https://sputnik.kg/20261001/1104032459.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды Президентке ракета алып жүрүүчүлөрдү чогултуу, сыноого даярдоо жана космостук учууларды... 01.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-01T19:00+0600
2026-10-01T19:00+0600
2026-10-01T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/01/1104032293_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4be38c981044586813d79c6fb4d6c1ae.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды Президентке ракета алып жүрүүчүлөрдү чогултуу, сыноого даярдоо жана космостук учууларды башкаруу процесстери көрсөтүлдү. Жапаров Starlink спутниктеринин үч мууну жана системанын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маалымат алды. Кыргызстанда Starlink спутниктик интернети быйыл май айында пилоттук долбоор катары иштей баштаган. Кыргызстандын алгачкы улуттук спутнигин SpaceX компаниясынын ракета алып жүрүүчүсү менен орбитага чыгаруу 1-октябрга пландалган.
Россия жыл сайын кыргызстандык студенттерге бөлгөн 700 квотаны бир миңге жеткирели деп жатабыз. Бул тууралуу илим министри Гүлзат Исаматова биздин радиого билдирди. Анын айтымында, студенттерди иш менен камсыз кылуу маселеси дагы кылдат каралууда. “Азыр Кыргызстан менен Россия гидроэнергетика, тоо-кен, өндүрүш жааттарында биргелешкен ишканаларды ачып жатат. Мамлекеттик мекеме болобу же жеке компаниябы, жогорку курстарда окуп жаткан студенттердин ушундай ишканалар менен түз келишим түзүп, ал жактан практика өтүп, окууну бүткөндөн кийин 5 же андан көп жыл иштей турган варианттарды карап жатабыз. Максатыбыз — тактыктуу кадрларды даярдоо”, — деди министр.
Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖдору өндүрүшкө керектүү продукцияларды биргелешип чыгарышы керек. Бул тууралуу КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев Sputnik радиосуна билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн университеттери билим берүү жана илимий изилдөөлөр менен чектелбей, Кыргызстандагы ишканалардын муктаждыктарын чечүүгө катышуусу зарыл. Бул үчүн биргелешкен командаларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы уникалдуу өндүрүштү көбөйтүүгө 800 миң доллар бөлдү Аталган каражат Riberg Bauchemie компаниясынын жылуулук жана гидроизоляциялык, ошондой эле полимердик материалдарды чыгарууну кеңейтүүгө жумшалат. Долбоор ишке ашса, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 30 тоннадан 90 тоннага чейин көбөйөт. Негизги продукциялардын бири — пенополиуретан. Учурда мындай курулуш материалын чыгарган ишкана Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда да жок. Жаңы курулуп жаткан имараттын өндүрүш аянты 2500 чарчы метрден ашат. Долбоорго салынуучу жалпы инвестициянын көлөмү 1,4 миллион доллардан көп болот. Чыгарылган продукциянын 80%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот. Riberg Bauchemie Германиянын Штутгарт шаарындагы лаборатория менен кызматташып, продукциянын сапатын текшерүүдөн өткөрүп келет. Компания чыгарган материалдар Россияда сертификациядан өткөн.
Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды Президентке ракета алып жүрүүчүлөрдү чогултуу, сыноого даярдоо жана космостук учууларды башкаруу процесстери көрсөтүлдү. Жапаров Starlink спутниктеринин үч мууну жана системанын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маалымат алды. Кыргызстанда Starlink спутниктик интернети быйыл май айында пилоттук долбоор катары иштей баштаган. Кыргызстандын алгачкы улуттук спутнигин SpaceX компаниясынын ракета алып жүрүүчүсү менен орбитага чыгаруу 1-октябрга пландалган.Россия жыл сайын кыргызстандык студенттерге бөлгөн 700 квотаны бир миңге жеткирели деп жатабыз. Бул тууралуу илим министри Гүлзат Исаматова биздин радиого билдирди. Анын айтымында, студенттерди иш менен камсыз кылуу маселеси дагы кылдат каралууда. “Азыр Кыргызстан менен Россия гидроэнергетика, тоо-кен, өндүрүш жааттарында биргелешкен ишканаларды ачып жатат. Мамлекеттик мекеме болобу же жеке компаниябы, жогорку курстарда окуп жаткан студенттердин ушундай ишканалар менен түз келишим түзүп, ал жактан практика өтүп, окууну бүткөндөн кийин 5 же андан көп жыл иштей турган варианттарды карап жатабыз. Максатыбыз — тактыктуу кадрларды даярдоо”, — деди министр. Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖдору өндүрүшкө керектүү продукцияларды биргелешип чыгарышы керек. Бул тууралуу КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев Sputnik радиосуна билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн университеттери билим берүү жана илимий изилдөөлөр менен чектелбей, Кыргызстандагы ишканалардын муктаждыктарын чечүүгө катышуусу зарыл. Бул үчүн биргелешкен командаларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы уникалдуу өндүрүштү көбөйтүүгө 800 миң доллар бөлдү Аталган каражат Riberg Bauchemie компаниясынын жылуулук жана гидроизоляциялык, ошондой эле полимердик материалдарды чыгарууну кеңейтүүгө жумшалат. Долбоор ишке ашса, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 30 тоннадан 90 тоннага чейин көбөйөт. Негизги продукциялардын бири — пенополиуретан. Учурда мындай курулуш материалын чыгарган ишкана Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда да жок. Жаңы курулуп жаткан имараттын өндүрүш аянты 2500 чарчы метрден ашат. Долбоорго салынуучу жалпы инвестициянын көлөмү 1,4 миллион доллардан көп болот. Чыгарылган продукциянын 80%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот. Riberg Bauchemie Германиянын Штутгарт шаарындагы лаборатория менен кызматташып, продукциянын сапатын текшерүүдөн өткөрүп келет. Компания чыгарган материалдар Россияда сертификациядан өткөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/01/1104032293_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b1f746c2158bea290cd3a15a15c6c562.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио