https://sputnik.kg/20261001/1104010427.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга Россиянын Жогорку сотунун төрагасы баштаган ири делегация келди Биргелешкен жыйында Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары эки... 01.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-01T11:00+0600
2026-10-01T11:00+0600
2026-10-01T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/01/1104010261_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3c6aa3163d6a4674545b50337f168e6b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга Россиянын Жогорку сотунун төрагасы баштаган ири делегация келди Биргелешкен жыйында Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары эки өлкөнүн соттору ШКУ, ЕАЭБ жана КМШ алкагында кызматташып жатканын белгиледи. "Акыркы жылдары Россиядан Кыргызстанга мынчалык ири делегация биринчи жолу келди. Бул өлкөлөр ортосундагы мамилелердин жаңы этабына жол ачат", — деди Нурлан Мусаев. Ал киберкылмыштуулук өсүп жатканын айтып, мамлекеттер ага каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн биргелешкен чараларды иштеп чыгышы керектигин кошумчалады.
Бишкекте эки шахмат клубу ачылып, салтанаттуу иш-чарага россиялык даңазалуу гроссмейстер Сергей Карякин катышты Клубдар "Русский дом" менен КРСУда ачылды. Университеттеги Михаил Ботвинник атындагы клубдун ачылышында Карякин өлкөдө шахматты өнүктүрүүгө шарт түзүлүп жатканын белгиледи. "Бул жерде тажрыйбалуу машыктыруучулар, адистер менен үзгүлтүксүз сабактар өтүп турат. Жаш жылдыздарды, балким, гроссмейстерлерди, атүгүл келечектеги дүйнө чемпиондорун тарбиялап чыгарабыз деп үмүттөнөм", — деди россиялык шахматчы. Университеттин ректору Сергей Волков "Карякиндин өзүн да артта калтыра ала турган" шахматчылардын бир нече муунун өстүрүүгө үмүт артарын билдирди.
2027-жылдан тарта финансылык сабаттуулук бала бакчадан ЖОЖдорго чейин окутула баштайт 2027-2031-жылдары калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы сунушталды. Ага ылайык, финансылык билим берүү элементтерин бала бакчалардан тарта мектептердин, колледждердин жана жогорку окуу жайлардын программаларына киргизүү пландалууда. Балдарга жана студенттерге жеке бюджет түзүү, акча топтоо, насыяны жоопкерчиликтүү пайдалануу жана инвестициялоонун негиздери үйрөтүлөт. Мындан тышкары, калкка онлайн насыялардын жана криптоактивдердин тобокелдиктери, камсыздандыруу, санарип капчыктарды коопсуз пайдалануу, фишингди, дипфейкти жана финансылык пирамидаларды таануу боюнча маалымат берилери айтылган.
Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын жарым финалына чыкты Грек-рим күрөшү боюнча балбан 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда. Ал Түштүк Кореядан жана Түркмөнстандан келген эки атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңди. Дагы бир балбан Акжол Махмудов (77 кг чейин) биринчи айлампада олимпиада чемпиону Кусака Наого утулуп калды.
Зеленский менен өкмөтү Киевден чыгып, Украинанын батыш бөлүгүнө эвакуацияланышы мүмкүн Бул тууралуу британиялык саясат талдоочу Александр Меркурис боолгологон. Анын айтымында, Украинанын борборундагы азыркы кырдаал төбөлдөргө өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ал эми транспорттук тармак барган сайын кооптуу болуп баратат. “Эгер бул ишке ашса, Киев бош калат. Калктын басымдуу бөлүгү өкмөт менен бирге кетет го деп жатам”, — деген Меркурис. Зеленскийдин мурдагы басма сөз катчысы да Киевдин көпчүлүк тургундары калаадан чыгып кетип жатканын айткан. “Шаардагы жашоо күн сайын кооптуу болуп баратат”, — деп жазган Юлия Мендель соцбаракчасына.
АКШ президенти эми Вашингтондогу чиркейлер менен кенелерге согуш ачты Дональд Трамп Ички иштер министрлигине жана Айыл чарба министрлигине 2028-жылга чейин өлкөнүн борборундагы чиркейлердин айрым түрлөрүнүн санын 90%га кыскартууну тапшырды. Ал эми кенелерге бир аз ырайым кылып, алардын санын 50%га кыскартуу каралууда.
Кыргызстанга Россиянын Жогорку сотунун төрагасы баштаган ири делегация келди Биргелешкен жыйында Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары эки өлкөнүн соттору ШКУ, ЕАЭБ жана КМШ алкагында кызматташып жатканын белгиледи. "Акыркы жылдары Россиядан Кыргызстанга мынчалык ири делегация биринчи жолу келди. Бул өлкөлөр ортосундагы мамилелердин жаңы этабына жол ачат", — деди Нурлан Мусаев. Ал киберкылмыштуулук өсүп жатканын айтып, мамлекеттер ага каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн биргелешкен чараларды иштеп чыгышы керектигин кошумчалады. Бишкекте эки шахмат клубу ачылып, салтанаттуу иш-чарага россиялык даңазалуу гроссмейстер Сергей Карякин катышты Клубдар "Русский дом" менен КРСУда ачылды. Университеттеги Михаил Ботвинник атындагы клубдун ачылышында Карякин өлкөдө шахматты өнүктүрүүгө шарт түзүлүп жатканын белгиледи. "Бул жерде тажрыйбалуу машыктыруучулар, адистер менен үзгүлтүксүз сабактар өтүп турат. Жаш жылдыздарды, балким, гроссмейстерлерди, атүгүл келечектеги дүйнө чемпиондорун тарбиялап чыгарабыз деп үмүттөнөм", — деди россиялык шахматчы. Университеттин ректору Сергей Волков "Карякиндин өзүн да артта калтыра ала турган" шахматчылардын бир нече муунун өстүрүүгө үмүт артарын билдирди.2027-жылдан тарта финансылык сабаттуулук бала бакчадан ЖОЖдорго чейин окутула баштайт 2027-2031-жылдары калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы сунушталды. Ага ылайык, финансылык билим берүү элементтерин бала бакчалардан тарта мектептердин, колледждердин жана жогорку окуу жайлардын программаларына киргизүү пландалууда. Балдарга жана студенттерге жеке бюджет түзүү, акча топтоо, насыяны жоопкерчиликтүү пайдалануу жана инвестициялоонун негиздери үйрөтүлөт. Мындан тышкары, калкка онлайн насыялардын жана криптоактивдердин тобокелдиктери, камсыздандыруу, санарип капчыктарды коопсуз пайдалануу, фишингди, дипфейкти жана финансылык пирамидаларды таануу боюнча маалымат берилери айтылган. Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын жарым финалына чыкты Грек-рим күрөшү боюнча балбан 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда. Ал Түштүк Кореядан жана Түркмөнстандан келген эки атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңди. Дагы бир балбан Акжол Махмудов (77 кг чейин) биринчи айлампада олимпиада чемпиону Кусака Наого утулуп калды.Зеленский менен өкмөтү Киевден чыгып, Украинанын батыш бөлүгүнө эвакуацияланышы мүмкүн Бул тууралуу британиялык саясат талдоочу Александр Меркурис боолгологон. Анын айтымында, Украинанын борборундагы азыркы кырдаал төбөлдөргө өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ал эми транспорттук тармак барган сайын кооптуу болуп баратат. “Эгер бул ишке ашса, Киев бош калат. Калктын басымдуу бөлүгү өкмөт менен бирге кетет го деп жатам”, — деген Меркурис. Зеленскийдин мурдагы басма сөз катчысы да Киевдин көпчүлүк тургундары калаадан чыгып кетип жатканын айткан. “Шаардагы жашоо күн сайын кооптуу болуп баратат”, — деп жазган Юлия Мендель соцбаракчасына. АКШ президенти эми Вашингтондогу чиркейлер менен кенелерге согуш ачты Дональд Трамп Ички иштер министрлигине жана Айыл чарба министрлигине 2028-жылга чейин өлкөнүн борборундагы чиркейлердин айрым түрлөрүнүн санын 90%га кыскартууну тапшырды. Ал эми кенелерге бир аз ырайым кылып, алардын санын 50%га кыскартуу каралууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/01/1104010261_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a76205cf8037a12a84b3e2191c90f86c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио