https://sputnik.kg/20251214/dinara-beyshenaliyeva-fakty-1098529779.html
Медицинадан поэзияга келген акын Динара Бейшеналиева жөнүндө 13 факт
Медицинадан поэзияга келген акын Динара Бейшеналиева жөнүндө 13 факт
Sputnik Кыргызстан
Динара Бейшеналиева... Кызык акын. "Кыздар поэзиясы" деп аталган Сагын Акматбекова, Шербет Келдибекова, Роза Карагулова, Айгүл Узакова, Фатима Абдалова ж.б... 14.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-14T18:06+0600
2025-12-14T18:06+0600
2025-12-14T18:06+0600
кыргызстан
маданият
адабият
акын
чыгарма
поэзия
динара бейшеналиева
кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0c/1098532943_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_e386cdb92e3686a2c4fcb7de9243536b.jpg
Динара Бейшеналиева... Кызык акын. "Кыздар поэзиясы" деп аталган Сагын Акматбекова, Шербет Келдибекова, Роза Карагулова, Айгүл Узакова, Фатима Абдалова ж.б. акындар курамын түзгөн толкундун ичинен да бөлүнүп турган автор. Анын ыры кара сөзгө, кара сөзү ырга, эпикасы лирикага, лирикасы эпикага, поэзиясы драмага айланып кетет, гезиттер үчүн жазган жөн жай эле маалыматтык макаласы поэтикалык ыргактар менен чыга келет. Ал ички дүйнөсүн сыртка ушунчалык бир тереңден сууруп алып, алдыңызга таштайт. Биз бүгүн акын жана прозаик, журналист Динара Бейшеналиева тууралуу сөз кылабыз. Туулган жери, жылы. Динара Бейшеналиева Талас районунун Арал айылында туулган. Таласта Арал деген чоң айыл эки жерде: бири Манас районунда – өрөөндүн этегинде, экинчиси – өрөөндүн башыраагындагы Талас районунда. Экөө тең кыргыздын керемет жерлеринен. Динара туулган айыл СССР кезинде Коммунизм айылы деп аталган. Эл мугалиминин окуучусу. Ал — өткөн кылымдын 80-90-жылдарында жаңычылдыгы менен жалпы республикага таанымал болгон Кыргыз Республикасынын эл мугалим Бектур Исаковдун окуучусу. "Ыр төрт сап болот, үчүнчү сап "ып" деген сөз менен аяктайт" деп, ыр жазуу техникасын биринчи жолу ошол Бектур агайы үйрөткөн. "Сен акынсың" деп эң биринчи жолу ошол эле агайы айткан. Эң биринчи жолу ырларын Фрунзеге алып келип, гезиттерге сунуштаган да, дил баяндарын китептерине киргизген да ошол агайы Бектур Исаков болгон. Таласта медициналык кесипке окуган. Дилинде адабиятка ышкысы болсо да бир жагы оору адамдарга каралашуу керектигин түшүнүүсү, экинчи жагы турмуш шарты аны 1985-жылы орто мектепти аяктаган соң Талас шаарындагы медициналык окуу жайына алып келип, ал жерден окуусун 1988-жылы бүтүргөн. Бизде доктурлардан адабиятка келгендер бар, Тенти Адышева, Токтоболот Абдумомунов киши дарылаган доктур болсо, Чыңгыз Айтматов, Жолон Мамытов мал доктур болушкан. Күндүзү — медайым, түнү — журналист-акын. 1988-жылы Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык оорукананын неврология бөлүмүндө медайым болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган. Жумуштан кийин үстүндөгү ак халатын чече салып гезит-журналдарга макала, ыр жазып, аларын редакцияларга алып барчу. Жазгандары окурмандарды да, редакторлорду да таң калтырган. Ал башкача жазчу. Башка журналисттерге окшоп окуяларды баяндабайт эле, бул же тигил каарманын сүрөттөп отурбайт эле, ички бир илеп, бир муңдуу маанай, армандуу балалык, чөлдөгү жалгыздык, алыстан угулган күү анын сүйлөмдөрүнөн төгүлүп турчу. Окуган адам бул кандай кыз болуп кетти деп таң калар эле. Бул стиль ошол кездеги реформатор-редакторлор, болочоктогу аяштары Мелис Эшимканов менен Султан Раевге жагып, алар бирге иштешүүгө чакырды. Ошентип, Динара Бейшеналиева шыпаагер кесибин журналистикага алмаштырып, "Асаба", "Агым", "Көк асаба", "Асман-пресс" гезиттеринде иштеди. Анын журналистикасы да акындык журналистика, сезимдик журналистика болду. Ырлары мектеп курагынан эле жарыялана баштаган. Алгачкы ырлары 1985-жылдан Талас райондук "Эмгек жарчысы" гезитине басылып, кийин чыгармалары облустук "Талас турмушу", республикалык "Ленинчил жаш", "Кыргызстан маданияты", "Асаба", "Агым" гезиттеринде, "Учкун" альманахында жарыяланып, өзүнчө үнү бар жаш акын катары таанылды. Акын кыздын шагында бышкан "Кызыл алмасы". 1992-жылы анын "Кыргызстан" басмасынан "Кызыл алма" деген 150 беттен турган ырлар жыйнагы чыгып, кыргыз кыздар поэзиясына кызыктуу акын келгенин көрсөттү. Экинчи жыйнагы "Турна бийи" деп аталып, 237 бет көлөмүндө 2009-жылы жарык көрдү. Классикалык чыгыш поэзиясынын үлгүсүндө жазат. Динара Бейшеналиева Чыгыштын белгилүү акындары Саадинин, Руминин, Шамс Тебризинин стилинде жазган аял-акын. Кара сөз менен ырды айкалыштырган өзгөчө стилди алып келген алгачкы акын кыздардан. Ырынын башында жалаң философияга сугарылган баяндамасы бар стиль бизде гана эмес, башка элдердин адабиятында да сейрек учурайт. Эң мыкты акын аталган. Ага "Кыргыз руху" гезити "2009-жылдын эң мыкты акыны" деген сыйлык ыйгарган. Ушул жылдан ал Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Кара сөздөгү ыр же ырдагы кара сөз. Динара Бейшеналиева ыр гана жазбастан, кара сөздү да мыкты жазган калемгер. Анын кээ бир повесть, аңгемелерин кара сөздөгү поэзия деп айтсак куп жарашат. Бир үйдө эки талант. Динара Бейшеналиеванын өмүрлүк жолдошу Мамат Сабыров да чыгармачыл инсан, мыкты жазуучу. Эки калемгер бир үйдө бирге түтүн булатып, бала-чакасын да, таланттарын да бирге тарбиялап, Ноокат менен Таласты куда-сөөк кылып, бири-бирине жөлөк-таяк, канат-бутак болуп өмүр сүрүшүүдө. Эркин котормочу. Ал казак, өзбек, орус акын-жазуучуларын кыргызчага эркин которгон чебер котормочу дагы. Үч сап ырлары. Динара Бейшеналиева салттуу ырлардан тышкары үч саптарды да жазып жүрөт. "Үч ай" деген ырында кызгалдак гүлүн мезгил айларына байлап, бир аялдын бүтүн бир өмүр-жашоосун, убакыт эч кимди аябастыгын, анын артында баарын көзөмөлдөп турган, Акыйкатты ача турган кимдир бирөөнүн бардыгын үч сапка батырган: Оо кызгалдак, сен кыз болгон март айы, Майга алмашып, келин болдуң бат эле. Сентябрда – кемпир болдуң картайып... Дагы бир үч саптан куралган ырында: Кышта тоңуп калбайын деп ыр ичтим, Күздө үзүлүп түшпөйүн деп нур үздүм. Күүгүмдөрдөн Күн көтөргөн ыр үздүм", – деп бул өтөөр-кетээр дүйнөдөн "өтпөй коюунун" жолдору барын айтат. Ал үчүн башкалардан жарык күтпөй, өзүң жарык чачуу менен өлбөй калуу керек. Тагдыр бар бул жерде. Уйкаштыгын, жаңычылдыгын, тереңдигин казып, ар бир сапка, сөзгө токтолуп, мындай ырларды узун сабак чечмелей берсең болот. Же "Болбос" деген ырын алалы: Агындылар агып кеткен сыяктуу, Бир пендеге мекен болбос дүнүйө. Казыкчалык бекем болбос дүнүйө... Ырас эле, байы, бийи, кедейи, жашы, карысы да агып, токтобогон дүнүйө кимге мекен болду эле? Кимдин мал-дүйнөсү, бала-чакасы, бийлиги, байлыгы өзүнө байланып калды эле? "Чай ичип" деген ыры япон поэзиясындай кара турмуштун так өзүн үлбүрөгөн сүртүмдөр менен көз алдыга апкелет. Аз сөз, саз сөз. Тамшанткан саптар. Чайканада досум менен олтурам, Сөз деле жок, Ичтерибиз толтура... Бул үч саптардан турган жыйнактын ичи кирсе чыккыс, өзүнчө бир дүйнө. Ойлонтот, толгонтот. Акын кыздын өзү айтмакчы: Мен жеңем дегем, Жеңүүдөн да, жеңилүүдөн баш тарттым, Үңкүрдөгү сабырыма баш каттым... Үңкүр – ар адамдын жан дүйнөсү. Жарыктантмак, жашылдантмак адамдын өзүнөн.
https://sputnik.kg/20250719/azada-begimkulova-tuuraluu-faktylar--1095364690.html
https://sputnik.kg/20251102/darkul-kuyukova-tuuraluu-13-fakt-1097526610.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0c/1098532943_0:167:2508:2048_1920x0_80_0_0_f6cd1c6fc37b07ce1d41bbb1d666824e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
кыргызстан, маданият, адабият, акын, чыгарма, поэзия, динара бейшеналиева, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
кыргызстан, маданият, адабият, акын, чыгарма, поэзия, динара бейшеналиева, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Динара Бейшеналиева... Кызык акын. "Кыздар поэзиясы" деп аталган Сагын Акматбекова, Шербет Келдибекова, Роза Карагулова, Айгүл Узакова, Фатима Абдалова ж.б. акындар курамын түзгөн толкундун ичинен да бөлүнүп турган автор. Анын ыры кара сөзгө, кара сөзү ырга, эпикасы лирикага, лирикасы эпикага, поэзиясы драмага айланып кетет, гезиттер үчүн жазган жөн жай эле маалыматтык макаласы поэтикалык ыргактар менен чыга келет. Ал ички дүйнөсүн сыртка ушунчалык бир тереңден сууруп алып, алдыңызга таштайт.
Биз бүгүн акын жана прозаик, журналист Динара Бейшеналиева тууралуу сөз кылабыз.
Туулган жери, жылы. Динара Бейшеналиева Талас районунун Арал айылында туулган. Таласта Арал деген чоң айыл эки жерде: бири Манас районунда – өрөөндүн этегинде, экинчиси – өрөөндүн башыраагындагы Талас районунда. Экөө тең кыргыздын керемет жерлеринен. Динара туулган айыл СССР кезинде Коммунизм айылы деп аталган.
Эл мугалиминин окуучусу. Ал — өткөн кылымдын 80-90-жылдарында жаңычылдыгы менен жалпы республикага таанымал болгон Кыргыз Республикасынын эл мугалим Бектур Исаковдун окуучусу. "Ыр төрт сап болот, үчүнчү сап "ып" деген сөз менен аяктайт" деп, ыр жазуу техникасын биринчи жолу ошол Бектур агайы үйрөткөн. "Сен акынсың" деп эң биринчи жолу ошол эле агайы айткан. Эң биринчи жолу ырларын Фрунзеге алып келип, гезиттерге сунуштаган да, дил баяндарын китептерине киргизген да ошол агайы Бектур Исаков болгон.
Таласта медициналык кесипке окуган. Дилинде адабиятка ышкысы болсо да бир жагы оору адамдарга каралашуу керектигин түшүнүүсү, экинчи жагы турмуш шарты аны 1985-жылы орто мектепти аяктаган соң Талас шаарындагы медициналык окуу жайына алып келип, ал жерден окуусун 1988-жылы бүтүргөн. Бизде доктурлардан адабиятка келгендер бар, Тенти Адышева, Токтоболот Абдумомунов киши дарылаган доктур болсо, Чыңгыз Айтматов, Жолон Мамытов мал доктур болушкан.
Күндүзү — медайым, түнү — журналист-акын. 1988-жылы Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык оорукананын неврология бөлүмүндө медайым болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган. Жумуштан кийин үстүндөгү ак халатын чече салып гезит-журналдарга макала, ыр жазып, аларын редакцияларга алып барчу.
Жазгандары окурмандарды да, редакторлорду да таң калтырган. Ал башкача жазчу. Башка журналисттерге окшоп окуяларды баяндабайт эле, бул же тигил каарманын сүрөттөп отурбайт эле, ички бир илеп, бир муңдуу маанай, армандуу балалык, чөлдөгү жалгыздык, алыстан угулган күү анын сүйлөмдөрүнөн төгүлүп турчу. Окуган адам бул кандай кыз болуп кетти деп таң калар эле. Бул стиль ошол кездеги реформатор-редакторлор, болочоктогу аяштары Мелис Эшимканов менен Султан Раевге жагып, алар бирге иштешүүгө чакырды. Ошентип, Динара Бейшеналиева шыпаагер кесибин журналистикага алмаштырып, "Асаба", "Агым", "Көк асаба", "Асман-пресс" гезиттеринде иштеди. Анын журналистикасы да акындык журналистика, сезимдик журналистика болду.
Ырлары мектеп курагынан эле жарыялана баштаган. Алгачкы ырлары 1985-жылдан Талас райондук "Эмгек жарчысы" гезитине басылып, кийин чыгармалары облустук "Талас турмушу", республикалык "Ленинчил жаш", "Кыргызстан маданияты", "Асаба", "Агым" гезиттеринде, "Учкун" альманахында жарыяланып, өзүнчө үнү бар жаш акын катары таанылды.
Акын кыздын шагында бышкан "Кызыл алмасы". 1992-жылы анын "Кыргызстан" басмасынан "Кызыл алма" деген 150 беттен турган ырлар жыйнагы чыгып, кыргыз кыздар поэзиясына кызыктуу акын келгенин көрсөттү. Экинчи жыйнагы "Турна бийи" деп аталып, 237 бет көлөмүндө 2009-жылы жарык көрдү.
Классикалык чыгыш поэзиясынын үлгүсүндө жазат. Динара Бейшеналиева Чыгыштын белгилүү акындары Саадинин, Руминин, Шамс Тебризинин стилинде жазган аял-акын. Кара сөз менен ырды айкалыштырган өзгөчө стилди алып келген алгачкы акын кыздардан. Ырынын башында жалаң философияга сугарылган баяндамасы бар стиль бизде гана эмес, башка элдердин адабиятында да сейрек учурайт.
Эң мыкты акын аталган. Ага "Кыргыз руху" гезити "2009-жылдын эң мыкты акыны" деген сыйлык ыйгарган. Ушул жылдан ал Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кара сөздөгү ыр же ырдагы кара сөз. Динара Бейшеналиева ыр гана жазбастан, кара сөздү да мыкты жазган калемгер. Анын кээ бир повесть, аңгемелерин кара сөздөгү поэзия деп айтсак куп жарашат.
Бир үйдө эки талант. Динара Бейшеналиеванын өмүрлүк жолдошу Мамат Сабыров да чыгармачыл инсан, мыкты жазуучу. Эки калемгер бир үйдө бирге түтүн булатып, бала-чакасын да, таланттарын да бирге тарбиялап, Ноокат менен Таласты куда-сөөк кылып, бири-бирине жөлөк-таяк, канат-бутак болуп өмүр сүрүшүүдө.
Эркин котормочу. Ал казак, өзбек, орус акын-жазуучуларын кыргызчага эркин которгон чебер котормочу дагы.
Үч сап ырлары. Динара Бейшеналиева салттуу ырлардан тышкары үч саптарды да жазып жүрөт. "Үч ай" деген ырында кызгалдак гүлүн мезгил айларына байлап, бир аялдын бүтүн бир өмүр-жашоосун, убакыт эч кимди аябастыгын, анын артында баарын көзөмөлдөп турган, Акыйкатты ача турган кимдир бирөөнүн бардыгын үч сапка батырган:
Оо кызгалдак, сен кыз болгон март айы,
Майга алмашып, келин болдуң бат эле.
Сентябрда – кемпир болдуң картайып...
Дагы бир үч саптан куралган ырында:
Кышта тоңуп калбайын деп ыр ичтим,
Күздө үзүлүп түшпөйүн деп нур үздүм.
Күүгүмдөрдөн Күн көтөргөн ыр үздүм", – деп бул өтөөр-кетээр дүйнөдөн "өтпөй коюунун" жолдору барын айтат. Ал үчүн башкалардан жарык күтпөй, өзүң жарык чачуу менен өлбөй калуу керек. Тагдыр бар бул жерде. Уйкаштыгын, жаңычылдыгын, тереңдигин казып, ар бир сапка, сөзгө токтолуп, мындай ырларды узун сабак чечмелей берсең болот.
Же "Болбос" деген ырын алалы:
Агындылар агып кеткен сыяктуу,
Бир пендеге мекен болбос дүнүйө.
Казыкчалык бекем болбос дүнүйө...
Ырас эле, байы, бийи, кедейи, жашы, карысы да агып, токтобогон дүнүйө кимге мекен болду эле? Кимдин мал-дүйнөсү, бала-чакасы, бийлиги, байлыгы өзүнө байланып калды эле?
"Чай ичип" деген ыры япон поэзиясындай кара турмуштун так өзүн үлбүрөгөн сүртүмдөр менен көз алдыга апкелет. Аз сөз, саз сөз. Тамшанткан саптар.
Чайканада досум менен олтурам,
Бул үч саптардан турган жыйнактын ичи кирсе чыккыс, өзүнчө бир дүйнө. Ойлонтот, толгонтот.
Акын кыздын өзү айтмакчы:
Жеңүүдөн да, жеңилүүдөн баш тарттым,
Үңкүрдөгү сабырыма баш каттым...
Үңкүр – ар адамдын жан дүйнөсү. Жарыктантмак, жашылдантмак адамдын өзүнөн.