https://sputnik.kg/20261001/1104019476.html
Тамчылатып сугаруу: өлкө Казакстан, Өзбекстандын компаниялары менен кызматташат

Sputnik Кыргызстан
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Мамлекеттик финансылык холдинг менен биргеликте дыйкан-фермерлерге сууну үнөмдөөчү сугат... 01.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-01T15:04+0600
2026-10-01T15:04+0600
2026-10-01T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/01/1104019306_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bc2726624c89f25b20e4d5680e6f0326.jpg
Тамчылатып сугаруу: өлкө Казакстан, Өзбекстандын компаниялары менен кызматташат
Sputnik Кыргызстан
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Мамлекеттик финансылык холдинг менен биргеликте дыйкан-фермерлерге сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын киргизүү багытындагы долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу “Ачык кеп” программасында аталган министрликтин Суу ресурстары кызматынын сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү секторунун башчысы Самарбек Табалдиев билдирди.Анын айтымында, долбоордун алкагында тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, сугат суусун үнөмдүү пайдаланууну каалаган дыйкандарга жылдык эки пайыз үстөк менен жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.“Насыяны тамчылатып сугаруу системаларын орнотууга, сугат суусун үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга, заманбап сугат технологияларын айыл чарбасына киргизүүгө, түшүмдүүлүктү жана айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн жогорулатуу максатында алса болот. Насыяны белгиленген талаптарга ылайык дыйкан-фермерлер, жеке жактар жана юридикалык жактар ала алышат. Министрлик айыл чарбасында сууну үнөмдөөчү заманбап технологияларды кеңири жайылтууну колдойт. Тамчылатып сугаруу — сууну сарамжалдуу пайдаланууга, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун арттырууга багытталган заманбап технологиялардын бири. Аталган багытты каржылоого 200 млн сом каралган. Насыя 7 жылга чейин берилет, ошондой эле 1 жылга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралган”,— деди Табалдиев.Ал эми “Кыргызсуу долбоор” ААКтын директорунун биринчи орун басары, башкы инженер Асираридин Кичибаев Казакстан жана Өзбекстандын компаниялары менен заманбап сугат системаларын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлганын билдирди.Анын айтымында, Алматыда "ADAMANT Inc." компаниясы менен тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын киргизүү, ошондой эле аларды Кыргызстандын климаттык жана гидрологиялык шарттарына ылайыкташтыруу маселелери талкууланды.“Ташкентте делегация бир катар компаниялардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана заманбап сугат системалары үчүн жабдууларды өндүрүү технологиялары менен таанышты. Жетишилген макулдашуулар Кыргызстанда суу үнөмдөөчү технологияларды практикалык негизде киргизүүгө, тажрыйба алмашууга жана заманбап сугат чечимдерин өлкөнүн шарттарына ылайыкташтырууга жол ачат ”,— деди Кичибаев.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/01/1104019306_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1427db858b095eb94a44b5cd2be35e6e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Тамчылатып сугаруу: өлкө Казакстан, Өзбекстандын компаниялары менен кызматташат
15:04 01.10.2026 (Жаңыртылды: 15:16 01.10.2026) Коноктор
Самарбек Табалдиев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү секторунун башчысыАсираридин Кичибаев, “Кыргызсуу долбоор” ААКтын директорунун биринчи орун басары, башкы инженер