https://sputnik.kg/20260529/1101596869.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Россияга каршы санкциялар Кыргызстандын экономикасына кандай таасир эте турганын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков айтып берди. Аткаминер чектөө... 29.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-29T17:00+0600
2026-05-29T17:00+0600
2026-05-29T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1d/1101596703_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7e9049947eab2ec2c0e0703cca9b9835.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Россияга каршы санкциялар Кыргызстандын экономикасына кандай таасир эте турганын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков айтып берди. Аткаминер чектөө бир нече жылдан бери коюлуп келе жатканын, бирок ошого карабастан Кыргызстандын экономикасы туруктуулугун көрсөтө алганын белгиледи. "санкциялардын кыйыр таасири бар. Мисалы, Кыргызстан менен Россиянын банктарынын иштешүүсү кыйындашы мүмкүн. Азырынча экономикага түз жана олуттуу зыяны байкала элек. Ошентсе да убакыт өткөн сайын соода жана каржы тармагында айрым кыйынчылыктар чыгышы ыктымал", — деди Сыдыков
Шанхай кызматташтык уюмунун Өнүктүрүү банкы 2028-жылы ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов эл аралык каржы форумунда билдирди.Ал былтыр ШКУ лидерлери Өнүктүрүү банкын түзүү чечимин кабыл алганын жана учурда убактылуу катчылык түзүлүп, жол карталары кабыл алынганын айтты. "Өнүктүрүү банкы ШКУга мүчө жана өнөктөш өлкөлөрдүн ири трансулуттук долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул жеңилдетилген каржылоо аркылуу инфраструктураны жакшыртып, калктын жашоосуна, анын ичинде Кыргызстандагы жарандардын турмушуна оң таасирин тийгизет", — деди Акжолов.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.Маалымдалгандай, жолугушууда Бишкек менен Россиянын өнөктөш шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланган."Тараптар шаардык башкаруу, транспорт, санариптештирүү жана билим берүү тармактарындагы тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурушту. Жыйынтыгында эки тарап кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти", — деп айтылат маалыматта.
Быйыл ЕАЭБдеги өз ара сооданын көлөмү 100 миллиард доллардан ашышы мүмкүн. Бул тууралуу Астанадагы саммитте Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.Анын айтымында, соода жүгүртүү 6 пайызга өсөт деп күтүлүүдө. Ошол эле учурда дүйнөлүк экономика боюнча божомолдор жакшы эмес экенин белгиледи."Мындай шартта биздин биримдик жаңы кырдаалга ыңгайлашып, ички туруктуулугун бекемдеп жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатышы керек", — деди Токаев. Жыйынга Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Россия лидери Владимир Путин, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышууда.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Аламүдүн районунда жайгашкан "Бек кабель" заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Министрдин айтымында, ишкана туруктуу өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Завод орто эсеп менен ай сайын 1 500 тоннага чейин алюминийди, 800 тонна жезди жана 3 200 тонна пластикатты кайра иштетет. "Ишкана 2024-жылдын 5-июлунда ишке киргизилген. Завод чийки заттын ушул көрсөтүлгөн көлөмүн кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берген заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Бул жерде өндүрүлгөн продукция ички рыноктун суроо-талабын канааттандырууга, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттоого багытталган", – деп белгиледи Бакыт Сыдыков.
Россияга каршы санкциялар Кыргызстандын экономикасына кандай таасир эте турганын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков айтып берди. Аткаминер чектөө бир нече жылдан бери коюлуп келе жатканын, бирок ошого карабастан Кыргызстандын экономикасы туруктуулугун көрсөтө алганын белгиледи. "санкциялардын кыйыр таасири бар. Мисалы, Кыргызстан менен Россиянын банктарынын иштешүүсү кыйындашы мүмкүн. Азырынча экономикага түз жана олуттуу зыяны байкала элек. Ошентсе да убакыт өткөн сайын соода жана каржы тармагында айрым кыйынчылыктар чыгышы ыктымал", — деди СыдыковШанхай кызматташтык уюмунун Өнүктүрүү банкы 2028-жылы ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов эл аралык каржы форумунда билдирди.Ал былтыр ШКУ лидерлери Өнүктүрүү банкын түзүү чечимин кабыл алганын жана учурда убактылуу катчылык түзүлүп, жол карталары кабыл алынганын айтты. "Өнүктүрүү банкы ШКУга мүчө жана өнөктөш өлкөлөрдүн ири трансулуттук долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул жеңилдетилген каржылоо аркылуу инфраструктураны жакшыртып, калктын жашоосуна, анын ичинде Кыргызстандагы жарандардын турмушуна оң таасирин тийгизет", — деди Акжолов.Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.Маалымдалгандай, жолугушууда Бишкек менен Россиянын өнөктөш шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланган."Тараптар шаардык башкаруу, транспорт, санариптештирүү жана билим берүү тармактарындагы тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурушту. Жыйынтыгында эки тарап кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти", — деп айтылат маалыматта.Быйыл ЕАЭБдеги өз ара сооданын көлөмү 100 миллиард доллардан ашышы мүмкүн. Бул тууралуу Астанадагы саммитте Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.Анын айтымында, соода жүгүртүү 6 пайызга өсөт деп күтүлүүдө. Ошол эле учурда дүйнөлүк экономика боюнча божомолдор жакшы эмес экенин белгиледи."Мындай шартта биздин биримдик жаңы кырдаалга ыңгайлашып, ички туруктуулугун бекемдеп жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатышы керек", — деди Токаев. Жыйынга Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Россия лидери Владимир Путин, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышууда.Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Аламүдүн районунда жайгашкан "Бек кабель" заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Министрдин айтымында, ишкана туруктуу өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Завод орто эсеп менен ай сайын 1 500 тоннага чейин алюминийди, 800 тонна жезди жана 3 200 тонна пластикатты кайра иштетет. "Ишкана 2024-жылдын 5-июлунда ишке киргизилген. Завод чийки заттын ушул көрсөтүлгөн көлөмүн кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берген заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Бул жерде өндүрүлгөн продукция ички рыноктун суроо-талабын канааттандырууга, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттоого багытталган", – деп белгиледи Бакыт Сыдыков.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1d/1101596703_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_06683a35af784c04883da927fd155141.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио