00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Возраст — не ограничение: какие возможности для активной жизни есть у пожилых в Кыргызстане
16:08
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Россияны санкциялар солгундата алган жок: экономиканын туруктуулугунун сыры эмнеде?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Травля и буллинг: как защитить детей и предотвратить трагедии?
18:07
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик”: Кыргызстан өзүнүн уңгужолун таптыбы?
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
4 мин
Ачык кеп
Робот-хирург операция жасай баштады. Кыргызстан медицинасы жаңы технология босогосунда
21:06
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улгайган адамдардын эл аралык күнүн утурлай кылым карыта жашаган карыялардан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Социалдык фонддун маалыматы боюнча, учурда республикада 100 жаш жана андан жогорку курактагы 178 жаран жашайт. Анын 21и Бишкекте. Иш-чаранын алкагында Амангелдиев Кичикан Чолиева, Бурул Дүйшалиева жана Ефросинья Соколовадан кабар алып, узак жашоочуларга белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө улуу муун өкүлдөрүнүн өмүр жолу, алардын салымы, ошондой эле үй-бүлөлүк жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоодогу ролу тууралуу баарлашуу болду.
Бишкекте бир күндө коомдук транспорт катышкан үч жол кырсыгы катталып, автобустарда бара жаткан бир нече жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, үч кырсыктын тең видеолорунан жеңил унаалар автобустардын жолуна чыгып, кооптуу кырдаал жаратканын көрүүгө болот. Алгачкы кырсык Айтматов проспектинде болгон. Атайын тилке менен бара жаткан №9 автобустун алдынан Kia үлгүсүндөгү унаа өтүүгө аракет кылган. Кагылышуудан автобустагы жаш кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген. Экинчи кырсык Айтматов жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде №203 автобустун катышуусунда катталган. Кагылышуудан бир аял жана 21 жаштагы кыз жаракат алып, бейтапканага жеткирилген. Үчүнчү кырсык Чүй проспекти менен Жаш гвардия бульварынын кесилишинде болгон. №215 автобустун жолуна жеңил унаа чыга калып, кагылышкан. Автобустагы аял баласы экөө жабыркаган. Тез жардам текшергенден кийин жабыркагандар ооруканага баруудан баш тартышкан. Жол кырсыктары боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ош шаарындагы ири көчөлөрдүн бирине Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун ысымы берилет. Калаа башчысы Жанар Акаев анын сунушу шаардык кеңеште колдоо тапканын соцтармактагы баракчасына жазды. Ошондой эле Аношин көчөсүн коомдук ишмер Бегиш Аматовдун атына өзгөртүү сунушталды. Белгилей кетсек, дин аалымы, коомдук ишмер Чубак ажы Жалиловго май айында Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Көзү тирүү болгондо быйыл 51 жашка чыкмак.
Кыргызстанда токойлордун жалпы аянты 1993-жылга салыштырмалуу 506,3 миң гектарга көбөйүп, учурда 1 млн 273 миң гектарды түзөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдөгү Мамлекеттик токой фондунун жалпы аянты 2 млн 540 миң гектар. Анын ичинен 799,5 миң гектарын токой аянттары ээлейт. Учурда республикада токойлорду коргоо жана башкаруу иштерин 40 токой чарбасы, бир токой-аңчылык чарбасы жана токойлорду коргоо жана сактоо станциясы жүргүзөт. Кыргызстандын токойлору негизинен карагайлуу, арчалуу, жаңгак-мөмөлүү жана башка өсүмдүк зоналарына бөлүнөт. Алар өлкөнүн экологиялык тең салмактуулугун сактоодо, абанын сапатын жакшыртууда, суу процесстерин жөнгө салууда жана топуракты эрозиядан коргоодо маанилүү роль ойнойт. Министрлик жарандарды токойлорго аяр мамиле кылууга, айлана-чөйрөнү булгабоого жана токой байлыктарын коргоого чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0