https://sputnik.kg/20260529/1101601264.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров ЕАЭБ алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону күчөтүү зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу ал Астана шаарында өтүп жаткан Евразия... 29.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-29T19:00+0600
2026-05-29T19:00+0600
2026-05-29T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1d/1101601098_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_57f93721be51792961813fb0c1ebde72.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров ЕАЭБ алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону күчөтүү зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу ал Астана шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында айтты. Мамлекет башчысы рынокту толук ачуу жергиликтүү завод-фабрикаларга терс таасир тийгизиши мүмкүн экенин белгилеп, мындан улам улуттук өндүрүштү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек деп эсептейт.Жапаров учурдагы колдоо механизмдери көбүнчө ири компанияларга көбүрөөк пайда алып келип жатканын, экономикасы чакан мамлекеттерде жаңы өндүрүш ишканалары жетишсиз экенин айтты. Президент жыл соңуна чейин экономикасы чакан өлкөлөрдө биргелешкен завод-фабрикаларды ачууга өбөлгө түзгөн жаңы механизм сунушталарын күтүп жатканын кошумчалады.
АКШнын Чикаго шаарында жол кырсыгынан 24 жаштагы кыргызстандык жигит каза тапты. Тышкы иштер министрлиги маалыматты ырастап, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты ошол калаада өткөнүн билдирди. Маалымдалгандай, ал эки унаанын кагылышуусунан улам каза болгон. "Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча зарыл чараларды көрүп, каза болгон жарандын жакындары жана Кошмо Штаттардын компетенттүү органдары менен иш алып барууда", — деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин соцтармактарда кырсыктын сүрөттөрү тараган.
Бүгүн, 29-майда мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин катышуусунда Улуттук илимдер академиясында Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институту тарабынан “Уңгу жол – классикалык жана заманбап адабияттын руханий өзөгү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Иш-чарада мамлекеттик катчы кыргыз адабияты элдин дүйнө таанымын, нарк-насилин жана тарыхый эс тутумун сактап келген улуу руханий мурас экенин белгиледи. Ал сөз өнөрү улуттун интеллектуалдык кубатын калыптандырган негизги күчтөрдүн бири экенин айтты. Ошондой эле “кыргыз ренессансы” шартында улуттук маданият, тил жана тарыхка жаңыча мамиле калыптанып, руханий жаңыланууга өбөлгө түзүлүп жатканын белгиленди. Мындан тышкары мамлекеттик катчы Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Мукай Элебаев, Сыдык Карачев, Баялы Кененсариев жана Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкарлар кыргыз адабиятынын пайдубалын түптөп, мамлекеттүүлүктүн руханий негизин калыптандырууга зор салым кошконун айтып өттү.
Евразиялык интеграция ЕАЭБдин ар бир өлкөсүнө сезилерлик пайда алып келип жатат. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Астанадагы саммитте белгиледи. "Биримдик бизнестин кирешесин арттырууга, элдин жашоо деңгээлин жакшыртууга жана калктын бакубаттыгын бекемдөөгө көмөктөшүп жатат", — деди ал.Путин экономиканын арбын тармактарында өсүш болуп, өз ара соода көбөйүп 95 миллиард долларга жеткенин,ЕАЭБде дээрлик бардык эсептешүүлөр улуттук валюталарда жүргүзүлүп жатканын, бул уюмдагы соодалашуу тышкы таасирлерден жана дүйнөдөгү терс өзгөрүүлөрдөн коргой турганын айтты.Ошондой эле ал ЕАЭБде акырындап жалпы экономикалык мейкиндик тузулуп жатканын,Россия үчүн ЕАЭБ өлкөлөрү менен союздук байланыштарды тереңдетүү, албетте, биринчи орунда турат деп белгиледи.
Президент Садыр Жапаров ЕАЭБ алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону күчөтүү зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу ал Астана шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында айтты. Мамлекет башчысы рынокту толук ачуу жергиликтүү завод-фабрикаларга терс таасир тийгизиши мүмкүн экенин белгилеп, мындан улам улуттук өндүрүштү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек деп эсептейт.Жапаров учурдагы колдоо механизмдери көбүнчө ири компанияларга көбүрөөк пайда алып келип жатканын, экономикасы чакан мамлекеттерде жаңы өндүрүш ишканалары жетишсиз экенин айтты. Президент жыл соңуна чейин экономикасы чакан өлкөлөрдө биргелешкен завод-фабрикаларды ачууга өбөлгө түзгөн жаңы механизм сунушталарын күтүп жатканын кошумчалады.АКШнын Чикаго шаарында жол кырсыгынан 24 жаштагы кыргызстандык жигит каза тапты. Тышкы иштер министрлиги маалыматты ырастап, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты ошол калаада өткөнүн билдирди. Маалымдалгандай, ал эки унаанын кагылышуусунан улам каза болгон. "Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча зарыл чараларды көрүп, каза болгон жарандын жакындары жана Кошмо Штаттардын компетенттүү органдары менен иш алып барууда", — деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин соцтармактарда кырсыктын сүрөттөрү тараган.Бүгүн, 29-майда мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин катышуусунда Улуттук илимдер академиясында Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институту тарабынан “Уңгу жол – классикалык жана заманбап адабияттын руханий өзөгү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Иш-чарада мамлекеттик катчы кыргыз адабияты элдин дүйнө таанымын, нарк-насилин жана тарыхый эс тутумун сактап келген улуу руханий мурас экенин белгиледи. Ал сөз өнөрү улуттун интеллектуалдык кубатын калыптандырган негизги күчтөрдүн бири экенин айтты. Ошондой эле “кыргыз ренессансы” шартында улуттук маданият, тил жана тарыхка жаңыча мамиле калыптанып, руханий жаңыланууга өбөлгө түзүлүп жатканын белгиленди. Мындан тышкары мамлекеттик катчы Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Мукай Элебаев, Сыдык Карачев, Баялы Кененсариев жана Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкарлар кыргыз адабиятынын пайдубалын түптөп, мамлекеттүүлүктүн руханий негизин калыптандырууга зор салым кошконун айтып өттү.Евразиялык интеграция ЕАЭБдин ар бир өлкөсүнө сезилерлик пайда алып келип жатат. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Астанадагы саммитте белгиледи. "Биримдик бизнестин кирешесин арттырууга, элдин жашоо деңгээлин жакшыртууга жана калктын бакубаттыгын бекемдөөгө көмөктөшүп жатат", — деди ал.Путин экономиканын арбын тармактарында өсүш болуп, өз ара соода көбөйүп 95 миллиард долларга жеткенин,ЕАЭБде дээрлик бардык эсептешүүлөр улуттук валюталарда жүргүзүлүп жатканын, бул уюмдагы соодалашуу тышкы таасирлерден жана дүйнөдөгү терс өзгөрүүлөрдөн коргой турганын айтты.Ошондой эле ал ЕАЭБде акырындап жалпы экономикалык мейкиндик тузулуп жатканын,Россия үчүн ЕАЭБ өлкөлөрү менен союздук байланыштарды тереңдетүү, албетте, биринчи орунда турат деп белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1d/1101601098_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dd1339ef8909ef871b37e798feb5b070.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио