00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:59
1 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Чек ара — тынчтыктын үнсүз сакчысы. Чек арачыларды даярдоо кандай жүрүүдө?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Путин жасалма интеллект айрым кесиптерди жок кылышы мүмкүндүгүн белгиледи Нью-Йоркто советтик маалымат бюросунун 85 жылдыгына арналган көргөзмө ачылдыЖапаров башка президенттер менен Астанада санариптик көргөзмөгө бардыПрезидент Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге Астана шаарында уюштурулган санариптик жетишкендиктердин көргөзмөсүнө барды.Эске салсак, иш-чара Евразия экономикалык форумунун алкагында Alem.ai эл аралык жасалма интеллект борборунда өттү.Кыргызстандын көргөзмө тактасында да ал жердеги президенттерге маалымат беришти. Анда өлкөнүн фискалдык тутумун жакшыртуу үчүн учурда колдонулуп жаткан санариптик каражаттар, салык, бажы башкаруу процесстерине жасалма интеллект технологияларын киргизүү боюнча чечимдер көрсөтүлдү. Экспозицияда негизги басым санариптештирүүгө жана жасалма интеллект технологияларын киргизүүгө жасалган.
Жасалма интеллект — дүйнөлүк тарыхтын жаңы локомотив. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан Евразия экономикалык форумундагы "ЕАЭБ глобалдык санариптик жарышта: жасалма интеллектиге басым жасоо" темасында сүйлөп жатып айтты. Ал өлкөлөр аталган локомотивди башкарган кабинада болобу же перрондо туруп калары уюм кабыл алган чечимдерге жараша болорун айтты. Мамлекет башчы тышкы инфраструктурага, алгоритмдерге жана коргоо системаларына көз каранды болуп калуу чабалдыкка алып келерин баса белгиледи. Ушул себептүү Кыргызстан жасалма интеллект чөйрөсүндө дал улуттук чечимдерди иштеп чыгууга артыкчылык берип, көңүл буруларын айтты.
Россиянын президенти Владимир Путин Астанада өтүп жаткан Евразия экономикалык форумунда жасалма интеллекттин өнүгүшү эмгек рыногуна олуттуу таасир этерин айтты. Анын айтымында, келечекте компьютерлер жана жасалма интеллект төмөнкү квалификациядагы кызматкерлердин ордун баса баштайт. Путин бул процесс азыртан эле жүрүп жатканын, кийин орто деңгээлдеги адистерге да таасир этиши мүмкүн экенин белгиледи. Россия лидери миллиондогон адамдар жумушсуз калышы же кесибин өзгөртүүгө аргасыз болушу ыктымал экенин айтты. Айрым кесиптер таптакыр жоголуп кетиши да мүмкүн. Путиндин пикиринде, мындай өзгөрүүлөргө алдын ала даярданып, жасалма интеллектти экономикалык өсүштүн жаңы кыймылдаткычы катары колдонуу зарыл.
"85 жылдык Совинформбюро. Жандуу тарых. Тасмага түшкөн доор" аттуу көргөзмө Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында ачылды. Экспозицияда РИА Новости архивинен 1940-жылдардан 2020-жылдарга чейин тартылган тарыхый 30 сүрөт коюлган. Алардын арасында Сталинград салгылашы, 1945-жылдагы Жеңиш парады, Юрий Гагариндин биринчи космоско учушу, Москва, Сочи жана Милан Олимпиадалары, ошондой эле тынчтык орнотуучу күчтөрдүн ишмердиги, дүйнөлүк лидерлердин жолугушуулары чагылдырылган кадрлар бар.Көргөзмөдө атактуу фотографтардын, анын ичинде согуш мезгилиндеги фотокабарчылардын эмгектерин көрүүгө болот. Экспозицияга Георгий Зельма, Евгений Халдей, Владимир Гребнев, Михаил Озерский, Игорь Костин жана башка белгилүү фотожурналисттердин эмгектери кирген. Экспозициянын өзгөчөлүгү — мультимедиалык бөлүк. Анын жардамы менен тарыхый кадрлар "жанданып", көрүүчүлөр жөн гана сүрөттөрдү эмес, кыймылды, эмоцияны жана ракурстардын өзгөрүшүн да көрө алышат. Ошентип, өткөн доордун ирмемдери жандуу көрүнүшкө айланат.
Жаңылыктар түрмөгү
0