https://sputnik.kg/20260930/1103984482.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-2-октябрда Беларустун Минск шаарына жумуш сапары менен барат. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей... 30.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-30T11:00+0600
2026-09-30T11:00+0600
2026-09-30T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1e/1103984315_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a24bc47e52cd8f42a8be36b0b257b1cb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-2-октябрда Беларустун Минск шаарына жумуш сапары менен барат. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышат. Анда соода-экономикалык жана башка тармактардагы кызматташтык маселелери талкууланат.Ошондой эле Касымалиев "Иннопром. Беларусь" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, "Өндүрүштүк-технологиялык кызматташтык: бири-бирин толуктоочу өнөктөштүк" аттуу пленардык сессияда сөз сүйлөйт.Жыйындарга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, байкоочу жана чакырылган өлкөлөрдүн делегация башчылары, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.
Кыргызстанда 5 миллиард сомдон кем эмес инвестиция салган инвесторлорго мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануу укугун күрөөгө коюп, насыя тартууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Министрлер кабинети демилгелеген токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, жердин өзү күрөөгө коюлбайт. Инвесторго белгилүү мөөнөткө берилген жерди пайдалануу, башкача айтканда, ижара укугу гана күрөө болот. Мындай мүмкүнчүлүк инвестициялык долбоорду ишке ашырууга керектүү карыздык каражаттарды тартуу үчүн гана колдонулмакчы. Инвестор жерди ижарага берген тиешелүү органдын жазуу жүзүндөгү макулдугун алышы керек. Айрым жерлерди күрөөгө коюуга болбойт. Алардын катарына токой жана суу фондунун, өзгөчө корголуучу аймактардын, коргонуу, улуттук коопсуздук жана чек ара аймактарынын жерлери кирет. Инвестор жерди күрөөгө койгону менен ижара акысын жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү улантат. Эгер кредиттик милдеттенмесин аткара албай калса, жердин өзү эмес, аны пайдалануу укугу ачык аукцион аркылуу сатылышы мүмкүн.
Россиядагы Чебаркуль полигонунда өтүп жаткан ЖККУнун биргелешкен машыгууларынын алкагында 29-сентябрда Кыргызстандын маданият күнү өттү.Коргоо министрлиги билдиргендей, иш-чарада машыгууга катышкан аскерлерге кыргыздын улуттук тамактары тартууланып, комуз баштаган улуттук музыкалык аспаптар көрсөтүлдү. Ошондой эле өнөрпоздор концерт тартуулап, анда "Манас" эпосунан үзүндү айтылып, кыргыз жоокерлери "Манастап" ураан чакырышты. Кыргызстандын маданият күнүндө өлкөнүн улуттук каада-салты, тамак-ашы жана маданий мурастары көрсөтүлдү. Негизги максаты машыгууга катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана улуттук баалуулуктарын тааныштыруу болду.
Дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира Кыргызстанга 18-октябрда келет. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, ырчы өнөрүн Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк турнесинин алкагында "Бишкек аренада" тартуулайт. "Бул Шакиранын Борбор Азиядагы биринчи концерти болот", — деп жазды Туманбаев. Билеттер 1-октябрда саат 9.00дөн тарта @gov.ticket сайтынан сатыла баштайт. Баасы 12 миңден 40 миң сомго чейин барары айтылды. Фан-зона — 40 миң сом, бий аянтчасы — 27 миң, Skybox — 30 миң сом. Отуруучу орундуктар 13,5 миңден 40 миң сомго чейин болот. Эң арзан билет — 12 миң сом. Бул — сахна жакшы көрүнбөгөн орундар. VIP-билеттер кийинчерээк чектелген санда сатылат. Алардын баасы азырынча жарыялана элек.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-2-октябрда Беларустун Минск шаарына жумуш сапары менен барат. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышат. Анда соода-экономикалык жана башка тармактардагы кызматташтык маселелери талкууланат.Ошондой эле Касымалиев "Иннопром. Беларусь" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, "Өндүрүштүк-технологиялык кызматташтык: бири-бирин толуктоочу өнөктөштүк" аттуу пленардык сессияда сөз сүйлөйт.Жыйындарга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, байкоочу жана чакырылган өлкөлөрдүн делегация башчылары, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.Кыргызстанда 5 миллиард сомдон кем эмес инвестиция салган инвесторлорго мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануу укугун күрөөгө коюп, насыя тартууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Министрлер кабинети демилгелеген токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, жердин өзү күрөөгө коюлбайт. Инвесторго белгилүү мөөнөткө берилген жерди пайдалануу, башкача айтканда, ижара укугу гана күрөө болот. Мындай мүмкүнчүлүк инвестициялык долбоорду ишке ашырууга керектүү карыздык каражаттарды тартуу үчүн гана колдонулмакчы. Инвестор жерди ижарага берген тиешелүү органдын жазуу жүзүндөгү макулдугун алышы керек. Айрым жерлерди күрөөгө коюуга болбойт. Алардын катарына токой жана суу фондунун, өзгөчө корголуучу аймактардын, коргонуу, улуттук коопсуздук жана чек ара аймактарынын жерлери кирет. Инвестор жерди күрөөгө койгону менен ижара акысын жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү улантат. Эгер кредиттик милдеттенмесин аткара албай калса, жердин өзү эмес, аны пайдалануу укугу ачык аукцион аркылуу сатылышы мүмкүн.Россиядагы Чебаркуль полигонунда өтүп жаткан ЖККУнун биргелешкен машыгууларынын алкагында 29-сентябрда Кыргызстандын маданият күнү өттү.Коргоо министрлиги билдиргендей, иш-чарада машыгууга катышкан аскерлерге кыргыздын улуттук тамактары тартууланып, комуз баштаган улуттук музыкалык аспаптар көрсөтүлдү. Ошондой эле өнөрпоздор концерт тартуулап, анда "Манас" эпосунан үзүндү айтылып, кыргыз жоокерлери "Манастап" ураан чакырышты. Кыргызстандын маданият күнүндө өлкөнүн улуттук каада-салты, тамак-ашы жана маданий мурастары көрсөтүлдү. Негизги максаты машыгууга катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана улуттук баалуулуктарын тааныштыруу болду. Дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира Кыргызстанга 18-октябрда келет. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, ырчы өнөрүн Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк турнесинин алкагында "Бишкек аренада" тартуулайт. "Бул Шакиранын Борбор Азиядагы биринчи концерти болот", — деп жазды Туманбаев. Билеттер 1-октябрда саат 9.00дөн тарта @gov.ticket сайтынан сатыла баштайт. Баасы 12 миңден 40 миң сомго чейин барары айтылды. Фан-зона — 40 миң сом, бий аянтчасы — 27 миң, Skybox — 30 миң сом. Отуруучу орундуктар 13,5 миңден 40 миң сомго чейин болот. Эң арзан билет — 12 миң сом. Бул — сахна жакшы көрүнбөгөн орундар. VIP-билеттер кийинчерээк чектелген санда сатылат. Алардын баасы азырынча жарыялана элек.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1e/1103984315_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_64b486b4f6da827c841e4f90e58b1861.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио