00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Когда усталость — не норма: как отличить выгорание от болезни
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
11 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Фантастиканы өнүктүрмөк... Өмүрү кыска жазуучу Беганас Сартов жөнүндө 13 факт

© Фото / из личного архива Сабиды СартовойФантаст жазуучусу, акын Беганас Сартов. Архив
Фантаст жазуучусу, акын Беганас Сартов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2025
Жазылуу
Дүйнөлүк адабияттын тарыхында эң көп жазылган жана эң көп окулган чыгармалар фантастика, илимий фантастика, фэнтези жанрларында болуп, андай китептер миллиондоп чыгат, окуя-сюжеттери окурмандардын эң көп катмарын өзүнө тартып, арбап алат. Кыргыз жазуучулары дээрлик кайрылбаган, улуттук сөз өнөрүндө жокко эсе болгон мындай чыгармаларды жазууну өткөн кылымдын 70-жылдарында 20га жаңы чыккан Беганас Сартов колго алып, мыкты эмгектерин жазганы менен аны адабий коомчулук колдоп кетпеди, өзүнүн да өмүрү кыска экен, 33 жашында каза болуп, бул жанр ушу күнгө чейин томсоруп жетим калды.
Бүгүн биз фантастика жанрында активдүү иштей баштап, мыкты ырларды жазган, "Тоо жылдызы" аттуу адабий ийрим уюштуруп таланттуу жаштарды тарбиялоого салым кошкон Беганас Сартов тууралуу 13 факт сунуш кылабыз.
Теги жана туулган жери. Атасы Нарындагы Жумгалдын Кызартынан болуп, жубайы, Беганастын апасы Чүйдөгү Москва районунун (азыркы Жайыл) Чечерин деген айылынын кызы эле. Беганас мына ошол тай журтунда 1945-жылдын 15-августунда туулган. Чамасы бул үй-бүлө согуш жылдарында тоо жактарда жашоо кыйындап Сары-Өзөнгө жан багуу үчүн келген сыяктанат. Кызартта, Суусамырда, Соң-Көлдө мал артынан жүрүп, балалыгы тоо койнунда өтөт. Асманга жакын жашоо, төбөсүндөгү жаркырак жылдыздар, тоо романтикасы анын илимий фантастикалык чыгармаларды жазуусуна таасир эткен. Суусамырда кыргыздын алп адамы, балбан Кожомкул менен кошуна жашап, анын сөзүн уккан, таалим-тарбиясын алган. Атасы 12 жашынан намазга жыгылган, куран аяттарын окуган, орозо туткан такыба киши болгон.
Эч кимде жолукпаган ысымдын сыры. Беганас деген ат мурда-кийин көп жолукпаган адам аты эмеспи. Бала төрөлүп, ат коюлуп жатканда токсондорго таяп калган, сталиндик депортациядан айдалып келген чеченби, карачайбы, бир аял үйгө баш багып, ата-энесинен уруксат сурап, "балага мен ат коюп берейин" дептир. Отургандар макул болуп, ал эч кимдин оюна келбеген Беганас деген ысымды сунуштаптыр. Байбиченин жашын сыйлап анча-мынчасы каршы болсо да көбү макул көрөт. Байбиче "Беганас — асмандагы эң жарык жаркырак жылдыздын аты" дептир. Ырас эле, ошол аял бизден 25 жарык жыл алыстыктагы Вега-Нас топ жылдызын айткан экен, анан да кемпирдин көзү ачык белем, "кудай буюрса, бул бала эр жеткенде асман тууралуу, асмандагы жылдыздар тууралуу жазып, ааламга таанылат" деп кошумчалаптыр.
Студенттик жылдары. Алгачкы жумуштары. Китептерде, интернет-булактарда Беганас Сартовдун 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөндүгү жазылып келет. Бул, албетте, туура эмес, авторлор бири-биринен көчүрө берген. Буга ишенсек, туулгандан жети жылдан кийин эле жогорку окуу жайын бүтүп калып атпайбы. Бул жылы 1-класска кирген болушу керек да, мектепти 1961-жылы аяктаган болуп чыгат. Ошол мектеп жылдарында эле чыгармачылыгын баштап, бир жылдык стаждан соң университетке киргенден кийин жазуу ишин активдүү улантып, "Марска саякат", "Космонавт" деген фантастикалык аңгемелери балдар басылмаларында ("Кыргызстан пионери") жарык көрөт. Кыргыз адабиятына "кызык жазуучу" келгенин байкаган улуу муун аны адегенде Кыргыз телерадио комитетине режиссёрдун жардамчысы (режиссёр Дооронбек Садырбаев эле) кылып алып, анан маданият үйлөрүнө, элдик театрларга интермедияларды, пьесаларды, ырларды тандап берүүчү кесипке – Эл чыгармачылык үйүнө методист кызматына которушат. Дүйнөлүк фантаст-жазуучулардын чыгармаларын берилип окуп, ушул жанрда жаза баштаган, өзү теңдүү өзбек жазуучусу Тахир Малик (кийин "Шайтанат" романы жана анын негизинде тартылган фильм менен Өзбекстанда өтө популярдуу болгон), казак калемгери, кийин казак фантастикасынын теориясы жана тарыхы боюнча илим доктору болгон Абул-Хамид Мархабаев, өзүнөн эки жашка кичүү, анан соң көптөгөн сыйлыктарга арзыган ленинграддык жаш фантаст Андрей Балабуха менен кат жазышып, байланыш түзөт.
© Фото / из личного архива Сабиды СартовойФантаст жазуучусу, акын Беганас Сартов жаш кезинде
Кыргызский писатель-фантаст, поэт Беганас Сартов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2025
Фантаст жазуучусу, акын Беганас Сартов жаш кезинде
"Ярмаркадагы" жер тамы. Шаарда каттоосу жок жаштарды уюштуруп, "жер басып алуучулардын" башчысы ушул Беганас болду. Бул кылыгы үчүн аны абак күтүп турган, бирок тобокел кылды. Бишкектин азыркы "Орто-Сай" базарынын маңдайынан окууну жаңы бүтүп, айылга кеткиси келбеген, көбүнчө "чымындуу" жаштар өз колдору менен биринин үйү бирине жабышып турган жер тамдарды салып алышкан. Бир адам араң баткан кууш көчөлөрү болор эле. Ошол жерден Кадыркул Даутов, Аман Токтогулов, Советбек Байгазиев, Омор Сооронов, анан да ушул Беганас Сартов сыяктуу кийин адабияттын алптары болгон жаштар үй алганча жашап келди. "Ден соолук" журналынын сүрөтчүсү Чоробек Абдраимов менен Беганас Сартов чакан тамды экиге бөлүп алган. Үйүнөн достору, туугандары үзүлчү эмес экен. Эң жакын досу, өңү-түсү да окшош, тагдыры татаал, таланттуу акын Табылды Муканов болчу дешет.
Беганастын "тоо жылдыздары". Анын эң чоң иштеринин бири – Фрунзе шаарында, Ленин заводунун маданият үйүнүн астында адабий ийрим ачышы. "Тоо жылдызы" деп аталган бул ийрим өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы адабиятка шыктуу жаштарга жол көрсөткөн, кыргыз адабиятынын таланттарынын көбү ушул Беганас жетекчилик кылган ийримде тапталган. Талкууларга катышуу үчүн алыскы айылдардан да кызыгып келишчү экен. Кээ күнү кырчылдашкан талаш-тартыштар түн жарымга чейин уланып кетчү дешет. Гезитте, басмада иштеген кезинде ошол ийрим мүчөлөрүнүн далайларынын чыгармаларын басып берип, тушоосун кесип жүрүптүр. Жалпы ийрим секцияларга бөлүнүп, катышуучулар 30-40ка жетчү экен, ар кандай кол жазмаларды, жаңы эле чыккан китептерди кырчылдашып талкуулашчу экен. Анын активдүү мүчөлөрү: Асан Жакшылыков, Сталбек Бактыгулов, Айгүл Узакова, Советбек Байгазиев, Алым Токтомушов, Шербет Келдибекова, Азада Бегимкулова ж.б. таланттуу жаштар болуптур.
Космонавт менен жолуккан. 1976-жылы Москва шаарында өткөн фантаст жазуучуларынын бүткүл союздук I семинарына катышып, ошол жактан көргөнүн өз ишинде пайдаланган. Ошол иш-чарада учкуч-космонавт Георгий Гречко менен кезигип, анын кызыктуу баяндарын уккан. Гречко жөн эле космонавт эмес, илимдин доктору, көптөгөн илимий жана адабий китептердин автору болгон. Жаш жазуучуга бул кишинин аңгемелери сөзсүз таасир эткен.
Саламатсыңбы, фантастика! Кыргыз адабиятында алгачкы фантастикалардын автору Кусейин Эсенкожоев болгон. Ал 20га толо элек кезинде XX кылымдын 30-жылдарынын соңунда жазган "Саякатчы бала", "Үчүнчү шар", "Родинанын уулу" деген чыгармалары балдар үчүн өз-өзүнчө китеп болуп чыккан. Бул чыгармалар илимий фантастиканын талабына толук жооп бере элек болчу, ал эми жаш офицер Эсенкожоев 24 жашында согушта каза болуп, чыгармачылыгы уланбай калды. Кийинки илимий фантастиканын элементтери бар чыгарма Касымалы Жантөшевдин "Ашуу ашкан суу" (1955) повести болду. Бирок бул да толук илимий фантастика эмес эле. Жанрдын талабы сакталган чыгармаларды профессионалдык деңгээлде ушул Беганас Сартов гана жаза баштады. Анын 70-жылдарда жарыяланган "Жылдыздар балладасы" (1971), "Ааламда адашкандар" (1974) деген алгачкы эки китеби, биринчиден, фантастиканы сүйүүчүлөр үчүн көктөн издегени жерден табылгандай болду. Экинчиден, илимий фантастиканы кыргыз тилинде да жазууга боло тургандыгын далилдеди.
"Мамыры гүлдөгөн маалда". Бул — жазуучунун 1978-жылы чыккан китеби. Автор ушул китебинин чыкканын көрбөй, кезегинде колдон-колго өтүп окулганын билбей калды. Анын айрым жерлери кандайдыр бир даражада өз турмушунан алынгандай. Баш каарман жаш акын Мелис кой кайтарып жүргөн эле тоолук бир жигит. Ал кокусунан эле адабий ийримге келет да, ал жерден көзү Рена деген кызга түшүп калат. Кызга сүйүүсүн билдирүү үчүн тоолордун адам жетпес жерлеринде өсүүчү мамыры (эдельвейс) гүлүн терип алмак болот. Мына ошол жерден реалдуу сюжет-окуялардын ордуна фантастика келет. Гүлдү аларда бирөө пайда болот, ал башка галактикадан келген гуманоид экен. Аны менен таанышканда атын Силим дейт, ошол Мелистин көчүрмөсү болгон гуманоиддин айтуусу боюнча, кыргыз тоолорунда өскөн мамыры алардын галактикасында аябай дары экен, ошого аны үзүүгө каршы болуптур. Думана сыяктуу кийинип жүргөн Силим мамыры гүлүн изилдеп, коргоп жүргөн экен. Бул чыгармадан автордун табыпчылык, дары чөптөр тууралуу кеңири маалыматы бар экенин көрөбүз.
Китептер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2025
Москвада Айтматов менен окуган, кийин тагдыры бузулган Үмөталиев жөнүндө 11 факт
Жазуучунун башка фантастикалык чыгармалары. Жазуучу "Парадокс", "Роботтун туулган күнү", "Эксперимент", "Адам жана робот", "Он үчүнчү толкун", "Чакырык", "Белгисиз планетадан кат", "Алдыда Арктика", "Космонавт", "Жылдыздар балладасы", "Ааламда адашкандар", "Мамыры гүлдөгөн маалда", "Эридиана", "Күн тийбес тоолордун сыры" сыяктуу фантастикалык повесть, аңгемелерин биринин артынан бирин жазды. Ал космогония, робототехника, коммуникациялык технологиялар, авиатехника ж.б. илим тармактары тууралуу адабияттар менен тереңден таанышкан. Окумуштуулардын дискуссияларын окуп турган, азыр эми бизге реалдуу чындык болгон ар кандай маалымат таратуу каражаттарын (мобилдик телефон, скайп), учуучу аппараттарды, дрондорду ж.б. заманбап техникаларды ал мындан жарым кылым мурда эле билген сыяктанат. Фаэтон планетасынын кыйроо себеби тууралуу дидактикалык-философиялык ой жүгүртүүсү өзүнчө кызык чечмелеген. Анын фантастикаларында тоо (кыргыз тоолору) өзүнчө образ болуп катышат (каармандары тоодон космоско көтөрүлөт), бул да өзүнүн бийикте – тоодо өскөндүгүнөнбү дейсиң. Кайсы гана чыгармасында болбосун кадимки реалдуу биз жашаган дүйнө менен фантастикалык, биз жете албаган дүйнөнү жазуучулук таланты менен байланыштырып берет. Чыгармаларында каармандарынын бири Жер планетасынын адамдары болсо, бири башка планетанын же башка галактиканын жашоочулары болуп, алардын биримдикте жашоо үчүн аракеттери башкы идеяны түзөт. "Эридиана" деген чыгармада Жерде жашаган Жоомарт менен фаэтондук биоробот кыз Эридиананын кызыктуу окуялары чагылдырылат.
Чыгармачылыгынын башка кырлары. Беганас Сартов жалаң эле фантастика жазган жок, анын лирикалык ырлары 1976-жылы чыккан "Маанай" жыйнагына, сатиралык ырлары, аңгемелери, интермедиялары 1987-жылы чыккан "Сары азезил" деген жыйнагына кирген.
Жеке мүнөзү, жүрүш-турушу, үй-бүлөсү. Ал тууралуу жакындан билгендер ак көңүл, жокко чөкпөгөн, барга көппөгөн, бирөөгө кылдай жамандык кылбаган жигит эле дешет. Тамашалап сүйлөгөндү жакшы билген, шайыр, тамашакөй, шар жүргөн, чечкиндүү, баатыр мүнөздүү болчу дешет. Узун бойлуу, ак жуумал, салабаттуу экен. Айылда да, шаарда да өзүнө жана туугандарына там сала койчу экен. Жубайы Алтын – казак кызы, 1965-жылы университеттин физика-математика факультетине кирип, экөө бир жылдан соң баш кошкон. Жашоо шартка байланыштуу экөө тең сырттан окууга которулат. Күйөөсү телевидениеге жумушка кирип үй-бүлөсүн багат. Биринчи уулуна Үрүстөм деген баатырдын ысымын коёт, экинчисин да Зулпукар деп атайт. Кыздары: Карлыгач, Назирабегим.
Карындаштары Сабида жана Шахсанэм. Ар бир жазуучунун ушундай карындаштары болсо дейсиң. Сабида бир тууган агасы жөнүндө макалаларды жазып, эскерүүлөрдү элге жеткирип, көзү өткөндөн кийин да китептерин түзүп, чуркап жүрүп жатындашын коомчулукка таанытып келет. Шахсанэм Сартова-Мюррей чет жерде жашайт, шотланд жигиттин жары. Беганастын бир тууган иниси Абакирдин (Баянастын) кызы. Бир жолу түшүндө Беганас агасы ага бир байрак берген экен. Ошондон кийин ал атасынан бир тууганы Беганас бейкесинин чыгармачылыгын үйрөнүүгө өзгөчө ынтаа коюп, чыгармаларын которуп, англис тилинде "When The Edelweiss Flowers Flourish" ("Мамыры гүлдөгөн маалда") деген китебин Единбургдан (Шотландия) чыгарды. Китептин таанытымы Лондондо, Бишкекте өттү. Азыр ал китеп орус, немец, түрк тилдерине которулуп жатат, дүйнөдөгү эң популярдуу Аmazon электрондук китепканасына да кирген.
Кызартта калган эстелик. Жазуучунун "Мамыры гүлдөгөн маалда" повестинин баш каарманы Мелис 33 жашында каза болот, өзү да ушул жаштан кооптонуп жүргөн экен. Айткандай эле туулган күнүнө алты күн калганда, 1978-жылы 9-август күнү, 33 жашында каза болот. Жумгалга иш сапары менен келип, Чаектин ооруканасында көз жумат. Аялынын айтуусуна караганда, 1-курста окуп жүргөндө сарык менен ооруган экен, дарыгерлер ошонусу боорун эзип салыптыр дешкен экен. Көргөндөрдүн айтымында, оозунан кан кетиптир. Сабида Сартова мындай эскерет: "Таңга маал үзүлсө керек. Апам да аяндуу киши эле, таңга маал түшүндө тээ алыстан чыңырган ачуу үн келип, терезени бир чаап узап кеткен болот. Дал ошол мүнөттөрдө байкемдин жаны чыркырап ааламдан узап бараткан маал болсо керек… Апам байкуш "кичинекей кезинде аман калып, эми баралына келгенде кете бербедиби" деп көз жашын төгүп, арман кылчу". Бир ырында "Кеттим мен, сага калтырдым жашоонун ырахатын, белгилүү ким экеним, мүрзөмө жазбайм атым" деген экен. Эстелиги Кызартка коюлуп, ага Айгүл Узакованын төрт сабы чегилди:
Караан тутуп өзүң сүйгөн тоолорду,
Айкөл жүрөк атың калар элиңде.
Ай аралап, бейитиңе нур төгөр,
Кызгалдактуу Кызартыңдын белинде…
Жылдыздуу асманды карап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2019
Жер — жүрөгүм, а жылдыздар — көз отум. Кыйырды кыдырып кеткен Беганас акын
Жаңылыктар түрмөгү
0