https://sputnik.kg/20260528/1101563602.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда маркумдарды кремациялоого тыюу салуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен депутат Болот Сагынаев демилгелеген мыйзам... 28.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-28T13:00+0600
2026-05-28T13:00+0600
2026-05-28T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1c/1101563436_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_70c9cd9494c6873d971a0024c32527e5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда маркумдарды кремациялоого тыюу салуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен депутат Болот Сагынаев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, эми каза болгон адамдардын сөөгүн өрттөп жок кылууга тыюу салынат. Мыйзамдагы кремация тууралуу бардык жоболор алып салынып, жерге берүү гана негизги ыкма катары калууда. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде азыркы мыйзамда адамдын сөөгүн өрттөө менен биологиялык калдыктарды санитардык жок кылуу түшүнүктөрү аралашып кеткени айтылган. Депутаттар бул укуктук түшүнүксүздүк жаратып жатканын белгилешүүдө. Демилгечилердин айтымында, крематорийлер адамдын сөөгүн өрттөө үчүн эмес, жугуштуу оорудан өлгөн жаныбарлардын өлүгүн жана биологиялык калдыктарды санитардык максатта жок кылуу үчүн гана колдонулушу керек. Азыркы мыйзамда маркумдун керээзи же жакын туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо, ошондой эле өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусун алдын алуу максатында сөөктү кремациялоого уруксат берилген.
Камчыбек Ташиев бийликти басып алууга даярдык көрүү иши боюнча сотко келди. Иш жашыруун макамга ээ болгондуктан, отурум жабык өтүүдө. Сотко УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана камактагы башка айыпталуучулар дагы келди. Ташиев журналисттерге комментарий берген жок. Ал эми жараян бир нече саатка жылды.
Бүгүнкү күндө ШКУ мамлекеттери Жибек Жолунун маани-маңызын заманбап форматта — транспорттук коридорлор менен логистикалык борборлорду өнүктүрүү аркылуу жандантып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрага орун басары Эрлист Акунбеков Чолпон-Атада өтүп жаткан форумда билдирди. Анын айтымында, чейрек кылым аралыгында ШКУ евразиялык мейкиндиктеги кызматташуунун ири аянтчасына айланды. "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу, "Бедел" чек ара посту, Барскоон — Бедел жолу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлор Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы ШКУ үчүн да стратегиялык мааниге ээ", — деди өкмөт мүчөсү. Акунбеков акыркы төрт жылда Кыргызстандын ШКУ мамлекеттери менен соодасы 2,2 эсе өскөнүн, ушул жылдын январь-март айларында 2,5 миллиард долларга жеткенин белгилеген. Сөзүнүн соңунда Акунбеков форум катышуучуларын 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган Көчмөндөр оюндарына чакырды.
Баткен облусунда жаңы чек ара посту ачылганын Чек ара кызматы билдирди. "Чарбак" заставасынын "Согмент" бекети Баткен районунда жайгашкан. Ачылышына Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев онлайн катышып, аземде президенттин облустагы өкүлү Мамыржан Рахимов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү болду. Жетекчилер аскер кызматкерлерин Чек ара күнү менен куттуктап, мамлекет чек араны коргоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын айтышкан. Постто заман талабына ылайык жабдылган казарма бар. "Согменттеги" жоокерлер кыргыз-өзбек чек арасынын 12 чакырымын кайтарышат. Бүгүн Кыргызстанда бир нече чек ара объектилери ачылары айтылды.
Кыргызстанда маркумдарды кремациялоого тыюу салуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен депутат Болот Сагынаев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, эми каза болгон адамдардын сөөгүн өрттөп жок кылууга тыюу салынат. Мыйзамдагы кремация тууралуу бардык жоболор алып салынып, жерге берүү гана негизги ыкма катары калууда. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде азыркы мыйзамда адамдын сөөгүн өрттөө менен биологиялык калдыктарды санитардык жок кылуу түшүнүктөрү аралашып кеткени айтылган. Депутаттар бул укуктук түшүнүксүздүк жаратып жатканын белгилешүүдө. Демилгечилердин айтымында, крематорийлер адамдын сөөгүн өрттөө үчүн эмес, жугуштуу оорудан өлгөн жаныбарлардын өлүгүн жана биологиялык калдыктарды санитардык максатта жок кылуу үчүн гана колдонулушу керек. Азыркы мыйзамда маркумдун керээзи же жакын туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо, ошондой эле өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусун алдын алуу максатында сөөктү кремациялоого уруксат берилген.Камчыбек Ташиев бийликти басып алууга даярдык көрүү иши боюнча сотко келди. Иш жашыруун макамга ээ болгондуктан, отурум жабык өтүүдө. Сотко УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана камактагы башка айыпталуучулар дагы келди. Ташиев журналисттерге комментарий берген жок. Ал эми жараян бир нече саатка жылды.Бүгүнкү күндө ШКУ мамлекеттери Жибек Жолунун маани-маңызын заманбап форматта — транспорттук коридорлор менен логистикалык борборлорду өнүктүрүү аркылуу жандантып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрага орун басары Эрлист Акунбеков Чолпон-Атада өтүп жаткан форумда билдирди. Анын айтымында, чейрек кылым аралыгында ШКУ евразиялык мейкиндиктеги кызматташуунун ири аянтчасына айланды. "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу, "Бедел" чек ара посту, Барскоон — Бедел жолу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлор Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы ШКУ үчүн да стратегиялык мааниге ээ", — деди өкмөт мүчөсү. Акунбеков акыркы төрт жылда Кыргызстандын ШКУ мамлекеттери менен соодасы 2,2 эсе өскөнүн, ушул жылдын январь-март айларында 2,5 миллиард долларга жеткенин белгилеген. Сөзүнүн соңунда Акунбеков форум катышуучуларын 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган Көчмөндөр оюндарына чакырды. Баткен облусунда жаңы чек ара посту ачылганын Чек ара кызматы билдирди. "Чарбак" заставасынын "Согмент" бекети Баткен районунда жайгашкан. Ачылышына Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев онлайн катышып, аземде президенттин облустагы өкүлү Мамыржан Рахимов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү болду. Жетекчилер аскер кызматкерлерин Чек ара күнү менен куттуктап, мамлекет чек араны коргоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын айтышкан. Постто заман талабына ылайык жабдылган казарма бар. "Согменттеги" жоокерлер кыргыз-өзбек чек арасынын 12 чакырымын кайтарышат. Бүгүн Кыргызстанда бир нече чек ара объектилери ачылары айтылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1c/1101563436_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7b0da67013c2de38e6bc01cb22a8d6f3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио