликти колго алганы менен элин бага албай жаткан жылдар эле... Лайвазы. Абдрасул баягы атасынын кожоюну Мусага кул болуп жүрдү, эптеп жанын бакканы менен дили ооруду, анын азан чакырткан атын айтпай дунганча атап Пашар деп алды кожоюну. Бала буга намыстанды. Качып чыкты бир күнү. Жаңы барган жери төрт балалуу жесир аял (Фатьме Чывызы), күйөөсү Ясыр каза болуп калган экен, балага жакшы эле каралашат. Ошондогу Токмоктун тегерек-четиндеги дунган айылдар Кытайдан качып келген кыргыз балдарды өкмөттөн жашырып (өкмөт аларды интернаттарга алып кетип аткан), өз балам дешип, дунганча ат коюп алышкан. Абдырасулду дунгандар "Лайвазы" (кыргызча которгондо "Келгин бала") деп ысым коюп алышкан. Лайвазы көчө кыдырып "цоа нейзилеп" айран сатты, тезек терип келип, аны сатты, отун жыйнап алардын сатты, атүгүл түшкөн жалбырактарды терип алып, аларды да сатты, кепич сатты, ошондой кызмат кылса да, "мунун кулагы укпайт" деп кожейке-энеси жокто беркилер кулагына сасык май куюп салды. Алты жашынан ошол Лайвазы таяк жеп, дунгандарга кызмат кылып, дунганча сүйлөп, дунганча ырдап, 11ге жашы толгондо 1922-жылы жетим балдар үйүнө жыйнап жүргөн комиссия мүчөлөрүнүн көз алдына чагылып, алар өздөрү менен кошуп, ээрчитип алып кетти. Балдар үйүнөн — Чоң-Кеминге. Эмне себеп болгону белгисиз, ал балдар үйүнө көпкө турбайт. Айтуудан бир туугандары табылып, кыш келгенде Чоң-Кеминге алып кетет. Ал жакта дагы көрүнгөндүн колунда кызматта жүрөт. Кой кайтарат. Билим алууну кыялданат. Айылда баштооч мектепте окуйт. 1924-жылы жөө-жалаңдап Пишпек шаарына келет. 1923-жылы жабылып калган Токмок балдар үйү кайра ачылган экен, ошол жерге кайра кабыл алынат. Ал жерде кийин жазуучу болгон Алыкул Осмонов, Саткын Сасыкбаев, советтик-партиялык иштерде иштеп кеткен Баян Аламанов, Жүзүмкул Кудайбергенов, белгилүү тарыхчы болгон Керимкул Орозалиев ж.б. жетим балдар тарбияланып жаткан. Интернатта "Кызыл бурч" дегени боло турган, ошол жерде Аалы Токомбаевдин Ленин жөнүндө жазган ыры илинип турчу экен. Абдырасул активдүү бала болгон го, Нариманов атындагы отрядга пионер вожатый кылып бекитишет. Бул жердеги жетим балдар баары "биз Лениндин балдарыбыз", "улуу атабыз Ленин" дешкен. Токмоктон — Ташкентке. Өкмөт өзүнүн идиректүү балдарын чоң окууларга жиберип турган. Токмок балдар үйүндө орто даражалуу мектептерге даярдоо курсун окуп бүткөн Болот Юнусалиев экөөнү Ташкенттеги Орто Азия суу чарба политехникалык техникумуна жиберет. Кийин ал институтка айланат. Ошол Ташкенттеги окуу жайында радио борбор болуп, анын алдында кыргыз тилинде чыккан "Бирикме чарба" деген гезит болчу экен. Ал басылмага жана Пишпектен чыккан гезиттерге "Иликтир" деген каймана ат менен ыр, макала жаза баштайт. "Кызыл Кыргызстан" гезитинин 1930-жылдын 31-январдагы санына ураан мүнөзүндөгү "Дыйкандарга" деген ыры жарыяланат. Ушул эле жылы "Большевиктик жаз" аттуу ыры басылат. Аны суу чарбасы эмес, адабият, журналистика өзүнө тартып кетет. Алгачкы эмгек жылдары. "Кызыл Кыргызстан" гезитине анын жазып жүргөн материалдары жагып калат, анан да ал кезде Түштүк жакта окуган профессионал журналист кадрлар жок болгон. 1932-жылдын аягында жогорудагы гезит Ош облусу боюнча атайын кабарчылык кызматына алат. Ошол жакта Ленин районунда жазуучу Жекшен Ашуубаев комсомол комитетинин катчысы болуп иштеп жаткан экен, ошол киши жаш журналист жигитти Арсланбап жакта артель курууга чакырат. Бир күндө артель курат, ошол күнү боз тон кийип жүргөн экен, Жекшен Ашуубаев артелдин атын "Бостон" атайт. Ошентип жазуу маданиятын өздөштүргөн таланттуу журналист 1932-жылдан тартып, он жылга жакын республикалык атактуу "Кызыл Кыргызстан", "Ленинчил жаш" гезиттеринде атайын кабарчы, Лейлек райондук "Колхоз турмушу" басылмасында иштейт. Бул мезгилде ал колхоз турмушу, партия, комсомол тууралуу макалаларды, ырларды тынымсыз жазып жүрөт. 1936-жылы "Балбандар", 1937-жылы "Какшаалдан кат" жана "Ырлар жыйнагы" деген китептери чыгып, 1938-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынат. Какшаалдан кат жазган кыздын трагедиясы менен жалпы кыргызды ыйлаткан. Акындын 30 гана беттен турган "Какшаалдан кат" деген поэмасы 1937-жылы өзүнчө китеп болуп басылган. Бул чыгарма журналист болуп иштеп жүргөн 25 жаштагы жигиттин ысымын жалпы кыргыз кыйырына таанытып, аты дароо эле "дүңк" дей түшөт. Айтуудан автор 1929-жылы Ташкентте окуп жүргөндө Касымалы Баялиновдун "Ажар" повестин окуп катуу таасирленип жүрүптүр. Арууке деген эжелери "Кытайда бир табак унга сатылып, Салыйкандын Бүбүсейит деген кызы калып калган, ошону таап алып келгиле" дей берчү экен. Чынында жокчулуктун айынан кыздар көп сатылып кетиптир, бир гана Кызыл-Байрак айылынан 12 кыз кылып кеткен экен, ошолордун тагдыры бул чыгарманы жазууга шыкак берди дечү экен автор. Акын бөтөн жерден алып келе албаган Бүбүсейит эжесинин арманын 1936-1937-жылдарда поэма кылып жазып, алгач "Кызыл Кыргызстан" гезитине бастырган. Кытайдын Какшаал тоосунда калган башкы каарман Сайранын туулган жерге болгон сагынычы, эки журтту салыштыруусу, кусалыгы поэманын негизин түзөт. Бул чыгарма орус тилине да которулган. Бул үч каттан турган поэмасы бир кыйла оңдоолорго да туш болгон, кийинки бир топ жыйнактарына да кирген. "Сүйүү жана коркунуч" – сүйүү гимни. 1962-жылы акындын "Сүйүү жана коркунуч" деген поэмасы чыгат. Чыгарманын жазылышына белгилүү кардиохирург Иса Ахунбаевдин операциялары себеп болуптур. Алыс тоо арасында бир кыз жүрөк оорулуу болуп калат. Ошол кызды борборго операцияга алып келет. Анын операциясына Абдырасул Токтомушев да катышып калат. Сүйгөн кызынын операцияга кеткенин билбей калган жигит артынан келет да, анан алтын колдуу дарыгерден айыккан соң кайра тоосуна алып кетет. Хирург эки жаштын коркунучун жеңип, алардын сүйүүсүн кайтарып берет. Поэмада советтик медицина, сүйүү даңазаланат. Ыр менен жазылган "Алтын тоо" романы. Бул чыгарма адегенде чакан ыр эле болуп, 1933-жылы чыккан, 50-жылдарда поэмага айландырылган, андан кийин көлөмдүү роман жаралган. Окуясы да Октябрь революциясына чейинки жана кийинки жылдарды ичине камтып, эки доорду салыштыруу жана жаңы замандын артыкчылыгын көрсөтүү милдетин мыкты аткарган. Чыгарманын башкы каарманы Айнагүл, ал акылдуу, сулуу кыз болгон, манап тартып алмакчы болгондо ата-энеси сүйгөн жигити экөөнү үңкүргө алып барып катышат. Ошол жактан бала-чакалуу болушат. Кийин Октябрдын жеңиши менен тоодон түшүп элге кошулат, аларды алтын тоо сактап калат. Жарым кылым ичинде жазып жүргөн "башкы китебинин" 1-китеби 1965-жылы, 2-китеби 1968-жылы жарык көргөн. 1974-жылы бул чыгармага Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы берилген. Көп жылдар бою Аалы Токомбаевдин "Таң алдында" романы менен бирге кыргыз адабиятындагы роман жанрындагы ыр менен жазылган чыгарма катары жогору бааланып, улуттук поэзиянын мактанычы болуп келди. Поэма жанрынын чебери. Акын эпикалык, лирикалык жана лиро-эпикалык поэмаларды жазды. Анын "Ак Мөөр" поэмасынын (1971) өзүнчө орду бар. Атактуу Жантай хандын Ак Мөөрү доорго ылайык саясатташтырылып келген болсо бул чыгармада тарыхый чындыкка жакындоо жагы бир кыйла тереңдетилген. Баатыр пионер Кычан Жакыпов тууралуу "Жакып уулу" (1957), "Бала Кычан"(1969) поэмаларын жаратып, балдарды чынчылдыкка тарбиялоого салым кошкон. "Too туткуну", "Достук", "Кара-Тегин", "Өчкөн шамың күйүптүр", "Бир ооз сөз", "Арстанбап", "Жалгыз аркар" ("Ак мүйүз"), "Саяпкер", "Шамбет" ж.б. чыгармалары аны эпикалык жана лиро-эпикалык поэма жазуунун чебери экенин көрсөткөн. Балдар адабиятынын бараандуу өкүлү жана котормочулугу. Акын балдардын бөбөктөрдөн тартып өспүрүмдөргө чейинки бардык курагына арнап ырларды, жомокторду, поэмаларды жазып келди, ал чыгармаларынын бир тобу мектеп окуу китептерине, хрестоматияларына киргизилген. Андай китептери: "Хан жана Жуматай" жомогу (1940), "Жомоктор" (1941), "Жаштын тилеги" (1948), "Кон, кон, көпөлөк" (1970), "Ала-Тоо легендалары" (1985) ж.б. Котормо жагында да активдүү иштеп ливан акындарынын ырларын (1958), Николае Гильендин чыгармаларын (1964), 1987-жылы В.И.Далдын жомокторун ("Түлкү-чокой") кыргыз тилине которуп, китеп кылып чыгарган. Толук бүтпөй калган "Үркүн" романы жана жеке сапаттары. 1989-жылы "Үркүн" аттуу автобиографиялык романынын үзүндүсү "Ала-Тоо" журналына жарыялаган, үзүндүсүнө караганда бул 1916-1918-жылдардын чындыгын реалдуу көрсөткөн масштабдуу жана көркөм да чыгарма болмок экен. Бирок негедир аягына жеткире албай калгансыйт. Токтомушев кыргыз адабиятында эң көп жыл иштеген (65 жылдай) жана эң көп китеп чыгарган, эң ар түрдүү темада ыр жазган автор. Өз өмүр баянын кыябына келтирип айтып берген оозеки сөз чебери (адабиятчы Аман Токтогулов, журналист Тенти Орокчиев менен кызыктуу маектери жазылып калган) болгон. Адабий басылмаларда көп жыл иштеп жүрсө да душман ашырбаган жумшак киши эле. Бала чагында дунган байларына жалынып иштегендиктенби, дунган тилин жакшы билгендиктенби, же түсү ошоштуктанбы, анын жазуучулар "дунган акын" деп коюшчу. Акын 1995-жылы 83 жашында дүйнөдөн кайткан.
https://sputnik.kg/20260531/zholdoshbek-zarlykbekov-tuuraluu-10-fakt-1101603262.html
https://sputnik.kg/20260201/birimkul-alybaev-tuuraluu-11-fakt-1099446225.html
https://sputnik.kg/20250831/beganas-sartov-zhonundo-13-fakt-1096187707.html
https://sputnik.kg/20260405/too-arasynda-romany-tuuraluu-10-fakt-1100615067.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/09/0e/1049606849_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_8cbf8cfd8a069aba1a7249223c969d96.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
кыргызстан, адабият, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар, абдрасул токтомушев, чыгармачылык, тагдыр
кыргызстан, адабият, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар, абдрасул токтомушев, чыгармачылык, тагдыр
Биз бүгүн турмушта абдан көп окуяларды өзү аралашып көргөн жана ошол көргөндөрүн ак кагазга түшүрүп кийинки муундарга өткөрүп берген Кыргыз ССРинин эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Абдрасул Токтомушев тууралуу 13 факт сунуш кылабыз.
Акындын туулган жери жана мезгили. Кичи-Кеминдин оозундагы ал кездеги Атаке болуштугунун, расмий документтердин тили менен айтканда, Россия империясынын Түркстан крайынын Жети-Суу облусунун Пишпек уездиндеги Восточный айылында туулган. Ал азыркы Кемин районундагы Төрт-Күл айылы. Туулган мезгили так болбошу мүмкүн, ошентсе да 1912-жылдын 15 [28]-июль күнү деп жазылып жүрдү. Чоң атасы Саманчы деген киши болуп, буларды Саманчынын тукуму дешкен. Атасы Токтомуш кара каш, кара көз, кара көрпө тебетей кийген, колунан керкиси менен чотун түшүрбөгөн, жанына дайым темене салып жүргөн усулдуу уста, зергер киши болгон. Ал атасыз жетим өскөн. Апасы Сайрабүбү да кара каш, кара көз, сулуу келин болуп, ал Токтомушка өтө жашында эле турмушка чыгып, Абдырасул деген уулдуу, Асипа деген кыздуу болот. Атасы 1918-жылы оор жашоодон кыйналып жүрүп каза табат.
Эл менен кошо "үркүп" Кытайга барганда... 1916-жылдагы боштондук кыймылы аеосуз басылып, Кытайга качкан элдин арасында 4-5 жаштагы бала Абдрасул да болгон. Кытай жеринде азаптын баарын көрөт. Көбү анын эсинде калган экен, өмүр бою Үркүн темасын жазып келди. 1917-жылы Ала-Тоого Ленин деген киши жаңы, башкача бийлик алып келгенин угуп, өлгөндөн калган эл самсып, аягы үзүлбөй жерлерине келе баштайт. Эки Кемин арасы аңгырып бош калган экен, качкындарга бир сындырым нан таап берер эл жок. Ошентсе да туулган жерге келгенге дем байлашат.
Башка түшкөн жетимдик. Жылан жылы кыштан эптеп чыгуу кыйын болду. Токтомуштун Бейше деген бир таякеси Кытайга качпай калган экен, ошону издеп таап алалы деп ал жашаган Токмоктун жанындагы Шор-Дөбө деген айылга барат. Булардын айрымдары чамасы "үркпөй" калган окшойт, эмнеси болсо да Бейшенин бир үйүнүн жана Токтомуштун жесир таежесинен бир үйүнүн жанында эки балалуу Токтомуштун жаман алачыгы пайда болот. Бир күнү Токтомуштун энеси Толгонай алачык ичине от жагып жатып, анысы камыш алачыкты жалмап кетип, бир үй-бүлө талаада калат. Анан эч нерсеси жок алар Кара-Коңуз деген дунган айылга кезигет. Жалаң дунгандар турат экен. Ээсиз үйдүн жер төлөсүнөн жай табат. Ал жерге башка балдар да кирип жатчу, тамак жок далай өлүктөрдү ушул жер төлөдөн алып чыгышат. Токтомуш Муса деген дунган кишиге малайлык кылат. Эптеп бир нерсе таап келген болот. Бир күнү ал да ошол жер төлөгө жетип-жетпей дармансыз жыгылган бойдон турбай калат. Айылда өлүк көмүүгө да, кошок кошуп ыйлоого да тыюу салынган экен. Бир күнү Токтомуштун агасы Кенжетай, Сайрабүбүнүн агасы Абдаалы келип, эки тарап кер-мур айтышып, Абдаалы боздоткон бойдон карындашын жетелеп кетет, анан Кенжетай да айылына жол алат. Энесин күтүп, сыз жер төлөдө чычкандын балдарындай болуп Абдрасул менен Асипа гана калат. Кийин алтыга чыга элек Абдырасул апасын издеп таппай, атүгүл карындашын калтырып кайырчылык кылып кетип, кайра келип аны да таппай калат... Ошол жылдар ошондой оор болгон: өлүктөрдү айылдар көргө көмдүрбөй ит жеп кеткен; кайырчыларга бере турган эч кимде эч кандай оокат да болгон эмес. Бул күндөрүн эстеп, кийин "Жолбун ит менден жакшыраак" деген саптарды жазган. Большевиктер бийликти колго алганы менен элин бага албай жаткан жылдар эле...
Лайвазы. Абдрасул баягы атасынын кожоюну Мусага кул болуп жүрдү, эптеп жанын бакканы менен дили ооруду, анын азан чакырткан атын айтпай дунганча атап Пашар деп алды кожоюну. Бала буга намыстанды. Качып чыкты бир күнү. Жаңы барган жери төрт балалуу жесир аял (Фатьме Чывызы), күйөөсү Ясыр каза болуп калган экен, балага жакшы эле каралашат. Ошондогу Токмоктун тегерек-четиндеги дунган айылдар Кытайдан качып келген кыргыз балдарды өкмөттөн жашырып (өкмөт аларды интернаттарга алып кетип аткан), өз балам дешип, дунганча ат коюп алышкан. Абдырасулду дунгандар "Лайвазы" (кыргызча которгондо "Келгин бала") деп ысым коюп алышкан. Лайвазы көчө кыдырып "цоа нейзилеп" айран сатты, тезек терип келип, аны сатты, отун жыйнап алардын сатты, атүгүл түшкөн жалбырактарды терип алып, аларды да сатты, кепич сатты, ошондой кызмат кылса да, "мунун кулагы укпайт" деп кожейке-энеси жокто беркилер кулагына сасык май куюп салды. Алты жашынан ошол Лайвазы таяк жеп, дунгандарга кызмат кылып, дунганча сүйлөп, дунганча ырдап, 11ге жашы толгондо 1922-жылы жетим балдар үйүнө жыйнап жүргөн комиссия мүчөлөрүнүн көз алдына чагылып, алар өздөрү менен кошуп, ээрчитип алып кетти.
Балдар үйүнөн — Чоң-Кеминге. Эмне себеп болгону белгисиз, ал балдар үйүнө көпкө турбайт. Айтуудан бир туугандары табылып, кыш келгенде Чоң-Кеминге алып кетет. Ал жакта дагы көрүнгөндүн колунда кызматта жүрөт. Кой кайтарат. Билим алууну кыялданат. Айылда баштооч мектепте окуйт. 1924-жылы жөө-жалаңдап Пишпек шаарына келет. 1923-жылы жабылып калган Токмок балдар үйү кайра ачылган экен, ошол жерге кайра кабыл алынат. Ал жерде кийин жазуучу болгон Алыкул Осмонов, Саткын Сасыкбаев, советтик-партиялык иштерде иштеп кеткен Баян Аламанов, Жүзүмкул Кудайбергенов, белгилүү тарыхчы болгон Керимкул Орозалиев ж.б. жетим балдар тарбияланып жаткан. Интернатта "Кызыл бурч" дегени боло турган, ошол жерде Аалы Токомбаевдин Ленин жөнүндө жазган ыры илинип турчу экен. Абдырасул активдүү бала болгон го, Нариманов атындагы отрядга пионер вожатый кылып бекитишет. Бул жердеги жетим балдар баары "биз Лениндин балдарыбыз", "улуу атабыз Ленин" дешкен.
Токмоктон — Ташкентке. Өкмөт өзүнүн идиректүү балдарын чоң окууларга жиберип турган. Токмок балдар үйүндө орто даражалуу мектептерге даярдоо курсун окуп бүткөн Болот Юнусалиев экөөнү Ташкенттеги Орто Азия суу чарба политехникалык техникумуна жиберет. Кийин ал институтка айланат. Ошол Ташкенттеги окуу жайында радио борбор болуп, анын алдында кыргыз тилинде чыккан "Бирикме чарба" деген гезит болчу экен. Ал басылмага жана Пишпектен чыккан гезиттерге "Иликтир" деген каймана ат менен ыр, макала жаза баштайт. "Кызыл Кыргызстан" гезитинин 1930-жылдын 31-январдагы санына ураан мүнөзүндөгү "Дыйкандарга" деген ыры жарыяланат. Ушул эле жылы "Большевиктик жаз" аттуу ыры басылат. Аны суу чарбасы эмес, адабият, журналистика өзүнө тартып кетет.
Алгачкы эмгек жылдары. "Кызыл Кыргызстан" гезитине анын жазып жүргөн материалдары жагып калат, анан да ал кезде Түштүк жакта окуган профессионал журналист кадрлар жок болгон. 1932-жылдын аягында жогорудагы гезит Ош облусу боюнча атайын кабарчылык кызматына алат. Ошол жакта Ленин районунда жазуучу Жекшен Ашуубаев комсомол комитетинин катчысы болуп иштеп жаткан экен, ошол киши жаш журналист жигитти Арсланбап жакта артель курууга чакырат. Бир күндө артель курат, ошол күнү боз тон кийип жүргөн экен, Жекшен Ашуубаев артелдин атын "Бостон" атайт. Ошентип жазуу маданиятын өздөштүргөн таланттуу журналист 1932-жылдан тартып, он жылга жакын республикалык атактуу "Кызыл Кыргызстан", "Ленинчил жаш" гезиттеринде атайын кабарчы, Лейлек райондук "Колхоз турмушу" басылмасында иштейт. Бул мезгилде ал колхоз турмушу, партия, комсомол тууралуу макалаларды, ырларды тынымсыз жазып жүрөт. 1936-жылы "Балбандар", 1937-жылы "Какшаалдан кат" жана "Ырлар жыйнагы" деген китептери чыгып, 1938-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынат.
Какшаалдан кат жазган кыздын трагедиясы менен жалпы кыргызды ыйлаткан. Акындын 30 гана беттен турган "Какшаалдан кат" деген поэмасы 1937-жылы өзүнчө китеп болуп басылган. Бул чыгарма журналист болуп иштеп жүргөн 25 жаштагы жигиттин ысымын жалпы кыргыз кыйырына таанытып, аты дароо эле "дүңк" дей түшөт. Айтуудан автор 1929-жылы Ташкентте окуп жүргөндө Касымалы Баялиновдун "Ажар" повестин окуп катуу таасирленип жүрүптүр. Арууке деген эжелери "Кытайда бир табак унга сатылып, Салыйкандын Бүбүсейит деген кызы калып калган, ошону таап алып келгиле" дей берчү экен. Чынында жокчулуктун айынан кыздар көп сатылып кетиптир, бир гана Кызыл-Байрак айылынан 12 кыз кылып кеткен экен, ошолордун тагдыры бул чыгарманы жазууга шыкак берди дечү экен автор. Акын бөтөн жерден алып келе албаган Бүбүсейит эжесинин арманын 1936-1937-жылдарда поэма кылып жазып, алгач "Кызыл Кыргызстан" гезитине бастырган. Кытайдын Какшаал тоосунда калган башкы каарман Сайранын туулган жерге болгон сагынычы, эки журтту салыштыруусу, кусалыгы поэманын негизин түзөт. Бул чыгарма орус тилине да которулган. Бул үч каттан турган поэмасы бир кыйла оңдоолорго да туш болгон, кийинки бир топ жыйнактарына да кирген.
"Сүйүү жана коркунуч" – сүйүү гимни. 1962-жылы акындын "Сүйүү жана коркунуч" деген поэмасы чыгат. Чыгарманын жазылышына белгилүү кардиохирург Иса Ахунбаевдин операциялары себеп болуптур. Алыс тоо арасында бир кыз жүрөк оорулуу болуп калат. Ошол кызды борборго операцияга алып келет. Анын операциясына Абдырасул Токтомушев да катышып калат. Сүйгөн кызынын операцияга кеткенин билбей калган жигит артынан келет да, анан алтын колдуу дарыгерден айыккан соң кайра тоосуна алып кетет. Хирург эки жаштын коркунучун жеңип, алардын сүйүүсүн кайтарып берет. Поэмада советтик медицина, сүйүү даңазаланат.
Ыр менен жазылган "Алтын тоо" романы. Бул чыгарма адегенде чакан ыр эле болуп, 1933-жылы чыккан, 50-жылдарда поэмага айландырылган, андан кийин көлөмдүү роман жаралган. Окуясы да Октябрь революциясына чейинки жана кийинки жылдарды ичине камтып, эки доорду салыштыруу жана жаңы замандын артыкчылыгын көрсөтүү милдетин мыкты аткарган. Чыгарманын башкы каарманы Айнагүл, ал акылдуу, сулуу кыз болгон, манап тартып алмакчы болгондо ата-энеси сүйгөн жигити экөөнү үңкүргө алып барып катышат. Ошол жактан бала-чакалуу болушат. Кийин Октябрдын жеңиши менен тоодон түшүп элге кошулат, аларды алтын тоо сактап калат. Жарым кылым ичинде жазып жүргөн "башкы китебинин" 1-китеби 1965-жылы, 2-китеби 1968-жылы жарык көргөн. 1974-жылы бул чыгармага Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы берилген. Көп жылдар бою Аалы Токомбаевдин "Таң алдында" романы менен бирге кыргыз адабиятындагы роман жанрындагы ыр менен жазылган чыгарма катары жогору бааланып, улуттук поэзиянын мактанычы болуп келди.
Поэма жанрынын чебери. Акын эпикалык, лирикалык жана лиро-эпикалык поэмаларды жазды. Анын "Ак Мөөр" поэмасынын (1971) өзүнчө орду бар. Атактуу Жантай хандын Ак Мөөрү доорго ылайык саясатташтырылып келген болсо бул чыгармада тарыхый чындыкка жакындоо жагы бир кыйла тереңдетилген. Баатыр пионер Кычан Жакыпов тууралуу "Жакып уулу" (1957), "Бала Кычан"(1969) поэмаларын жаратып, балдарды чынчылдыкка тарбиялоого салым кошкон. "Too туткуну", "Достук", "Кара-Тегин", "Өчкөн шамың күйүптүр", "Бир ооз сөз", "Арстанбап", "Жалгыз аркар" ("Ак мүйүз"), "Саяпкер", "Шамбет" ж.б. чыгармалары аны эпикалык жана лиро-эпикалык поэма жазуунун чебери экенин көрсөткөн.
Балдар адабиятынын бараандуу өкүлү жана котормочулугу. Акын балдардын бөбөктөрдөн тартып өспүрүмдөргө чейинки бардык курагына арнап ырларды, жомокторду, поэмаларды жазып келди, ал чыгармаларынын бир тобу мектеп окуу китептерине, хрестоматияларына киргизилген. Андай китептери: "Хан жана Жуматай" жомогу (1940), "Жомоктор" (1941), "Жаштын тилеги" (1948), "Кон, кон, көпөлөк" (1970), "Ала-Тоо легендалары" (1985) ж.б. Котормо жагында да активдүү иштеп ливан акындарынын ырларын (1958), Николае Гильендин чыгармаларын (1964), 1987-жылы В.И.Далдын жомокторун ("Түлкү-чокой") кыргыз тилине которуп, китеп кылып чыгарган.
Толук бүтпөй калган "Үркүн" романы жана жеке сапаттары. 1989-жылы "Үркүн" аттуу автобиографиялык романынын үзүндүсү "Ала-Тоо" журналына жарыялаган, үзүндүсүнө караганда бул 1916-1918-жылдардын чындыгын реалдуу көрсөткөн масштабдуу жана көркөм да чыгарма болмок экен. Бирок негедир аягына жеткире албай калгансыйт. Токтомушев кыргыз адабиятында эң көп жыл иштеген (65 жылдай) жана эң көп китеп чыгарган, эң ар түрдүү темада ыр жазган автор. Өз өмүр баянын кыябына келтирип айтып берген оозеки сөз чебери (адабиятчы Аман Токтогулов, журналист Тенти Орокчиев менен кызыктуу маектери жазылып калган) болгон. Адабий басылмаларда көп жыл иштеп жүрсө да душман ашырбаган жумшак киши эле. Бала чагында дунган байларына жалынып иштегендиктенби, дунган тилин жакшы билгендиктенби, же түсү ошоштуктанбы, анын жазуучулар "дунган акын" деп коюшчу. Акын 1995-жылы 83 жашында дүйнөдөн кайткан.