00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
19:11
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Матрица предпринимательского потенциала — что за инструмент предлагает НИСИ?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
100 миң адамга бир нефролог: бөйрөк ооруларына каршы жаңы мамлекеттик программа бул маселени чечеби?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыздардын кеч турмушка чыгуусунун себеби: “күйөөгө тийбей туруп, күйөөдөн коркобуз”

Кыздардын кеч турмушка чыгуусунун себеби: “күйөөгө тийбей туруп, күйөөдөн коркобуз”
Жазылуу
Коноктор
Маматали Мурзаев, Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцентНуркыз Кадырбекова, үй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт, “Үй-бүлө” академиясынын директору
Кыздардын никеге болгон көз карашы, турмушка чыгуудан коркуунун себептери жана коомдук басым тууралуу “Көз мончок” уктуруусунда сөз болду. Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев жана үй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт, “Үй-бүлө” академиясынын директору Нуркыз Кадырбекова комментарий беришти.Кыздардын турмушка чыгуусу акыркы жылдары коомдо көп талкууланган темалардын бири. Айрым кыздар үй-бүлө курууну каалашса да, никеге шашылбай, алгач билим алып, кесипке ээ болуп, өз алдынча жашоону каалашат. Мындан тышкары, туура эмес адамга турмушка чыгып калуудан, эркиндигин жоготуудан жана үй-бүлөлүк жоопкерчиликтен корккондор да бар.Никеге болгон көз карашка социалдык тармактардагы үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу окуялар, ата-эненин үй-бүлөдөгү мамилеси жана коомдук басым да таасир этиши мүмкүн. “качан турмушка чыгасың?”, “убактың өтүп жатат” деген сөздөр айрым учурда кыздарга психологиялык басым жаратышы мүмкүн.Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаевдин айтымында “адамзаттын жашоосунда үй-бүлөнүн мааниси зор. Байыркы кыргыздар үй-бүлө курууга олуттуу мамиле жасап, жети атасына чейин сураштырып, анан гана чечим чыгарышкан. Үй-бүлөнүн бекемдиги уруунун, элдин сакталышынын негизи болгон. Совет доорунда жаңы баалуулуктар келип, сүйүү үй-бүлө курууда негизги критерийге айланган. Бирок кыргыздардагы сүйүү түшүнүгү европалыктардыкынан айырмаланып, адамдык улуу мамилеге негизделген. Бүгүнкү күндө сезимдердин өзгөрүшү үй-бүлөнүн бузулушуна да себеп болуп жатат”.Адам өзүнүн каалоосун түшүнүп, жеке чек арасын билиши, өнөктөшү менен каржы, бала тарбиясы, үй-бүлөлүк милдеттер жана келечек тууралуу маанилүү маселелерди алдын ала сүйлөшө алышы эң маанилүү.Үй-бүлө куруудан мурун кантип жар тандоо керек жана эмнелерге көңүл буруу зарыл? Бул тууралуу үй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт, Үй-бүлө академиясынын директору Нуркыз Кадырбекова буларга токтолду“Өмүрлүк жар тандоодо сезимге же акылга таянабыз. Бул жерде көп адамдар “өмүрлүк жарды сезим менен тандаш керек” же “акыл менен тандаш керек” деп талашышы мүмкүн. Бирок акыл менен сезим дайыма эриш-аркак жүрүшү керек. Сезимиңди туйуп, анан акылың менен ага анализ жүргүзүп, тандоо жасасаң, менимче, эң туура болот. “Сүйүп калдым” деп, сезимдин артынан эле ээрчип кетпеш керек. Алгач анын кандай адам экенине баам салып, алды-артыңды карап, бардык факторлорду эске алып, анан сезим менен, чын сүйүү менен турмуш жолуна аттанса болот”.Ошол эле учурда нике кыздын гана жоопкерчилиги эмес. Үй-бүлө куруу эки адамдын чечими. Андыктан коом жаштардын никеге даярдыгына, өз ара сый-урматка жана тең укуктуу мамилеге да көңүл бурушу маанилүү экенин адистер кошумчалашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0