https://sputnik.kg/20260531/zholdoshbek-zarlykbekov-tuuraluu-10-fakt-1101603262.html
Бир китеби жок керемет ырларды жазган Жолдошбек Зарлыкбеков тууралуу 10 факт
Бир китеби жок керемет ырларды жазган Жолдошбек Зарлыкбеков тууралуу 10 факт
Sputnik Кыргызстан
XX кылымдын 60-90-жылдарындагы калемгерлер жазган ырын гезит-журналдарга, "Кыргызстан маданиятына", "Ала-Тоого" чыгарып, анан алгачкы китебин басмага берип... 31.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-31T19:24+0600
2026-05-31T19:24+0600
2026-06-01T10:26+0600
кыргызстан
акын
чыгармачылык
жолдошбек зарлыкбеков
ыр
китеп
https://sputnik.kg/img/102515/08/1025150861_0:135:1331:884_1920x0_80_0_0_e0bed1a25d51a21dc6b4e93ac8de0f2e.jpg
Жаштардын таланттуулары, кээде жөн эле жолдуулары китеп артынан китеп чыгарып, акын аталышкан. Мына ошол жоон топ ыр жазгандардын катарында Жолдошбек Зарлыкбеков биринчи жыйнагын да, экинчи жыйнагын да, кийинки жыйнактарын да чыгара албай, бул дүйнө менен коштошуп кете берди. Анын себебин алдыда айтарбыз... Биз бүгүн мындан он жыл мурда 2016-жылдын 10-майында 58 жашында арабыздан бөлүнүп кеткен ошол Жолдошбек Зарлыкбеков тууралуу 10 факт сунуш кылабыз. Туулган жери жана ата теги. Туулган жери — Нарындагы Кочкор районунун Кара-Суу айылы. Туулган мезгили — 1959-жылдын 19-январы. Атасы Зарлыкбек зарыгып көргөн жалгыз бала болгон, уулдуу болгондо Зарлыкбекке жолдош болсун деп чоң аталары баланын атын Жолдошбек коюшат. Зарлыкбек чабан болгондуктан Жолдошбек көп мезгилин Кара-Кужур, Соң-Көл жайлоолорунда өткөргөн. Балдардын эң улуусу катары эрте жашынан атасына жардам берип кой артында жүргөн. Кара-Кужур акындарды өстүрө турган ажайып аймак: балыктуу суусу, булуттуу асманы, жайылып жүргөн топоздору менен жылкылары, сөзмөр, чечен аксакалдары менен ырчы байбичелери жана эптүү келиндери, Ак-Кыя, Лахол, Солтон-Сары, Кара-Саз сыяктуу керемет жайлоолору бар. Бирде ошол Кара-Кужурда жайлоолосо, бирде Соң-Көлдө болот. Жолдошбектин балалыгы ушундай жерде өттү. Ошол жайлоолор көөдөнүн тазалап, дилине ыр салды. Чоң ата жактан да, таята жактан да нарктуу сөзгө назар оодарган тукумдун урпагы болгон. Чоң энеси да угуттуу кепке кулагын ачкан экен. Эненин баласы болду, апасы тун уулу катары сары майын, этин, кымызын берип турган. Ошенте да өз апасына кыл келбей "жеңе" деп, атасын "байке" деп жүрүптүр. Анан мектепте окуп жүргөндө эле колго тийген гезит-журнал, китепти калтырбай окуп, 13-14 жашынан ак кагаз толтуруп ыр жаза койчу экен. Биринчи ыры 1973-жылы "Нарын правдасы" гезитине басылат. Кара-Сууда мектепте өзүнөн он жаштай улуу, кийин атактуу акын болгон, ал кездеги физик-математик мугалим Шербет Келдибекованын колунан окуйт. Талантын тааныткан "Кара-Кужур". Бул ырын 1975-жылы жазган экен. 1984-жылы "Кыргызстан маданияты" гезитине басылыптыр. Жазганда 16 жашта болобу, ошондо. Керемет ыр! Окуп көрөлү: "Асмандын бир тарабы жайдак калып, чаалыккан булуттун кербендери. Августтун күнү үргүлөп салмактанып, шылкыят боз адырдын эрмендери. Дарыя күмүш үнүн жашыралбай, аркайган арык жонун каржактатып, сай ылдый бүткөн боюн батыралбай, тынымсыз өзүн-өзү жатат ташып". Андан ары "Кыялай чайыр жолдо жалгыз аяк, ат барат көнүп бүткөн ак боз үйгө, кыраңда ак жоолукчан апам калат, муңайым сагынч катып көздөрүнө". Өзүнчө эле сүрөт! Ошол сүрөттө кичүү иниси "быйтыйган колун булгайт кубанычтуу". Чоң калаага кеткен уул "кат жазат: "…аман жеттим, силер кандай?" Кара-Кужур менен шаар ортосунда "булут ташып тынчсыз асман, ортодо суулар үнүн жашыралбай…" Бул ырын кийин студент чагында журналист болуучу достору далай жолу талкуулап, талашкан экен. Турмушка бышкан жигит. Орто мектепти бүткөндөн кийин аскерге чакыртылып, 1977-1979-жылдарда Советтик армиянын Германиядагы бөлүгүндө кызмат өтөйт. Ал кезде ким эле Европаны көрүптүр, ал көрдү, аскердик тартипти да, немис калкын да, өнүккөн шаарларды да көрдү. Ата мекендик согушта ата-бабалары басып өткөн жолдор менен өттү. Аскерден келери менен эле ага жумуш даяр болчу, 1979-жылы таягын алып чабан болуп кетти. Кийин Кочкор райондук ооруканасынын тез жардамын минди. Анан ырга ышкысы борборго жакындатып, борбор калаадагы айыл чарба машиналарын чыгаруучу Фрунзе атындагы заводго жумушчу болуп ишке кирди. Мына ушундай тагдыр аны жаш чагынан адамдар менен алакалаш болуу, адамдардын жашоосуна тереңирээк сүңгүп кирүү жагынан кыйла бышырды. Ар бир жумушунда эрмеги болгон ырларын жаза берди. Акын-жазуучулардын бешиги болгон университет. Жолдошбектин бактысы тоодой экен, ал кездеги башкы окуу жайыбыз болгон Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө 1981-жылы окууга кирген. Ал жердеги филология, журналистика сыяктуу факультеттерде окугандардын ичинен экинин бири же жазуучу, же акын, же сынчы болуп чыгышкан. 1-курстан эле биринен бири сөз талашып, биринен бири өтүп ыр окуп, кээ бир күнү студенттик аудиториялар же "Алтын бешик" атыккан жатакана "адабияттын кызуу майданы" болуп жатып калчу. Жаш акындардын "Алыкулдун ак боз ат" деген фестивалы өтүп турган, Жолдошбек Зарлыкбеков ошол фествалдын лауреаты аталган. Окуп жатып эле 1984-жылдан "Кыргызстан маданияты" жумалыгына корректор болуп жумушка орношот. Курсташы Кабыл Макешовдун мындай эскергени бар: "Жоке сабакта лекция жазбай, ыр жазып, кыялга батып, өз дүйнөсү менен болуп, эң арткы партада куркуйган башын катып, ыр дүйнөсү менен алек болуп отурчу эле. Же түнү менен китеп окуп, сабакка барбай, же китепканадан башы чыкпай, андан келатып, пивоканага чалынып, же бир вино көтөрүп келип Дүйшөн, Молдосалим болуп, аны бөлө тартып, кийинки курстагы балдарды кайра виного жумшап, аларды тамашалап, оозун басып күлүп калар эле. Ал тубаса маданияттуу, ак сөөк жан эле. Эл сыяктуу санын чаап, каткырып күлбөй, сыпайы оозун жаап, сүлкүлдөп күлүп калчу. Атайын куудулданбаса деле отурган жерде элдин боорун эзип, күлкүгө бөлөп салчу. Окуудан дайыма эки сабактан карызы болор эле..." Ал эки сабагы, көрсө, дене тарбия менен чет тили экен. Эки жолу окуудан чыгып кала жаздаган. Жолдошбек Зарлыкбеков бала күнүнөн эле китеп жыйноочу экен. "Китеп уурдаган уурулук эмес" деп коюшчу. Ошол ойдо В.И. Ленин атындагы борбордук китепканадан китеп кымырып алып, колго түшүп калат. Бул жоругу окуу жайына жетип, ал жердегилер намыстанып, окуудан айдамакчы болот. Бул эми чоң иш эмес да деп декан куткарып калган экен. Ошол декан Сансызбай Иманалиев дагы бир жолу өз студенти тарап болот. Сансызбай агай бала кыял, ак көңүл, адамгерчиликтүү киши катары ошол жылдардагы студенттердин эсинде сакталып келет. Зарлыкбеков чет тилин окугусу келбейт экен, анын үстүнө тили да жакшы бурулбайт. Бул сабактан Калыйкан Абилова деген эжей окутчу экен, "айн, свайн, немис тилинин энесин урайын" деп коюп, анысы ошол эжейине жетип калат, каарданган мугалим деканга кирет да, анын окуудан айдалышын талап кылат. Сансызбай Иманалиев "айланайын Калыйкан, сен өзүң Германияны көрбөй туруп немис тилин окутуп жатпайсыңбы, а Зарлыкбеков Германияда аскердик кызмат өтөп келген. Билгенинен "айн, свайн..." деп жатат да, зачет коюп берип кой, стипендиядан куру калбасын байкуш бала" деп кайра студентин колдоп кеткенин курсташтары айтып жүрүшчү. Иштебеген гезити калбады. Теңтуштары ушундай дешчү. Ал өткөн кылымдын жыйырмадай, жаңы кылымдын ондой жылында "Кыргызстан маданияты" (1984-жылдан корректор; 1994-1995-жылдарда бөлүм башчы), "Ленинчил жаш" (кийинки "Жаштык жарчысы", 1986-жылдан кабарчы, бөлүм башчы), "Эркин-Тоо" (1992-жылдан бөлүм башчы), "Асаба" (кийинки "Агым", "Жаңы Агым", "Баягы Асаба", 1995-2005-жылдарда кабарчы, бөлүм башчы), "Бишкек таймс" (2005-2007-жылдарда бөлүм башчы), "Де-факто" (2007-2008-жылдарда баш редактор орун басары), "Аалам" (2009-2010-жылдарда бөлүм башчы) гезиттеринин баарында иштеп чыкты. Мен да "Асаба-Агым" гезитинде баяндамачы катары чогуу иштеп калдым. Кийинки сандарга эмне бересиңер деген пландоодо Жолдошбек Зарлыкбеков бир топ темаларды жаздырып салчу, баары зарыл, баары курч темалар, анан эле айрымдары даяр болбой калганда Мелис Эшимканов "ой, Жоке, кана макала" деп турчу. Жокеси башын тырманат, "кийинкиге жазайын, Меке" деп. Мелис редактор экөө далай жолу таарынышып, же редактор кетирип иет, же өзү кетип калат, бирок болбой эле кайра жумушка келип калган болот. Мелис Эшимкановду "Меке чал" деп койчу. Ошол Мелис редактор анын саясий-социалдык, куйкумдуу, аналитикалык макалаларына муктаж эле. Ал көп теманы жаза алган публицист эле. Баратбай Аракеев, Алым Токтомушев, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Мамат Сабыров, Төлөгөн Карыкеев, Аскер Сакыбаева, Абдувахап Мониев чыгарган ошол кездеги бул окумдуу гезиттин окумун арттырып турган дал ушул Жолдошбек Зарлыкбеков боло турган. Саясий курч макала, памфлет жазса, Асанов деген жашыруун ат менен чыгарчу. Мүнөзү. Бирөөгө катуу айтпаган, кагып-силкпеген, куулук-шумдугу жок, бир сырдуу жигит эле. Узун бойлуу, чап жаак, бир жаагы бир жаагынан кичирээк Жолдошбек акырын жанындагыларды күлдүрүп коюп, өзү тымызын бүлкүлдөп ичтен күлүп калчу. Айылдаш эжеси, эжекеси Шербет Келдибекованы жана анын жубайы Алым Токтомушевди жезде деп өзгөчө сыйлачу. Алар да колунда жок болсо да Жолдошбекке жакшы каралашчу, бир мыкты китеп тапса ортого коюп, кезектешип окуп, пикир алышып турчу. Бир тууган карындашы Алтынай менен көп сырдашчу дешет. Жалганчылык менен, эки жүздүүлүк менен келише алган эмес. Өзүнүн колунда басылмалар турса да, бүгүн жазганын бүгүн гезиттерге бастырууга мүмкүнчүлүгү болсо да андай кылбаптыр, чыгармачылыкка сараң болуптур да, жазганын жарыялоого шаша бербептир. Керемет саптары. Ар акындын таланты — элестүү, образдуу метафораларды, эпитеттерди, салыштырууларды тапкандыгында жана мурда айтылбаган ойлорду, сөз курулмаларын адабиятка кошкондугунда. Бул жагынан биз сөз кылып жаткан акын бир кыйла жолдуу. Анда айрым саптарына жай токтоп, назар салыңыз: "көгүндө күмүш канат булут шашып, төрүндө дүйүм чөбү тамыр жайып, жээгинде шамал дуулап, толкун ташып"; "төккөн ай нурун ундай. Көөшүйт кыштак"; "жылдыздар – жылдыз курттай шамалдагы"; "кырка тоо – кудум кырк төө үргүлөгөн, сан ойдун салбыратып чуудаларын"; "мобул шамал шарактаган шакардай, эмне кайнайт бутактарда миң үндөп"; "бели ийри отургучтар береги, көтөрдү эле кимдин семиз салмагын"; "мобул шаардын мүштөк ТЭЦи бургутуп, неге жай-кыш оозу – очок, мурду – көө"; "мобул Акүй сай-саясат былгытып, мобул Көкүй неге жай-кыш Чыр-Дөбө"; "калдык биз, караңгалгыр, калдык мына, кар жаабас, издер түшпөс бир уюлда"; "Ай кабагын бүркөп, мээлүүн жылмаят, наристедей сабыркаган сарыктан"; "иттер гана анда-санда күрсүлдөйт, абышканын жөтөлүндөй какшыган"; "капалантпа, жайыма кой, күзгү бак, жолу кайчы акыл менен жүрөктүн"; "кайсы айылда, кай жаздыктын астында, кыз курагың унут таштайт сөйкөсүн"; "Ай астынан айбалтадай күмүш жаак, учуп өттү уйкулуу бир агыш куш"; "кашыктагы кара суудай мөлтүрөп, көзүң күйөт көөрүк окшоп өрт үрөп, жаным сыздайт жарылбаган жарадай, ушул сүйүү акыр мени өлтүрөт"; "кош болгун, селки, кош болгун, кайрылбайм сага калтырам, шамалын кара Кочкордун, изимди жууган артыман"; "шамал болуп сапырып сылагым бар, жайган кундуз чачыңдын ар бир талын"; "көмөкөйдөн кургап чыккан үн болдум"; "өттү өмүр – жеңдей кыска, колдой узун, өттү өмүр – берер жообу кечеңдеген"; "бирде жигит – банкрот, бирде жигит – Жан Клод" ж.б. Котормолору. Жолдошбек Зарлыкбеков классикалык адабиятты көп окуган, атүгүл казып окуган. Немис акыны Генрих Гейненин "Үч асыл" деген ырын мындай которгон: Үч аялды сүйөрүм ак чынында Үчтү жазды маңдайыма жараткан. Эркек али эркек эмес ырымга Үчөөн жазбай өмүр кечип бараткан. Алгачкысы түшкө кирген керемет, Кыялымда кыл жукпаган асылзат. Экинчиси маган али келелек… Үчүнчүсү маңдайымда какылдап. Караңыз, гейнелик жөнөкөйлүк, жумшак юмор орду-ордунда турат, саптары элпек жана жугумдуу. Ал Леопольд Стаффтын "Бейкут кеч" деген ырын да сонун которгон. Райнер Рильке да сүйүктүү акыны болгон, бизди окусун деп аны да которду. Япон прозасынын классиги Рюноскэ Акутагаванын "Айныган адамдын турмушу" деген аңгемесин кыргызчалаган. Арманы. Жолдошбек Зарлыкбековдун чоң арманы — балалуу боло албаганы. Жеңижок акын сыяктуу туяксыз каламбы деген ой анын көп ырларынан сызык болуп сызылып, аралап өтөт. Анан "багы жокко дагы жок" дегендей, Москва көчөсүндөгү жашаган үйүн барымтага коюп, жакын эле тууганына акча алып берип, анысы төлөй албай калат да, тарттырып иет. Дагы бирөөлөр китебиңди чыгарып беребиз деп тил эмизип, аларга ишенип кыйла өмүрүн күүгүмдөтөт. Акыры буту ооруп таяк менен басып, жакшы дарыланбаганданбы, же оорусу ошондойбу, айтор, баспай калып, азап тартат. Жубайы Асия Каликееванын айтуусунда, анын көзү өткөндө, болжолу, үч томдой ыр жыйнагы, бир томдой прозалары жарык көрбөй калыптыр. Биринчи китебин "Жөө кеткен жол" деп атамакчы экен. Экинчисинин аты "Жүрөк менен кошо карыйт сагыныч" болмок экен. Айтуудан "Турар" басмасынын директору Тилек Мураталиев анын бир китебин чыгарып бермек болгон экен, эмнегедир даяр кол жазмасын алып барып бербептир. Балалуу болуп калармын деп коомдук унааларда түшүп калып, бирөөлөр кармагычтарга байлап койгон наристелердин түгөйсүз калган башмактарын, бут кийимдерин ырымдап үйүнө ала кетчү экен, эт желген жерден чүкө жыйнап жүрүптүр, аларын болочоктогу баласына атап бир нече баштык кылып чогултуп койгон экен. Ушундай трагедиясын жубайы Асияга чыгарчу эмес экен, башка бирөөгө үйлөнөм деп да айткан эмес окшойт... Ички кайгы-капасын ичкилик менен баскан кездери көбөйүп кетиптир. Мурда эле бир ырында жазып койгон экен: Табытыңа тактай тилди, Кабырыңа кирпич куйду – Сен өлгөндө жыргап күлдү, Сенден митаам, сенден кыйды... Ушундай... Ушундай тагдыр... Төшөк тартып жатып калып, 2016-жылы Улуу Жеңиш күнүнүн эртеси келбес жайга кете берди... Артында жарыяланбаган ырлары, аңгемелери, публицистикалары, өз доорунун диагнозун көрсөткөн журналисттик макалары жарыкка чыгар күнүн күтүп кала берди...
https://sputnik.kg/20260125/kaken-almazbekov-tuuraluu-kyzyktuu-faktylar-1099307432.html
https://sputnik.kg/20251026/alik-akimaliyev-tuuraluu-16-fakt-1097389466.html
https://sputnik.kg/20260426/mukhtar-shakhanovdu-eskergen-oylor-1100936030.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102515/08/1025150861_247:153:1331:966_1920x0_80_0_0_bc33d3132ee03856c8b72dfa84bae78e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
кыргызстан, акын, чыгармачылык, жолдошбек зарлыкбеков, ыр, китеп
кыргызстан, акын, чыгармачылык, жолдошбек зарлыкбеков, ыр, китеп
Жаштардын таланттуулары, кээде жөн эле жолдуулары китеп артынан китеп чыгарып, акын аталышкан. Мына ошол жоон топ ыр жазгандардын катарында Жолдошбек Зарлыкбеков биринчи жыйнагын да, экинчи жыйнагын да, кийинки жыйнактарын да чыгара албай, бул дүйнө менен коштошуп кете берди. Анын себебин алдыда айтарбыз... Биз бүгүн мындан он жыл мурда 2016-жылдын 10-майында 58 жашында арабыздан бөлүнүп кеткен ошол Жолдошбек Зарлыкбеков тууралуу 10 факт сунуш кылабыз.
Туулган жери жана ата теги. Туулган жери — Нарындагы Кочкор районунун Кара-Суу айылы. Туулган мезгили — 1959-жылдын 19-январы. Атасы Зарлыкбек зарыгып көргөн жалгыз бала болгон, уулдуу болгондо Зарлыкбекке жолдош болсун деп чоң аталары баланын атын Жолдошбек коюшат. Зарлыкбек чабан болгондуктан Жолдошбек көп мезгилин Кара-Кужур, Соң-Көл жайлоолорунда өткөргөн. Балдардын эң улуусу катары эрте жашынан атасына жардам берип кой артында жүргөн. Кара-Кужур акындарды өстүрө турган ажайып аймак: балыктуу суусу, булуттуу асманы, жайылып жүргөн топоздору менен жылкылары, сөзмөр, чечен аксакалдары менен ырчы байбичелери жана эптүү келиндери, Ак-Кыя, Лахол, Солтон-Сары, Кара-Саз сыяктуу керемет жайлоолору бар. Бирде ошол Кара-Кужурда жайлоолосо, бирде Соң-Көлдө болот. Жолдошбектин балалыгы ушундай жерде өттү. Ошол жайлоолор көөдөнүн тазалап, дилине ыр салды. Чоң ата жактан да, таята жактан да нарктуу сөзгө назар оодарган тукумдун урпагы болгон. Чоң энеси да угуттуу кепке кулагын ачкан экен. Эненин баласы болду, апасы тун уулу катары сары майын, этин, кымызын берип турган. Ошенте да өз апасына кыл келбей "жеңе" деп, атасын "байке" деп жүрүптүр. Анан мектепте окуп жүргөндө эле колго тийген гезит-журнал, китепти калтырбай окуп, 13-14 жашынан ак кагаз толтуруп ыр жаза койчу экен. Биринчи ыры 1973-жылы "Нарын правдасы" гезитине басылат. Кара-Сууда мектепте өзүнөн он жаштай улуу, кийин атактуу акын болгон, ал кездеги физик-математик мугалим Шербет Келдибекованын колунан окуйт.
Талантын тааныткан "Кара-Кужур". Бул ырын 1975-жылы жазган экен. 1984-жылы "Кыргызстан маданияты" гезитине басылыптыр. Жазганда 16 жашта болобу, ошондо. Керемет ыр! Окуп көрөлү:
"Асмандын бир тарабы жайдак калып,
чаалыккан булуттун кербендери.
Августтун күнү үргүлөп салмактанып,
шылкыят боз адырдын эрмендери.
Дарыя күмүш үнүн жашыралбай,
аркайган арык жонун каржактатып,
сай ылдый бүткөн боюн батыралбай,
тынымсыз өзүн-өзү жатат ташып".
Андан ары "Кыялай чайыр жолдо жалгыз аяк, ат барат көнүп бүткөн ак боз үйгө, кыраңда ак жоолукчан апам калат, муңайым сагынч катып көздөрүнө". Өзүнчө эле сүрөт! Ошол сүрөттө кичүү иниси "быйтыйган колун булгайт кубанычтуу". Чоң калаага кеткен уул "кат жазат: "…аман жеттим, силер кандай?" Кара-Кужур менен шаар ортосунда "булут ташып тынчсыз асман, ортодо суулар үнүн жашыралбай…" Бул ырын кийин студент чагында журналист болуучу достору далай жолу талкуулап, талашкан экен.
Турмушка бышкан жигит. Орто мектепти бүткөндөн кийин аскерге чакыртылып, 1977-1979-жылдарда Советтик армиянын Германиядагы бөлүгүндө кызмат өтөйт. Ал кезде ким эле Европаны көрүптүр, ал көрдү, аскердик тартипти да, немис калкын да, өнүккөн шаарларды да көрдү. Ата мекендик согушта ата-бабалары басып өткөн жолдор менен өттү. Аскерден келери менен эле ага жумуш даяр болчу, 1979-жылы таягын алып чабан болуп кетти. Кийин Кочкор райондук ооруканасынын тез жардамын минди. Анан ырга ышкысы борборго жакындатып, борбор калаадагы айыл чарба машиналарын чыгаруучу Фрунзе атындагы заводго жумушчу болуп ишке кирди. Мына ушундай тагдыр аны жаш чагынан адамдар менен алакалаш болуу, адамдардын жашоосуна тереңирээк сүңгүп кирүү жагынан кыйла бышырды. Ар бир жумушунда эрмеги болгон ырларын жаза берди.
Акын-жазуучулардын бешиги болгон университет. Жолдошбектин бактысы тоодой экен, ал кездеги башкы окуу жайыбыз болгон Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө 1981-жылы окууга кирген. Ал жердеги филология, журналистика сыяктуу факультеттерде окугандардын ичинен экинин бири же жазуучу, же акын, же сынчы болуп чыгышкан. 1-курстан эле биринен бири сөз талашып, биринен бири өтүп ыр окуп, кээ бир күнү студенттик аудиториялар же "Алтын бешик" атыккан жатакана "адабияттын кызуу майданы" болуп жатып калчу. Жаш акындардын "Алыкулдун ак боз ат" деген фестивалы өтүп турган, Жолдошбек Зарлыкбеков ошол фествалдын лауреаты аталган. Окуп жатып эле 1984-жылдан "Кыргызстан маданияты" жумалыгына корректор болуп жумушка орношот. Курсташы Кабыл Макешовдун мындай эскергени бар: "Жоке сабакта лекция жазбай, ыр жазып, кыялга батып, өз дүйнөсү менен болуп, эң арткы партада куркуйган башын катып, ыр дүйнөсү менен алек болуп отурчу эле. Же түнү менен китеп окуп, сабакка барбай, же китепканадан башы чыкпай, андан келатып, пивоканага чалынып, же бир вино көтөрүп келип Дүйшөн, Молдосалим болуп, аны бөлө тартып, кийинки курстагы балдарды кайра виного жумшап, аларды тамашалап, оозун басып күлүп калар эле. Ал тубаса маданияттуу, ак сөөк жан эле. Эл сыяктуу санын чаап, каткырып күлбөй, сыпайы оозун жаап, сүлкүлдөп күлүп калчу. Атайын куудулданбаса деле отурган жерде элдин боорун эзип, күлкүгө бөлөп салчу. Окуудан дайыма эки сабактан карызы болор эле..." Ал эки сабагы, көрсө, дене тарбия менен чет тили экен.
Эки жолу окуудан чыгып кала жаздаган. Жолдошбек Зарлыкбеков бала күнүнөн эле китеп жыйноочу экен. "Китеп уурдаган уурулук эмес" деп коюшчу. Ошол ойдо В.И. Ленин атындагы борбордук китепканадан китеп кымырып алып, колго түшүп калат. Бул жоругу окуу жайына жетип, ал жердегилер намыстанып, окуудан айдамакчы болот. Бул эми чоң иш эмес да деп декан куткарып калган экен. Ошол декан Сансызбай Иманалиев дагы бир жолу өз студенти тарап болот. Сансызбай агай бала кыял, ак көңүл, адамгерчиликтүү киши катары ошол жылдардагы студенттердин эсинде сакталып келет. Зарлыкбеков чет тилин окугусу келбейт экен, анын үстүнө тили да жакшы бурулбайт. Бул сабактан Калыйкан Абилова деген эжей окутчу экен, "айн, свайн, немис тилинин энесин урайын" деп коюп, анысы ошол эжейине жетип калат, каарданган мугалим деканга кирет да, анын окуудан айдалышын талап кылат. Сансызбай Иманалиев "айланайын Калыйкан, сен өзүң Германияны көрбөй туруп немис тилин окутуп жатпайсыңбы, а Зарлыкбеков Германияда аскердик кызмат өтөп келген. Билгенинен "айн, свайн..." деп жатат да, зачет коюп берип кой, стипендиядан куру калбасын байкуш бала" деп кайра студентин колдоп кеткенин курсташтары айтып жүрүшчү.
Иштебеген гезити калбады. Теңтуштары ушундай дешчү. Ал өткөн кылымдын жыйырмадай, жаңы кылымдын ондой жылында "Кыргызстан маданияты" (1984-жылдан корректор; 1994-1995-жылдарда бөлүм башчы), "Ленинчил жаш" (кийинки "Жаштык жарчысы", 1986-жылдан кабарчы, бөлүм башчы), "Эркин-Тоо" (1992-жылдан бөлүм башчы), "Асаба" (кийинки "Агым", "Жаңы Агым", "Баягы Асаба", 1995-2005-жылдарда кабарчы, бөлүм башчы), "Бишкек таймс" (2005-2007-жылдарда бөлүм башчы), "Де-факто" (2007-2008-жылдарда баш редактор орун басары), "Аалам" (2009-2010-жылдарда бөлүм башчы) гезиттеринин баарында иштеп чыкты. Мен да "Асаба-Агым" гезитинде баяндамачы катары чогуу иштеп калдым. Кийинки сандарга эмне бересиңер деген пландоодо Жолдошбек Зарлыкбеков бир топ темаларды жаздырып салчу, баары зарыл, баары курч темалар, анан эле айрымдары даяр болбой калганда Мелис Эшимканов "ой, Жоке, кана макала" деп турчу. Жокеси башын тырманат, "кийинкиге жазайын, Меке" деп. Мелис редактор экөө далай жолу таарынышып, же редактор кетирип иет, же өзү кетип калат, бирок болбой эле кайра жумушка келип калган болот. Мелис Эшимкановду "Меке чал" деп койчу. Ошол Мелис редактор анын саясий-социалдык, куйкумдуу, аналитикалык макалаларына муктаж эле. Ал көп теманы жаза алган публицист эле. Баратбай Аракеев, Алым Токтомушев, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Мамат Сабыров, Төлөгөн Карыкеев, Аскер Сакыбаева, Абдувахап Мониев чыгарган ошол кездеги бул окумдуу гезиттин окумун арттырып турган дал ушул Жолдошбек Зарлыкбеков боло турган. Саясий курч макала, памфлет жазса, Асанов деген жашыруун ат менен чыгарчу.

26 Тогуздун айы 2025, 17:09
Мүнөзү. Бирөөгө катуу айтпаган, кагып-силкпеген, куулук-шумдугу жок, бир сырдуу жигит эле. Узун бойлуу, чап жаак, бир жаагы бир жаагынан кичирээк Жолдошбек акырын жанындагыларды күлдүрүп коюп, өзү тымызын бүлкүлдөп ичтен күлүп калчу. Айылдаш эжеси, эжекеси Шербет Келдибекованы жана анын жубайы Алым Токтомушевди жезде деп өзгөчө сыйлачу. Алар да колунда жок болсо да Жолдошбекке жакшы каралашчу, бир мыкты китеп тапса ортого коюп, кезектешип окуп, пикир алышып турчу. Бир тууган карындашы Алтынай менен көп сырдашчу дешет. Жалганчылык менен, эки жүздүүлүк менен келише алган эмес. Өзүнүн колунда басылмалар турса да, бүгүн жазганын бүгүн гезиттерге бастырууга мүмкүнчүлүгү болсо да андай кылбаптыр, чыгармачылыкка сараң болуптур да, жазганын жарыялоого шаша бербептир.
Керемет саптары. Ар акындын таланты — элестүү, образдуу метафораларды, эпитеттерди, салыштырууларды тапкандыгында жана мурда айтылбаган ойлорду, сөз курулмаларын адабиятка кошкондугунда. Бул жагынан биз сөз кылып жаткан акын бир кыйла жолдуу. Анда айрым саптарына жай токтоп, назар салыңыз: "көгүндө күмүш канат булут шашып, төрүндө дүйүм чөбү тамыр жайып, жээгинде шамал дуулап, толкун ташып"; "төккөн ай нурун ундай. Көөшүйт кыштак"; "жылдыздар – жылдыз курттай шамалдагы"; "кырка тоо – кудум кырк төө үргүлөгөн, сан ойдун салбыратып чуудаларын"; "мобул шамал шарактаган шакардай, эмне кайнайт бутактарда миң үндөп"; "бели ийри отургучтар береги, көтөрдү эле кимдин семиз салмагын"; "мобул шаардын мүштөк ТЭЦи бургутуп, неге жай-кыш оозу – очок, мурду – көө"; "мобул Акүй сай-саясат былгытып, мобул Көкүй неге жай-кыш Чыр-Дөбө"; "калдык биз, караңгалгыр, калдык мына, кар жаабас, издер түшпөс бир уюлда"; "Ай кабагын бүркөп, мээлүүн жылмаят, наристедей сабыркаган сарыктан"; "иттер гана анда-санда күрсүлдөйт, абышканын жөтөлүндөй какшыган"; "капалантпа, жайыма кой, күзгү бак, жолу кайчы акыл менен жүрөктүн"; "кайсы айылда, кай жаздыктын астында, кыз курагың унут таштайт сөйкөсүн"; "Ай астынан айбалтадай күмүш жаак, учуп өттү уйкулуу бир агыш куш"; "кашыктагы кара суудай мөлтүрөп, көзүң күйөт көөрүк окшоп өрт үрөп, жаным сыздайт жарылбаган жарадай, ушул сүйүү акыр мени өлтүрөт"; "кош болгун, селки, кош болгун, кайрылбайм сага калтырам, шамалын кара Кочкордун, изимди жууган артыман"; "шамал болуп сапырып сылагым бар, жайган кундуз чачыңдын ар бир талын"; "көмөкөйдөн кургап чыккан үн болдум"; "өттү өмүр – жеңдей кыска, колдой узун, өттү өмүр – берер жообу кечеңдеген"; "бирде жигит – банкрот, бирде жигит – Жан Клод" ж.б.
Котормолору. Жолдошбек Зарлыкбеков классикалык адабиятты көп окуган, атүгүл казып окуган. Немис акыны Генрих Гейненин "Үч асыл" деген ырын мындай которгон:
Үч аялды сүйөрүм ак чынында
Үчтү жазды маңдайыма жараткан.
Эркек али эркек эмес ырымга
Үчөөн жазбай өмүр кечип бараткан.
Алгачкысы түшкө кирген керемет,
Кыялымда кыл жукпаган асылзат.
Экинчиси маган али келелек…
Үчүнчүсү маңдайымда какылдап.
Караңыз, гейнелик жөнөкөйлүк, жумшак юмор орду-ордунда турат, саптары элпек жана жугумдуу. Ал Леопольд Стаффтын "Бейкут кеч" деген ырын да сонун которгон. Райнер Рильке да сүйүктүү акыны болгон, бизди окусун деп аны да которду. Япон прозасынын классиги Рюноскэ Акутагаванын "Айныган адамдын турмушу" деген аңгемесин кыргызчалаган.
Арманы. Жолдошбек Зарлыкбековдун чоң арманы — балалуу боло албаганы. Жеңижок акын сыяктуу туяксыз каламбы деген ой анын көп ырларынан сызык болуп сызылып, аралап өтөт. Анан "багы жокко дагы жок" дегендей, Москва көчөсүндөгү жашаган үйүн барымтага коюп, жакын эле тууганына акча алып берип, анысы төлөй албай калат да, тарттырып иет. Дагы бирөөлөр китебиңди чыгарып беребиз деп тил эмизип, аларга ишенип кыйла өмүрүн күүгүмдөтөт. Акыры буту ооруп таяк менен басып, жакшы дарыланбаганданбы, же оорусу ошондойбу, айтор, баспай калып, азап тартат. Жубайы Асия Каликееванын айтуусунда, анын көзү өткөндө, болжолу, үч томдой ыр жыйнагы, бир томдой прозалары жарык көрбөй калыптыр. Биринчи китебин "Жөө кеткен жол" деп атамакчы экен. Экинчисинин аты "Жүрөк менен кошо карыйт сагыныч" болмок экен. Айтуудан "Турар" басмасынын директору Тилек Мураталиев анын бир китебин чыгарып бермек болгон экен, эмнегедир даяр кол жазмасын алып барып бербептир. Балалуу болуп калармын деп коомдук унааларда түшүп калып, бирөөлөр кармагычтарга байлап койгон наристелердин түгөйсүз калган башмактарын, бут кийимдерин ырымдап үйүнө ала кетчү экен, эт желген жерден чүкө жыйнап жүрүптүр, аларын болочоктогу баласына атап бир нече баштык кылып чогултуп койгон экен. Ушундай трагедиясын жубайы Асияга чыгарчу эмес экен, башка бирөөгө үйлөнөм деп да айткан эмес окшойт... Ички кайгы-капасын ичкилик менен баскан кездери көбөйүп кетиптир. Мурда эле бир ырында жазып койгон экен:
Сен өлгөндө жыргап күлдү,
Сенден митаам, сенден кыйды...
Ушундай... Ушундай тагдыр... Төшөк тартып жатып калып, 2016-жылы Улуу Жеңиш күнүнүн эртеси келбес жайга кете берди... Артында жарыяланбаган ырлары, аңгемелери, публицистикалары, өз доорунун диагнозун көрсөткөн журналисттик макалары жарыкка чыгар күнүн күтүп кала берди...