https://sputnik.kg/20260529/1101580577.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Балыкчы шаарында "Кыргыз алтын" ишканасына караган "Алтын Логистик" эл аралык логистикалык борбору ачылып, ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек... 29.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-29T08:59+0600
2026-05-29T08:59+0600
2026-05-29T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1d/1101580411_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1c7a2d655304d8c8de7ae7a79706e7ef.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Балыкчы шаарында "Кыргыз алтын" ишканасына караган "Алтын Логистик" эл аралык логистикалык борбору ачылып, ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттөн кабарлашты. Өз сөзүндө минкаб төрагасы эл аралык транспорт коридорлорунун кесилишинде жайгашкан Кыргызстан транзиттик жана логистикалык потенциалын активдүү өнүктүрүп жатканына токтолгон. 5,5 гектар аянтта жайгашкан борбордо 80ден ашык жаңы жумуш орундары түзүлүп, заманбап инфраструктура менен жабдылган. Комплекстин кубаттуулугу күнүнө 200 жүк ташуучу унааны тейлөөгө мүмкүндүк берет.
Өлкөдө кремация түшүнүгүн өзгөртүп, адамдын сөөгүн өрттөөгө тыюу салуу сунушталды Жогорку Кеңештин депутаттары “Сөөк коюу жана көмүү иши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелешти. Долбоорго ылайык, “кремация” түшүнүгү адамдын сөөгүн эмес, жаныбарлардын өлүгүн жана биологиялык калдыктарды өрттөө катары аныкталат. Ошондой эле мыйзам долбоорунда адамдын сөөгү, аборт болгон же өлүү төрөлгөн түйүлдүктөр сөзсүз жерге көмүлүшү керектиги жазылган. Мындан тышкары, крематорийлерди адамдардын сөөгүн өрттөөгө колдонууга тыюу салуу сунушталууда. Алар жугуштуу оорулардан өлгөн жаныбарларды жана кооптуу биологиялык калдыктарды жок кылуу үчүн гана пайдаланылат.
Бишкекке жашыл шаар макамын кайтарууга багытталган программа сунушталууда. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри 2026-2030-жылдарга арналган Кыргызстандагы шаарларды жана калктуу конуштарды жашылдандыруу боюнча улуттук программаны коомдук талкууга чыгарды. Анда төмөнкү иштерди аткаруу пландалууда: 2 миллиондон ашык бак отургузуу, 121 парк жана сквер куруу, 1 130 гектардан ашык жаңы жашыл аймактарды жана ири шаарлардын айланасына 1 100 гектар жашыл коргоо тилкелерин түзүү; башаламан көчөт отургузуудан баш тартып, илимий негизде жана узак мөөнөткө эсептелген пландоо системасына өтүү; көчөлөрдү, тротуарларды жана коомдук жайларды оңдоодо бактардын тамыр системасына зыян келтирүүгө, бактын түбүндөгү аянтты белгиленген нормадан азайтууга жана жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоол болгон иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу; бардык жашыл көчөттөрдү санариптик каттоого алып, "Жашыл аймак" аталышындагы бирдиктүү системаны түзүү; жоголгон ар бир көчөттүн ордуна эки эселенген көлөмдө милдеттүү түрдө жаңы көчөт отургузуу системасын киргизүү (акчалай компенсацияга жол берилбейт); тамчылатып сугаруу жана өзү сугаруучу системаны киргизүү.
Күйүүчү майдын максималдуу чекене баасы ар бир шаар жана облус боюнча аныкталып жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Бейше Сатыгулов Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, иш 8-июнга чейин жыйынтыкталып бүтөт. Учурда субсидиянын көлөмүн аныктоо боюнча комиссия түзүлүп, натыйжада импорттоочуларга тиешелүү акча төлөнөрү айтылды. "Азырынча эсептелген баага компаниялардын кирешеси жана рентабелдүүлүгү кошула элек. Жакынкы күндөрү акыркы максималдуу баа бекитилип, расмий жарыяланат. Эгер Россиядагы нефтини кайра иштетүүчү заводдордо баа өзгөрсө, кайра эсептелип, баа жаңыртылып турат", — деди аткаминер. Эске салсак, минкаб күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн импортчуларга субсидия берүүнү чечкен. Ага ылайык, сатып алынган баа менен сатылган нарктын айырмасын минкаб төлөп бермекчи.
Балыкчы шаарында "Кыргыз алтын" ишканасына караган "Алтын Логистик" эл аралык логистикалык борбору ачылып, ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттөн кабарлашты. Өз сөзүндө минкаб төрагасы эл аралык транспорт коридорлорунун кесилишинде жайгашкан Кыргызстан транзиттик жана логистикалык потенциалын активдүү өнүктүрүп жатканына токтолгон. 5,5 гектар аянтта жайгашкан борбордо 80ден ашык жаңы жумуш орундары түзүлүп, заманбап инфраструктура менен жабдылган. Комплекстин кубаттуулугу күнүнө 200 жүк ташуучу унааны тейлөөгө мүмкүндүк берет.Өлкөдө кремация түшүнүгүн өзгөртүп, адамдын сөөгүн өрттөөгө тыюу салуу сунушталды Жогорку Кеңештин депутаттары “Сөөк коюу жана көмүү иши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелешти. Долбоорго ылайык, “кремация” түшүнүгү адамдын сөөгүн эмес, жаныбарлардын өлүгүн жана биологиялык калдыктарды өрттөө катары аныкталат. Ошондой эле мыйзам долбоорунда адамдын сөөгү, аборт болгон же өлүү төрөлгөн түйүлдүктөр сөзсүз жерге көмүлүшү керектиги жазылган. Мындан тышкары, крематорийлерди адамдардын сөөгүн өрттөөгө колдонууга тыюу салуу сунушталууда. Алар жугуштуу оорулардан өлгөн жаныбарларды жана кооптуу биологиялык калдыктарды жок кылуу үчүн гана пайдаланылат.Бишкекке жашыл шаар макамын кайтарууга багытталган программа сунушталууда. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри 2026-2030-жылдарга арналган Кыргызстандагы шаарларды жана калктуу конуштарды жашылдандыруу боюнча улуттук программаны коомдук талкууга чыгарды. Анда төмөнкү иштерди аткаруу пландалууда: 2 миллиондон ашык бак отургузуу, 121 парк жана сквер куруу, 1 130 гектардан ашык жаңы жашыл аймактарды жана ири шаарлардын айланасына 1 100 гектар жашыл коргоо тилкелерин түзүү; башаламан көчөт отургузуудан баш тартып, илимий негизде жана узак мөөнөткө эсептелген пландоо системасына өтүү; көчөлөрдү, тротуарларды жана коомдук жайларды оңдоодо бактардын тамыр системасына зыян келтирүүгө, бактын түбүндөгү аянтты белгиленген нормадан азайтууга жана жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоол болгон иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу; бардык жашыл көчөттөрдү санариптик каттоого алып, "Жашыл аймак" аталышындагы бирдиктүү системаны түзүү; жоголгон ар бир көчөттүн ордуна эки эселенген көлөмдө милдеттүү түрдө жаңы көчөт отургузуу системасын киргизүү (акчалай компенсацияга жол берилбейт); тамчылатып сугаруу жана өзү сугаруучу системаны киргизүү. Күйүүчү майдын максималдуу чекене баасы ар бир шаар жана облус боюнча аныкталып жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Бейше Сатыгулов Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, иш 8-июнга чейин жыйынтыкталып бүтөт. Учурда субсидиянын көлөмүн аныктоо боюнча комиссия түзүлүп, натыйжада импорттоочуларга тиешелүү акча төлөнөрү айтылды. "Азырынча эсептелген баага компаниялардын кирешеси жана рентабелдүүлүгү кошула элек. Жакынкы күндөрү акыркы максималдуу баа бекитилип, расмий жарыяланат. Эгер Россиядагы нефтини кайра иштетүүчү заводдордо баа өзгөрсө, кайра эсептелип, баа жаңыртылып турат", — деди аткаминер. Эске салсак, минкаб күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн импортчуларга субсидия берүүнү чечкен. Ага ылайык, сатып алынган баа менен сатылган нарктын айырмасын минкаб төлөп бермекчи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1d/1101580411_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_61ccfdf8b2235d55d7344f8dbe002f63.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио