https://sputnik.kg/20260930/1104000839.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда президенттикке талапкерлигин койгон жаран шайлоо фондуна 1 миллион сом өлчөмүндө күрөө төгүүгө милдеттүү. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү... 30.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-30T19:00+0600
2026-09-30T19:00+0600
2026-09-30T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1e/1104000673_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_23b92db2caa636db1a02b261b074e9ea.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда президенттикке талапкерлигин койгон жаран шайлоо фондуна 1 миллион сом өлчөмүндө күрөө төгүүгө милдеттүү. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаев бул талап эмне үчүн киргизилгенин түшүндүрдү.Анын айтымында, талапкер документтерин тапшыруудан мурун шайлоо фондун түзүп, күрөө төгүшү керек."Бул — мыйзамдын талабы. 2026-жылы шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, талапкерлигин көрсөткөн жаран шайлоо фондунан 1 миллион сом күрөө төгүүгө милдеттүү. Төлөгөнүн ырастаган квитанциясыз документтер кабыл алынбайт, талапкер катталбайт. Бул норма шайлоо комиссиясынын иш жүгүн азайтуу үчүн керек", — деди ал Sputnik радиосунун эфиринде. Оторбаев буга чейинки президенттик шайлоолордо 30–50дөй адам талапкерлигин көрсөткөнүн эске салды."Айрымдар өзүн жарнамалоо үчүн гана катышчу. БШКнын аппараты бардык иштерди аткаргандан кийин алар күрөө төкпөгөнү үчүн четтетилчү. Ишти татаалдаштырбаш үчүн ушул кадамга бардык", — деп кошумчалады ал.
Кыргызстанда тигүү жана текстиль өндүрүшү менен алектенген, ошондой эле электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткан субъекттерди бирдиктүү салык төлөөдөн жана отчёт берүүдөн бошотуу сунушталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.Бакыт Сыдыков белгилегендей, “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталууда."Мыйзам долбоору салык мыйзамдарын өркүндөтүүгө, ишкердик субъекттерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана айрым суроолорду жөнгө салууга багытталган", - деди министр.
Кыргызстанда үнү өтө катуу чыккан унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда.Мыйзамга мындай өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов демилгеледи.Документте үндүн уруксат берилген чеги 96–100 децибел өлчөмүндө каралган. Ал эми нормадан ашып кеткендиги атайын өлчөө менен тастыкталышы шарт. Эгер эреже бузуу аныкталса, кемчилик жоюлганга чейин автоунааны пайдаланууга тыюу салынат.Үнү кайра жабдылган же өтө катуу чыккан автоунааны башкаргандарга — жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салуу сунушталууда.Ал эми түтүн чыгаруучу системаны мыйзамсыз алмаштырган же үндү күчөтүүчү жабдыктарды орноткон техникалык тейлөө станцияларына (СТО) жана ишкерлерге өзүнчө айып каралган. Жеке жактарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат.
Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль тагынды. Ал 67 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн беттеште кытайлык балбанды 5:1 эсебинде жеңди. Бейшекеев мелдешти чейрек финалда катарлык балбанды утуп баштаган. Ал эми жарым финалда атаандашына жеңилип, финалга чыга алган эмес.
Кыргызстанда президенттикке талапкерлигин койгон жаран шайлоо фондуна 1 миллион сом өлчөмүндө күрөө төгүүгө милдеттүү. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаев бул талап эмне үчүн киргизилгенин түшүндүрдү.Анын айтымында, талапкер документтерин тапшыруудан мурун шайлоо фондун түзүп, күрөө төгүшү керек."Бул — мыйзамдын талабы. 2026-жылы шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, талапкерлигин көрсөткөн жаран шайлоо фондунан 1 миллион сом күрөө төгүүгө милдеттүү. Төлөгөнүн ырастаган квитанциясыз документтер кабыл алынбайт, талапкер катталбайт. Бул норма шайлоо комиссиясынын иш жүгүн азайтуу үчүн керек", — деди ал Sputnik радиосунун эфиринде. Оторбаев буга чейинки президенттик шайлоолордо 30–50дөй адам талапкерлигин көрсөткөнүн эске салды."Айрымдар өзүн жарнамалоо үчүн гана катышчу. БШКнын аппараты бардык иштерди аткаргандан кийин алар күрөө төкпөгөнү үчүн четтетилчү. Ишти татаалдаштырбаш үчүн ушул кадамга бардык", — деп кошумчалады ал.Кыргызстанда тигүү жана текстиль өндүрүшү менен алектенген, ошондой эле электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткан субъекттерди бирдиктүү салык төлөөдөн жана отчёт берүүдөн бошотуу сунушталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.Бакыт Сыдыков белгилегендей, “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталууда."Мыйзам долбоору салык мыйзамдарын өркүндөтүүгө, ишкердик субъекттерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана айрым суроолорду жөнгө салууга багытталган", - деди министр.Кыргызстанда үнү өтө катуу чыккан унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда.Мыйзамга мындай өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов демилгеледи.Документте үндүн уруксат берилген чеги 96–100 децибел өлчөмүндө каралган. Ал эми нормадан ашып кеткендиги атайын өлчөө менен тастыкталышы шарт. Эгер эреже бузуу аныкталса, кемчилик жоюлганга чейин автоунааны пайдаланууга тыюу салынат.Үнү кайра жабдылган же өтө катуу чыккан автоунааны башкаргандарга — жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салуу сунушталууда.Ал эми түтүн чыгаруучу системаны мыйзамсыз алмаштырган же үндү күчөтүүчү жабдыктарды орноткон техникалык тейлөө станцияларына (СТО) жана ишкерлерге өзүнчө айып каралган. Жеке жактарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат.Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль тагынды. Ал 67 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн беттеште кытайлык балбанды 5:1 эсебинде жеңди. Бейшекеев мелдешти чейрек финалда катарлык балбанды утуп баштаган. Ал эми жарым финалда атаандашына жеңилип, финалга чыга алган эмес.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1e/1104000673_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_df1b4f01577bff8f29cb474560a8baec.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио