00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Что такое формационный подход — беседа о социологии
14:08
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Робот-хирург операция жасай баштады. Кыргызстан медицинасы жаңы технология босогосунда
15:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун календардык планын бекитти.Ага ылайык, талапкерлерди көрсөтүү 13-ноябрда аяктайт, акыркы каттоо 23-декабрь деп белгиленди. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 23-декабрдан 26-январга чейин уланат.Айрым категориядагы жарандар үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 26-январда өтөт. Ал эми негизги добуш берүү күнү — 27-январда, шайлоо тилкелери саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.БШК шайлоонун жыйынтыгын 2027-жылдын 17-февралына чейин чыгарышы керек.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россиядагы кыргызстандыктардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу ал Бишкекте Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова менен жолугушууда айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Өкмөт башчы Россияда көптөгөн кыргызстандыктар жашап эмгектенерин белгилеп, алардын миграциялык жана социалдык маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеген.Жолугушууда көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине киргизилген кыргызстандыктарга жардам берүү, миграциялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, кыргызстандыктардын балдарынын билим алуусун камсыз кылуу жана үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык-социалдык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.Өз кезегинде Яна Лантратова Россия менен Кыргызстандын адам укуктарын коргоо боюнча кызматташтыгын кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал жарандардын укугун коргоо боюнча Россия-Кыргыз борборун түзүү демилгеси көтөрүлгөнүн айтты.
Бишкекте КР эл артисти жана белгилүү диктор Тамара Жаманбаева акыркы сапарга узатылды. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов баштаган бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, замандаштары, кесиптештери, шакирттери жана жакындары катышты.Кыргыз телевидениясынын алгачкы дикторлорунун бири 28-сентябрда узакка созулган оорудан кийин каза болгон.
Катардын АКШ менен Иранды эпке келтирүү боюнча жакында эле жасаган ортомчулук аракетинен майнап чыккан жок. Бул тууралуу Axios өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды.Басылма буга тараптардын айтканынан кайтпаганы себеп болуп жатканын белгилеген. Мындай жагдайдан улам согуштук аракеттер кайра башталып кетет деген кооптонуу күч экени айтылды."Сүйлөшүүлөрдөн кабары бар үч киши Катардын аракети ишке ашпай калганын айтып берген. Тараптар койгон шарт-талабынан баш тартпай жатышат. Мындай туңгуюктуу абал согуштук аракеттерди жандантып жебириши толук ыктымал", — деп айтылат макалада.Порталдын маалыматы боюнча, америкалык аткаминерлер өлкө бийлиги шайлоолордун ортосундагы добуш берүү аяктагандан кийин ири согуштук операцияларды баштоо боюнча буйрук бериши мүмкүн экенин четке кагышкан эмес.Макалада арачы түшүп жаткан Катардын өкүлү Али аль-Тавади Иран ТИМинин башчысы Аббас Аракчи жана анын Нью-Йорктогу командасы менен жолугуп, эки жактын шарт-талабы эске алынган планды сунуштаган. Ошондой эле АКШ президентинин өкүлү Жаред Кушнер жана башка америкалык чиновниктер менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.Буга чейин АКШ лидери Дональд Трамп Вашингтон Тегеранга өзөктүк программасынан баш тарттыруу үчүн санкцияларды жумшартып, активдерди бошотууну сунуштаганы тууралуу кептерди четке каккан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0