https://sputnik.kg/20260213/1099725309.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданы кабыл алып, эки мамлекет кылмыштуулук менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктириши зарыл экендигин... 13.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-13T17:00+0600
2026-02-13T17:00+0600
2026-02-13T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/0d/1099725143_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_aeb1dd79a9869de37f494a5afd1a6125.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданы кабыл алып, эки мамлекет кылмыштуулук менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктириши зарыл экендигин белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. "Өлкө башчысы террорчулук, диний экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, уюшкан кылмыштуулук сыяктуу транс чек аралык коркунучтарга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын айтты", — деп айтылат маалыматта. Жапаров ШКУнун алкагында Душанбе шаарында Баңгизатка каршы күрөшүү борборун жана Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү боюнча өз ара колдоону белгиледи. Ал эми Расулзода меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, президенти Эмомали Рахмондун саламын жеткирди. Жолугушууда эки жактуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланды. Белгилей кетсек, коңшу өлкөнүн премьер-министри Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапары менен Кыргызстанга бүгүн келди.
Кыргызстан саясий чечимге келсе Россия республикада өзөктүк электр станциясынын курулушун токтоосуз баштоого даяр. Бул тууралуу Россия элчиси Сергей Вакунов РИА Новостиге маек куруп жатып билдирди. "Кийинки сөз Бишкекте. Биз Кыргызстандын жетекчилиги саясий чечим кабыл алса эле АЭС долбоорун дароо биргелешип баштоого даярбыз. Казакстанда, Өзбекстанда ушундай курулуш иштери ыкчам жүрүп жатат", — деди дипломат. Анын айтымында, Россия Кыргызстанда айлана-тегеректин коопсуздугу боюнча бардык талаптарга жооп берген чакан модулдук реакторлордун алдыңкы технологияларын колдонуу менен АЭС курууну сунуштап жатат.
Жалал-Абад облусуна караган Чаткал районунда калың түшкөн кардан улам II даражадагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматтарда кардын калыңдыгы 1,5 метрге чейин жеткени айтылууда. Мындан тышкары, ӨКМдин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы Бишкек — Ош автожолунун 255-260-чакырымдарына, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автожолуна кар көчкү түшүп, эки күндөн бери тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу дагы кар көчкүдөн улам убактылуу жабылганы айтылды.
Евробиримдиктин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөндөп, алдыңкы компаниялар региондон кетип жатат. Мындан улам Европа санаага батып жатканын Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо билдиргенин РИА Новости жазды. Өкмөт башчысы Брюсселде өткөн бейрасмий саммиттен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген. "Европа чоң стресске кабылды. Быйыл же кийинки жылдын башы менен кандайдыр бир чара көрбөсөк улам бир компания кете берерин баарыбыз түшүнүп турабыз. Көп өлкөнүн аймагынан олуттуу фирмалар кетип жатат, химия өнөр жайында, башка тармактарда чоң жоготууга учурап жатабыз. Европа ири көйгөйгө тушукту", — деген Фицо. Ал Еврокомиссия мартта өтө турган саммитте атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттыруу боюнча сунуш бериши керектигин белгиледи. Фицо буга чейин эгер Евробиримдик электр энергиясы баш болгон маселелерин чечпесе, колунда бар кытайлар келип көрүп кете турган музейге айланарын айткан.
Садыр Жапаров Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданы кабыл алып, эки мамлекет кылмыштуулук менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктириши зарыл экендигин белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. "Өлкө башчысы террорчулук, диний экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, уюшкан кылмыштуулук сыяктуу транс чек аралык коркунучтарга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын айтты", — деп айтылат маалыматта. Жапаров ШКУнун алкагында Душанбе шаарында Баңгизатка каршы күрөшүү борборун жана Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү боюнча өз ара колдоону белгиледи. Ал эми Расулзода меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, президенти Эмомали Рахмондун саламын жеткирди. Жолугушууда эки жактуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланды. Белгилей кетсек, коңшу өлкөнүн премьер-министри Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапары менен Кыргызстанга бүгүн келди.Кыргызстан саясий чечимге келсе Россия республикада өзөктүк электр станциясынын курулушун токтоосуз баштоого даяр. Бул тууралуу Россия элчиси Сергей Вакунов РИА Новостиге маек куруп жатып билдирди. "Кийинки сөз Бишкекте. Биз Кыргызстандын жетекчилиги саясий чечим кабыл алса эле АЭС долбоорун дароо биргелешип баштоого даярбыз. Казакстанда, Өзбекстанда ушундай курулуш иштери ыкчам жүрүп жатат", — деди дипломат. Анын айтымында, Россия Кыргызстанда айлана-тегеректин коопсуздугу боюнча бардык талаптарга жооп берген чакан модулдук реакторлордун алдыңкы технологияларын колдонуу менен АЭС курууну сунуштап жатат.Жалал-Абад облусуна караган Чаткал районунда калың түшкөн кардан улам II даражадагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматтарда кардын калыңдыгы 1,5 метрге чейин жеткени айтылууда. Мындан тышкары, ӨКМдин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы Бишкек — Ош автожолунун 255-260-чакырымдарына, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автожолуна кар көчкү түшүп, эки күндөн бери тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу дагы кар көчкүдөн улам убактылуу жабылганы айтылды.Евробиримдиктин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөндөп, алдыңкы компаниялар региондон кетип жатат. Мындан улам Европа санаага батып жатканын Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо билдиргенин РИА Новости жазды. Өкмөт башчысы Брюсселде өткөн бейрасмий саммиттен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген. "Европа чоң стресске кабылды. Быйыл же кийинки жылдын башы менен кандайдыр бир чара көрбөсөк улам бир компания кете берерин баарыбыз түшүнүп турабыз. Көп өлкөнүн аймагынан олуттуу фирмалар кетип жатат, химия өнөр жайында, башка тармактарда чоң жоготууга учурап жатабыз. Европа ири көйгөйгө тушукту", — деген Фицо. Ал Еврокомиссия мартта өтө турган саммитте атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттыруу боюнча сунуш бериши керектигин белгиледи. Фицо буга чейин эгер Евробиримдик электр энергиясы баш болгон маселелерин чечпесе, колунда бар кытайлар келип көрүп кете турган музейге айланарын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/0d/1099725143_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_71fe4e0c3b57c95ce3cc6208e6661220.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио