https://sputnik.kg/20260930/1103998780.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улгайган адамдардын эл аралык күнүн утурлай кылым карыта жашаган карыялардан кабар алды. Бул... 30.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-30T17:00+0600
2026-09-30T17:00+0600
2026-09-30T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1e/1103998613_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_13aedf8cc7c78120c2c359278ded45cf.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улгайган адамдардын эл аралык күнүн утурлай кылым карыта жашаган карыялардан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Социалдык фонддун маалыматы боюнча, учурда республикада 100 жаш жана андан жогорку курактагы 178 жаран жашайт. Анын 21и Бишкекте.Иш-чаранын алкагында Амангелдиев Кичикан Чолиева, Бурул Дүйшалиева жана Ефросинья Соколовадан кабар алып, узак жашоочуларга белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө улуу муун өкүлдөрүнүн өмүр жолу, алардын салымы, ошондой эле үй-бүлөлүк жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоодогу ролу тууралуу баарлашуу болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 174 кишиге наам ыйгарып, Ардак грамота менен сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Эң көп сыйлык саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүнө берилди. Жалпысынан 54 медицина кызматкери сыйланып, алардын 47си наамдарга татыды.Эмгек сиңирген артист наамы менен сыйланган 13 өнөр адамынын катарында ырчылар Кылыч Бекишев, Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев жана Курал Чокоев бар.Ошондой эле билим берүү, экономика, каржы, айыл чарба, энергетика, геология, өнөр жай, санариптик технологиялар жана мамлекеттик башкаруу тармактарынын өкүлдөрү да сыйланышты.Касымалиев сыйлык ээлерин куттуктап, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи.Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин 23 ардак наамы бар.
Ош шаарындагы ири көчөлөрдүн бирине Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун ысымы берилет. Калаа башчысы Жанар Акаев анын сунушу шаардык кеңеште колдоо тапканын соцтармактагы баракчасына жазды.Ошондой эле Аношин көчөсүн коомдук ишмер Бегиш Аматовдун атына өзгөртүү сунушталды.Белгилей кетсек, дин аалымы, коомдук ишмер Чубак ажы Жалиловго май айында Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Көзү тирүү болгондо быйыл 51 жашка чыкмак.
Кыргызстан менен Россия эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен борбор түзүүнү көздөп жатат. Бул демилге Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратованын жолугушуусунда талкууланды.Долбоорду эки өлкөнүн адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институттары ишке ашыра алат. Борбордун адистери укуктук жана психологиялык жактан колдоо көрсөтүп, документтерди даярдоого, ошондой эле мекендештер мамлекеттик органдарга жана сотторго кайрылганда алардын укуктарын коргоого көмөктөшүшөт.Борбордун ишинин негизги багыттары катары мекендештерди укуктук жактан коштоо жана укуктук агартуу иштери каралууда. Лантратова турмуштук оор кырдаалга кабылган мекендештерге гуманитардык жана кайрымдуулук жардамын алууга көмөк көрсөтүү дагы бир кошумча багыт боло аларын белгиледи. Стратегиялык кызматташтык жөнүндө тиешелүү макулдашууга 17-сентябрда "Евразия" коммерциялык эмес автономдуу уюму менен биргеликте кол коюлган.Ал эми Касымалиев Россияда көптөгөн кыргызстандыктар жашап, иштеп жатканын айтып, алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо жана миграциялык, социалдык маселелерин чечип берүү маанилүү экенин белгиледи.
Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улгайган адамдардын эл аралык күнүн утурлай кылым карыта жашаган карыялардан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Социалдык фонддун маалыматы боюнча, учурда республикада 100 жаш жана андан жогорку курактагы 178 жаран жашайт. Анын 21и Бишкекте.Иш-чаранын алкагында Амангелдиев Кичикан Чолиева, Бурул Дүйшалиева жана Ефросинья Соколовадан кабар алып, узак жашоочуларга белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө улуу муун өкүлдөрүнүн өмүр жолу, алардын салымы, ошондой эле үй-бүлөлүк жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоодогу ролу тууралуу баарлашуу болду.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 174 кишиге наам ыйгарып, Ардак грамота менен сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Эң көп сыйлык саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүнө берилди. Жалпысынан 54 медицина кызматкери сыйланып, алардын 47си наамдарга татыды.Эмгек сиңирген артист наамы менен сыйланган 13 өнөр адамынын катарында ырчылар Кылыч Бекишев, Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев жана Курал Чокоев бар.Ошондой эле билим берүү, экономика, каржы, айыл чарба, энергетика, геология, өнөр жай, санариптик технологиялар жана мамлекеттик башкаруу тармактарынын өкүлдөрү да сыйланышты.Касымалиев сыйлык ээлерин куттуктап, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи.Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин 23 ардак наамы бар.Ош шаарындагы ири көчөлөрдүн бирине Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун ысымы берилет. Калаа башчысы Жанар Акаев анын сунушу шаардык кеңеште колдоо тапканын соцтармактагы баракчасына жазды.Ошондой эле Аношин көчөсүн коомдук ишмер Бегиш Аматовдун атына өзгөртүү сунушталды.Белгилей кетсек, дин аалымы, коомдук ишмер Чубак ажы Жалиловго май айында Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Көзү тирүү болгондо быйыл 51 жашка чыкмак.Кыргызстан менен Россия эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен борбор түзүүнү көздөп жатат. Бул демилге Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратованын жолугушуусунда талкууланды.Долбоорду эки өлкөнүн адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институттары ишке ашыра алат. Борбордун адистери укуктук жана психологиялык жактан колдоо көрсөтүп, документтерди даярдоого, ошондой эле мекендештер мамлекеттик органдарга жана сотторго кайрылганда алардын укуктарын коргоого көмөктөшүшөт.Борбордун ишинин негизги багыттары катары мекендештерди укуктук жактан коштоо жана укуктук агартуу иштери каралууда. Лантратова турмуштук оор кырдаалга кабылган мекендештерге гуманитардык жана кайрымдуулук жардамын алууга көмөк көрсөтүү дагы бир кошумча багыт боло аларын белгиледи. Стратегиялык кызматташтык жөнүндө тиешелүү макулдашууга 17-сентябрда "Евразия" коммерциялык эмес автономдуу уюму менен биргеликте кол коюлган.Ал эми Касымалиев Россияда көптөгөн кыргызстандыктар жашап, иштеп жатканын айтып, алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо жана миграциялык, социалдык маселелерин чечип берүү маанилүү экенин белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1e/1103998613_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_93c96f7bb9b8e04b6f02c2efdebac7ea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио