https://sputnik.kg/20261001/1104004452.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун календардык планын бекитти.Ага ылайык, талапкерлерди көрсөтүү 13-ноябрда аяктайт, акыркы каттоо 23-декабрь... 01.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-01T08:59+0600
2026-10-01T08:59+0600
2026-10-01T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/01/1104004286_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3548e829d7952b8a4c7134e9a86e3cad.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун календардык планын бекитти.Ага ылайык, талапкерлерди көрсөтүү 13-ноябрда аяктайт, акыркы каттоо 23-декабрь деп белгиленди. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 23-декабрдан 26-январга чейин уланат. Айрым категориядагы жарандар үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 26-январда өтөт. Ал эми негизги добуш берүү күнү — 27-январда, шайлоо тилкелери саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.БШК шайлоонун жыйынтыгын 2027-жылдын 17-февралына чейин чыгарышы керек.
Кыргызстан менен Россия эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен борбор түзүүнү көздөп жатат. Бул демилге Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратованын жолугушуусунда талкууланды.Долбоорду эки өлкөнүн адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институттары ишке ашыра алат. Борбордун адистери укуктук жана психологиялык жактан колдоо көрсөтүп, документтерди даярдоого, ошондой эле мекендештер мамлекеттик органдарга жана сотторго кайрылганда алардын укуктарын коргоого көмөктөшүшөт.Борбордун ишинин негизги багыттары катары мекендештерди укуктук жактан коштоо жана укуктук агартуу иштери каралууда. Лантратова турмуштук оор кырдаалга кабылган мекендештерге гуманитардык жана кайрымдуулук жардамын алууга көмөк көрсөтүү дагы бир кошумча багыт боло аларын белгиледи.
Кыргызстанда 5 миллиард сомдон кем эмес инвестиция салган инвесторлорго мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануу укугун күрөөгө коюп, насыя тартууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Министрлер кабинети демилгелеген токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.Ага ылайык, жердин өзү күрөөгө коюлбайт. Инвесторго белгилүү мөөнөткө берилген жерди пайдалануу, башкача айтканда, ижара укугу гана күрөө болот. Мындай мүмкүнчүлүк инвестициялык долбоорду ишке ашырууга керектүү карыздык каражаттарды тартуу үчүн гана колдонулмакчы. Инвестор жерди ижарага берген тиешелүү органдын жазуу жүзүндөгү макулдугун алышы керек. Айрым жерлерди күрөөгө коюуга болбойт. Алардын катарына токой жана суу фондунун, өзгөчө корголуучу аймактардын, коргонуу, улуттук коопсуздук жана чек ара аймактарынын жерлери кирет.Инвестор жерди күрөөгө койгону менен ижара акысын жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү улантат. Эгер кредиттик милдеттенмесин аткара албай калса, жердин өзү эмес, аны пайдалануу укугу ачык аукцион аркылуу сатылышы мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун календардык планын бекитти.Ага ылайык, талапкерлерди көрсөтүү 13-ноябрда аяктайт, акыркы каттоо 23-декабрь деп белгиленди. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 23-декабрдан 26-январга чейин уланат. Айрым категориядагы жарандар үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 26-январда өтөт. Ал эми негизги добуш берүү күнү — 27-январда, шайлоо тилкелери саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.БШК шайлоонун жыйынтыгын 2027-жылдын 17-февралына чейин чыгарышы керек.Кыргызстан менен Россия эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен борбор түзүүнү көздөп жатат. Бул демилге Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратованын жолугушуусунда талкууланды.Долбоорду эки өлкөнүн адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институттары ишке ашыра алат. Борбордун адистери укуктук жана психологиялык жактан колдоо көрсөтүп, документтерди даярдоого, ошондой эле мекендештер мамлекеттик органдарга жана сотторго кайрылганда алардын укуктарын коргоого көмөктөшүшөт.Борбордун ишинин негизги багыттары катары мекендештерди укуктук жактан коштоо жана укуктук агартуу иштери каралууда. Лантратова турмуштук оор кырдаалга кабылган мекендештерге гуманитардык жана кайрымдуулук жардамын алууга көмөк көрсөтүү дагы бир кошумча багыт боло аларын белгиледи. Кыргызстанда 5 миллиард сомдон кем эмес инвестиция салган инвесторлорго мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануу укугун күрөөгө коюп, насыя тартууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Министрлер кабинети демилгелеген токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.Ага ылайык, жердин өзү күрөөгө коюлбайт. Инвесторго белгилүү мөөнөткө берилген жерди пайдалануу, башкача айтканда, ижара укугу гана күрөө болот. Мындай мүмкүнчүлүк инвестициялык долбоорду ишке ашырууга керектүү карыздык каражаттарды тартуу үчүн гана колдонулмакчы. Инвестор жерди ижарага берген тиешелүү органдын жазуу жүзүндөгү макулдугун алышы керек. Айрым жерлерди күрөөгө коюуга болбойт. Алардын катарына токой жана суу фондунун, өзгөчө корголуучу аймактардын, коргонуу, улуттук коопсуздук жана чек ара аймактарынын жерлери кирет.Инвестор жерди күрөөгө койгону менен ижара акысын жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү улантат. Эгер кредиттик милдеттенмесин аткара албай калса, жердин өзү эмес, аны пайдалануу укугу ачык аукцион аркылуу сатылышы мүмкүн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/01/1104004286_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2ff5de87b6839fb3e10cc79e5c5e038e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио