00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:54
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Ак илбирс” борбору – жапайы жаныбарларды изилдеп, коргоодогу жаңы кадам
11:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как отличить инвестиции от пирамиды и не пожалеть
12:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Орус тили жана Пушкин: маданият, билим берүү жана заманбап окутуу ыкмалары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Особый акцент
Принять или отказаться - юрист о том, когда наследство становится источником проблем
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Особый акцент
Принять или отказаться - юрист о том, когда наследство становится источником проблем
21:10
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстан каржы системасын ырааттуу санариптештирип, заманбап система куруп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өтүп жаткан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн финансы министрлери жана улуттук банктарынын жетекчилеринин жыйынында билдирди. Анын айтымында, санариптик трансформациянын негизги элементтеринин бири — мамлекеттик органдар, каржы уюмдары жана башка түзүмдөр ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылган "Түндүк" платформасы. Өкмөт башчы өзгөчө "Санарип сом" долбооруна токтолуп, ал экономиканын дээрлик бардык тармагын камтыган эң ири санариптик долбоорлордун бири экени белгиледи. "Биз "Санарип сом" толук ишке киргизилгенден кийин өлкө аймагындагы төлөмдөрдүн ыкчамдыгын, ачыктыгын жана коопсуздугун камсыз кылат деп ишенебиз", — деди Касымалиев.Жыйынга Кыргызстан, Россия, Пакистан, Беларусь, Иран, Индия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышууда. Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири — Шанхай кызматташтык уюмунун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча иштерди талкуулоо.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Ачык кабинет:жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында журналисттер менен бирге жөө басып, Стандартташтыруу жана метрология борборунун имаратына барды. Анын жүрүшүндө министр мекеменин ишмердүүлүгү, негизги иш багыттары жана учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышты. Журналисттерге тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын сыноочу лабораториянын иши көрсөтүлдү. Бул жерде товарлардын сапатын изилдөө жана белгиленген стандарттарга ылайыктуулугун текшерүү иштери жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, "Ачык кабинет:жоопкерчилик аймагы" медиадолбоору мамлекеттик органдардын ачыктыгын жогорулатууга багытталган жана журналисттерге жетекчилердин, ошондой эле ведомстволук мекемелердин иш процессине реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Климаттык каржылоо келечектин эмес, бүгүнкү күндүн маселесине айланды. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов ШКУга мүчө өлкөлөрдүн финансы министрлеринин жыйынында билдирди. Ал мөңгүлөрдүн эриши, суу корунун өзгөрүшү жана табигый кырсыктардын көбөйүшү олуттуу көйгөй жаратып жатканын белгиледи. "Кеп заманбап "жашыл" облигацияларды биргелешип чыгаруу жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн эл аралык климаттык каржылоону тартуучу платформаны түзүү жөнүндө болуп жатат", — деди Акжолов. Ошондой эле дүйнөлүк каржы системасынын чачырашы, санкциялык басым жана кордо турган салттуу валюталарды колдонууну чектөө финансылык жаңы кызматташуу механизмдерин түзүүнү талап кылып жатканын кошумчалады.
Иран менен диалогдо жакшы жылыштар бар, Тегеран кепке келип, Вашингтон менен оң маанайда сүйлөшүп жатат. Бул туурасында АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости жазды. "Иран чын эле сүйлөшүүнү жүргүзүп жатат деп ойлойм. Диалогду азырынча, эң жок дегенде, оң маанай менен жүргүзүп жатканына чын дилибизден ишенебиз жана биз алдыга жылып жатабыз", — деген ал. Вэнс, андан сырткары, тараптар бир пикирге келүүгө жакын калганын ырастаганы менен анын шарттарын азырынча макулдашууга мүмкүн боло электигин моюнга алды. Вице-президент калган маселелер боюнча бир пикирге келүүнү кепилдей албасын билдирип, бирок "кыйла оптимисттик маанайда" экенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0