https://sputnik.kg/20250719/azada-begimkulova-tuuraluu-faktylar--1095364690.html
Шарактап жүрүп, шар кетти. Талантты сүйгөндөрдүн эсинде калган Азада Бегимкулова
Шарактап жүрүп, шар кетти. Талантты сүйгөндөрдүн эсинде калган Азада Бегимкулова
Sputnik Кыргызстан
Кээде керемет обондорду угуп, мунун текстин ким жазды экен деп ойлонуп калабыз. Ошондойлордун айрымдарын Азада Бегимкулованын жазганын угарыбыз менен өзүнүн... 19.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-19T19:13+0600
2025-07-19T19:13+0600
2025-07-19T19:13+0600
кыргызстан
эскерүү
акын
жазуучу
чыгарма
https://sputnik.kg/img/103767/44/1037674400_0:0:3000:1688_1920x0_80_0_0_4c71c860c73daea4f2f4752bdd13e377.jpg
Ырас, союз кезиндеги чарбалык иштер, комсомолдук тапшырмалар, көркөм адабиятты жайылтуу бюросунун, кыргыз тили коомунун ыбырсыган жумуштары, жүрөк оорусу, баласыздык кайгысы аны ыр-аңгеме жазуудан бир топ алаксытты. Ошого карабай аялдык сезими менен ички дүйнөсүн булкуп чыккан лирикаларын, кара сөздө чыйрак аңгемелерин жазып, адабият дүйнөсүндө из калтыра алды. Биз кыргыз көркөм сөз өнөрүндө айтар сөзүн толук айта албай 46 жашында арабыздан бөлүнүп кеткен Азада (Азадабегим) Бегимкулова тууралуу 13 факт сунуштайбыз. Акындын балалык жылдары. Азада Бегимкулова 1950-жылы 10-ноябрда туулган. Атасы Иманкул Бегимкулов облустук каржы бөлүмүн, облустук аскер комиссариатын башкарган, жалпы чөлкөмгө аты чыккан киши болгон. Кыз жаштайынан Кыргыз ССРинин Жаңы-Жол, Өзбек ССРинин Наманган облусунун Касан-Сай деген жерлеринде жүрүп, өзбекче, кыргызча жакшы сүйлөп өсөт. Атасы китеп-гезитти үзбөй окуган киши болгону үчүн уул-кыздары да адабиятка, маданиятка жакын эле. 8-класстан эле ырлары гезиттерге басылып, сегизди бүткөн соң райондун борборундагы дүкөндө иштеп калат, эл менен иштөө, соода иши аны тың болууга, жемин жедирбөөгө үйрөттү. Аталаш сиңдиси Сабиранын айтуусуна караганда, Азада беш жашка чыкканда апасы каза болот, бул анын тагдырына аябай сокку урат. Атасы турмуштун айынан Өзбекстандын Касан-Сай деген жеринен башка аял алган эле, ушул учурда 17ге келип калган Азада өз алдынчалыкты эңсеп Ош шаарына кетет. Атасынын жана агасынын таасири. Азада бала кезден ыр жазып жүрсө да башка кесипке окуду. Атасы Иманкул каржы тармагында иштеген, агасы Эркин Москвада окуган, кийин өлкөдөгү белгилүү финансист болгон, булар Азадага же кеңеш бергенби, же колдоо кылганбы, адегенде 1974-жылы Фрунзе кооперативдик техникумун, андан соң Самарканд кооперативдик институтун бүтүргөн. Бул ошол кездеги "кол жетпес", "сүт көл-май көл" кызматтарга алып барар окуу жайлары болчу. Негедир аны соодагерлик эмес, комсомолдук иштер өзүнө тарта берген, ал кезде жалындап өздөрүнө батпай турган жаштар комсомолдук "вожак" болгусу келчү. Оорусу жана окуусу. Фрунзе кооперативдик техникумунда окуп жатканда эмнегедир ал жерден Ошко иштегени кетет, Ошто ооруп калат да, адегенде Жалал-Абадга барат, андан Москвада окуган Эркин агасына телеграмма уруп, ал борбор калаага чакыртып, ошол жакта дарыланат. Аялдардын оорусу менен ооруп, жатында пайда болгон этти (киста) алдырат да, ошондон төрөбөс болуп калат. Кооперативдик техникумдагы окуусун кайра калыбына келтирип, аябай активдүүлүгүн көрсөтүп, окуу жайдын Комсомол комитетин башкарат, коомдук иштерге да жалындап катышып, мыкты окуп, окуусун андан ары улантууну самайт. Турмуш жолуна бирге түшкөндөр. Фрунзеде жүргөндө турмушка чыкты. Ал журналисттер коомчулугуна жакшы таанымал Советбек Абышкаев деген жигит болчу, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси эле. Кичи-Кемин айылынан болчу. Сатиралык чыгармаларды жазып жүрчү, милициялык чини бар кызматкер эле. Экөө бала көрбөдү. Ажырашып кетти. Андан кийин Надыр деген жигитке турмушка чыкты. Сузактык жигит эле, экөөнүн да оту күйүшпөй калды. Ушундай болушуна анын согончогу канабагандыгы себеп болду окшойт. Ошентсе да кимдир бирөөлөргө сүйүүсүн өчүрбөдү, сүйө алды, сүйдүрө алды. "Мен үчүн кыз деле кымбат эмес, тааныбаган бирөөнү ээрчип кетет, мен үчүн уул деле кымбат эмес, аял алса анын көзүн карап кетет" деп өзүн-өзү сооротту. Мен билген Азадакан. Ошто окугандар, иштегендер Азада Бегимкулованы жакшы билип калдык: капкара ойноок көздөрү жоодурап, кара чачтары кимди болбосун өзүнө жалт каратчу, шашып жүрчү, шаңкылдап күлчү, кабагым-кашым дечү эмес, сүйлөгөндө аял-эркекти анча эле ылгабай сүйлөй берчү. Азыр баары кие баштаган улуттук кийимдерди Ошто алгач ушул Азадабегим баштады, кош этек кийип, чачын майдалап өрүп, саймалуу кемселин келиштирип, башына жарашыктуу үкү тебетей же топу кондуруп алчу. Ошондой улуттук форма менен Югославияда көпчүлүктүн көзүнө урунган. Жазуучулар менен кандай гана кечелерге болбосун сөзсүз келип, жалындап, жаркылдап, артисттерге окшоп ырларын окуп турчу. Ошол өткөн кылымдын 80-жылдарындагы кыргыз акындарынын баары анын айтканы менен болуп, анын ырларын угуп, Ош облустук китеп сүйүүчүлөр коомунда төрайым болуп иштегендиктен кайда десе ошол жакка ээрчип жүрчү. "Аялыңмын никем кыйбаган, арманымсың жаным кыйнаган, сараңдыгын көрчү тагдырдын, жашооңо жолдош кылбаган" деген ырларын окуп, залда отурган эркектерди сыдыра карап койгондо баары эле шыпшынып койчу. Күтүлбөгөндөй керзи өтүгүн кийип талаага чыгып кетти. Өткөн кылымдын 80-жылдарында ошол кездеги жалпы союзда комсомолдук бригадалар оожаланып, кыздар бригадаларына өзгөчө көңүл бурулган. Алардын ири алды 70-жылдарда Базар-Коргондо Социалисттик Эмгектин Баатыры Өлмөсхан Атабекова раистик кылган колхоздо Асылкан Акматова жетекчилик кылган "Он алты кыз" деген жаштардын пахтачылык боюнча комсомолдук бригадасы уюштурулуп, алардын даңкы бүт СССРге жайылып, Ленин комсомолу сыйлыгын алган кез. Мына ошолордун жолун жолдоп Азада Бегимкулова Ош облусунун Кара-Суу районунда Кашкар-Кыштактагы Карл Маркс атындагы колхоздо кыздардын пахтачылык бригадасын уюштурду. Алар пахтада эле эмес, сакманда да, курулушта да, чөптө да иштеп кетти. Ал эле эмес үгүт бригада болуп, концерттерди да берип жүрдү, поэзия кечелерин өткөрүштү. Бригаданын атагы алыска угулду. Сүрөттөрү Москванын түстүү журналдарына басылды. Өкмөт кыздарды көптөгөн жерлерге, анын ичинде ал кезде чет өлкөгө чыгаруу мүмкүн болбосо да Европа өлкөлөрүнө жиберип, саякаттатып келди. Телесюжеттер тартылды, гезиттер үзбөй макалаларды чыгарып жатты, сыйлыктарды алды, Азада бригадир жыйындарда жалындуу сөздөрүн сүйлөдү. Эмгек жолундагы энчилер. Пахтачылык бригадасынан кийин кыйла таанылып калган акын-жазуучу катары Ош облустук китепкөйлөр коомунун төрайымы, Кыргызстан жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы, ошол облустук "Кыргыз тил коомунун" жетектөөчү адиси болуп эмгектенди. Бул жумуштарда ал кабинетте отуруп албай эл менен иштөөнүн үлгүсүн көрсөттү. "Алаканда аткан таң". Студент кезинде, 70-жылдарда, Фрунзе шаарында Ленин атындагы заводдун маданият сарайында Беганас Сартов жетекчилик кылган "Тоо жылдызы" аталышында жаш талапкерлер үчүн адабий ийрим иштей турган. Далай акын-жазуучуларды тарбиялап чыгарган бул уюмга жаркылдаган студент кыз Азада да барып жүрүп, дароо эле көзгө урунду, бир жолу ийримдегилер анын "Алаканда аткан таң" деген чыгармасын да талкуулашып, жакшы баа беришти. Ушундай аталышта биринчи жыйнагы да чыкты. Анын артынан эле "Мээримим адамдарга", "Мүдөө", "Каяша", "Сен окубаган кат" деген китептери басылып, адабий коомчулукка аты таанылды. Өз тагдырын өзү жазган прозаик. "Алаканда аткан таң", "Эненин көз жашы", "Кечиккен күздүн жамгыры", "Биз сүйгөн жыпар гүл кайда", "Жаңы кыз", "Кичинекей койчу", "Азгырык", "Аял жазыгы", "Классташтар", "Алыстагы балдыз", "Түнкү телеграмма", "Студенттик өмүрдөн бир үзүм" деген сыяктуу аңгемелеринин негизинде өз тагдыры, өзүнүн балалыгы, студенттик курагы, жаштыгы жашырынып жаткансыйт. Өгөй энеден запкы тарткан кыздын апасын жоктоо, бактылуу да, бактысыз да сүйүү, алгачкы махабат азабы – бул аңгемелердин негизги темасы болгон. Алардан өзгөчө Гүлбадам деген жетим кыздын ыйына кошо кайгырабыз. Бул аңгемелер жаштарга ылайык жазылган, жеңил окулат. Башкысы – сюжеттеринде аял эркиндигине умтулуу, бала эңсеген эне кызыл сызык менен бир сызылып өтөт. "Ош тополоңунда" ортодо жүрдү. Азада Бегимкулованын акындык жүрөгү, эки элдин арасында чоңойгондугу 1990-жылдагы "Ош окуясы" деп аталган этникалык кагылышта өзгөчө көрүндү. Тополоңчулардын арасына түшүп калып, аларды бал тили, акылмандыгы менен ийитип бошонуп чыгып гана калбай, элдик кошуундарды көчөгө алып чыгып, өзү командир болуп, эки тарапты жараштырууга да салым кошкон. Мындай чыр-чатактарда Азададай эр жүрөк аялдар керек эле. Көптөгөн ырларына обондор чыккан. Алар: Жанышбек Кочкоров обондорун чыгарып, ырдап жүргөн "Мүдөө", "Өтүнүч", "Сизге", "Кыргызымдын мырзасы", Арзыбек Бедияров обон чыгарып, көп аткаруучулар ырдап жүргөн "Жаштыгыңды аядым", Роза Аманова, Алтынай Нарбаева аткарып жүргөн Жанышбек Кочкоровдун "Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин" ж.б. ырларынын тексттери. Абдибали Акимбеков "Аманың тилеп жүрөйүн" деген сөзүнө обон жаратып, аны Шахра Талипова аткарып жүрөт. Бул ырлар Азада Бегимкулованын ысымын эстетип, күн сайын кулагыбызга жаңырат. Ал тургай өзү сөзүн да жазып, обонун да чыгарган (айрымдар обону Алтымыш Кадыровдуку дешет) "Үйүңүзгө болом шам" деген керемет чыгармасы бар. Өлүмү. Өлөр күнүн сезген бекен, 1996-жылы 46 жашында Оштон Бишкекке келиптир да, акын Меңди Мамазаировага жолугуп, дарыланууга жатарын айтып, "эже, мен жакында өлөм" деген экен. Айткандай эле болду. Бул кабарды угуп, лейлектик курдашы Бүбүсара Калыкова табышмактуу символикалык "Жалгыз ак куу" деген ырында мындай саптарды жазган: "Сыбызгыган муңдуу үнү кыяктын, жүрөгүмдүн кайгы-арманы сыяктуу, жерге боюн таштап учуп келатат, жараланып, жалгыз калган бир ак куу...", "Жалгыз ак куу бийикте учуп бараткан, жаратынан кызыл тамчы кан аккан", "Бара жатат даярданып өлүмгө, арга таппай кайгы-муңун басышка, абалына боло албай арачы, алсыз болуп турганымды карачы", "Өлбө ак куу, өлбө, өлбө, кулаба, табылса экен бул арганын дабасы". Ошол жараланып, жалгыз калган ак кууга эч бирибиз жардам бере албай калдык да, көкүрөгүн канаткан бойдон "Билген билер, билбегенге не чара, бейкапарга болормун бир бечара, топуракка жашынганда турпатым, топурашып сөз айтышаар ич ара" деп келбес жакка кете берди... Экинчи өмүрү. 2000-жылы "Экинчи өмүр" деген ат менен чыгармалар жыйнагы жарык көрдү. Аксы районундагы №45 мектепке, Ала-Бука районунун борборундагы бир көчөгө аты берилди, Жалал-Абадда "Азадабегим" деп аталган фольклордук-этнографиялык топ түзүлдү.
https://sputnik.kg/20241130/kasymaly-zhantoshev-boyuncha-surot-turmok-1090504296.html
https://sputnik.kg/20250608/akyn-anatay-omurkanov-tuuraluu-fakty-1094432774.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103767/44/1037674400_566:0:2911:1759_1920x0_80_0_0_f8c6428ee83ff8ea217ecab288c98fde.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
кыргызстан, эскерүү, акын, жазуучу, чыгарма
кыргызстан, эскерүү, акын, жазуучу, чыгарма
Ырас, союз кезиндеги чарбалык иштер, комсомолдук тапшырмалар, көркөм адабиятты жайылтуу бюросунун, кыргыз тили коомунун ыбырсыган жумуштары, жүрөк оорусу, баласыздык кайгысы аны ыр-аңгеме жазуудан бир топ алаксытты. Ошого карабай аялдык сезими менен ички дүйнөсүн булкуп чыккан лирикаларын, кара сөздө чыйрак аңгемелерин жазып, адабият дүйнөсүндө из калтыра алды.
Биз кыргыз көркөм сөз өнөрүндө айтар сөзүн толук айта албай 46 жашында арабыздан бөлүнүп кеткен Азада (Азадабегим) Бегимкулова тууралуу 13 факт сунуштайбыз.
Акындын балалык жылдары. Азада Бегимкулова 1950-жылы 10-ноябрда туулган. Атасы Иманкул Бегимкулов облустук каржы бөлүмүн, облустук аскер комиссариатын башкарган, жалпы чөлкөмгө аты чыккан киши болгон. Кыз жаштайынан Кыргыз ССРинин Жаңы-Жол, Өзбек ССРинин Наманган облусунун Касан-Сай деген жерлеринде жүрүп, өзбекче, кыргызча жакшы сүйлөп өсөт. Атасы китеп-гезитти үзбөй окуган киши болгону үчүн уул-кыздары да адабиятка, маданиятка жакын эле. 8-класстан эле ырлары гезиттерге басылып, сегизди бүткөн соң райондун борборундагы дүкөндө иштеп калат, эл менен иштөө, соода иши аны тың болууга, жемин жедирбөөгө үйрөттү. Аталаш сиңдиси Сабиранын айтуусуна караганда, Азада беш жашка чыкканда апасы каза болот, бул анын тагдырына аябай сокку урат. Атасы турмуштун айынан Өзбекстандын Касан-Сай деген жеринен башка аял алган эле, ушул учурда 17ге келип калган Азада өз алдынчалыкты эңсеп Ош шаарына кетет.
Атасынын жана агасынын таасири. Азада бала кезден ыр жазып жүрсө да башка кесипке окуду. Атасы Иманкул каржы тармагында иштеген, агасы Эркин Москвада окуган, кийин өлкөдөгү белгилүү финансист болгон, булар Азадага же кеңеш бергенби, же колдоо кылганбы, адегенде 1974-жылы Фрунзе кооперативдик техникумун, андан соң Самарканд кооперативдик институтун бүтүргөн. Бул ошол кездеги "кол жетпес", "сүт көл-май көл" кызматтарга алып барар окуу жайлары болчу. Негедир аны соодагерлик эмес, комсомолдук иштер өзүнө тарта берген, ал кезде жалындап өздөрүнө батпай турган жаштар комсомолдук "вожак" болгусу келчү.
Оорусу жана окуусу. Фрунзе кооперативдик техникумунда окуп жатканда эмнегедир ал жерден Ошко иштегени кетет, Ошто ооруп калат да, адегенде Жалал-Абадга барат, андан Москвада окуган Эркин агасына телеграмма уруп, ал борбор калаага чакыртып, ошол жакта дарыланат. Аялдардын оорусу менен ооруп, жатында пайда болгон этти (киста) алдырат да, ошондон төрөбөс болуп калат. Кооперативдик техникумдагы окуусун кайра калыбына келтирип, аябай активдүүлүгүн көрсөтүп, окуу жайдын Комсомол комитетин башкарат, коомдук иштерге да жалындап катышып, мыкты окуп, окуусун андан ары улантууну самайт.
Турмуш жолуна бирге түшкөндөр. Фрунзеде жүргөндө турмушка чыкты. Ал журналисттер коомчулугуна жакшы таанымал Советбек Абышкаев деген жигит болчу, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси эле. Кичи-Кемин айылынан болчу. Сатиралык чыгармаларды жазып жүрчү, милициялык чини бар кызматкер эле. Экөө бала көрбөдү. Ажырашып кетти. Андан кийин Надыр деген жигитке турмушка чыкты. Сузактык жигит эле, экөөнүн да оту күйүшпөй калды. Ушундай болушуна анын согончогу канабагандыгы себеп болду окшойт. Ошентсе да кимдир бирөөлөргө сүйүүсүн өчүрбөдү, сүйө алды, сүйдүрө алды. "Мен үчүн кыз деле кымбат эмес, тааныбаган бирөөнү ээрчип кетет, мен үчүн уул деле кымбат эмес, аял алса анын көзүн карап кетет" деп өзүн-өзү сооротту.
Мен билген Азадакан. Ошто окугандар, иштегендер Азада Бегимкулованы жакшы билип калдык: капкара ойноок көздөрү жоодурап, кара чачтары кимди болбосун өзүнө жалт каратчу, шашып жүрчү, шаңкылдап күлчү, кабагым-кашым дечү эмес, сүйлөгөндө аял-эркекти анча эле ылгабай сүйлөй берчү. Азыр баары кие баштаган улуттук кийимдерди Ошто алгач ушул Азадабегим баштады, кош этек кийип, чачын майдалап өрүп, саймалуу кемселин келиштирип, башына жарашыктуу үкү тебетей же топу кондуруп алчу. Ошондой улуттук форма менен Югославияда көпчүлүктүн көзүнө урунган. Жазуучулар менен кандай гана кечелерге болбосун сөзсүз келип, жалындап, жаркылдап, артисттерге окшоп ырларын окуп турчу. Ошол өткөн кылымдын 80-жылдарындагы кыргыз акындарынын баары анын айтканы менен болуп, анын ырларын угуп, Ош облустук китеп сүйүүчүлөр коомунда төрайым болуп иштегендиктен кайда десе ошол жакка ээрчип жүрчү. "Аялыңмын никем кыйбаган, арманымсың жаным кыйнаган, сараңдыгын көрчү тагдырдын, жашооңо жолдош кылбаган" деген ырларын окуп, залда отурган эркектерди сыдыра карап койгондо баары эле шыпшынып койчу.

30 Жетинин айы 2024, 19:14
Күтүлбөгөндөй керзи өтүгүн кийип талаага чыгып кетти. Өткөн кылымдын 80-жылдарында ошол кездеги жалпы союзда комсомолдук бригадалар оожаланып, кыздар бригадаларына өзгөчө көңүл бурулган. Алардын ири алды 70-жылдарда Базар-Коргондо Социалисттик Эмгектин Баатыры Өлмөсхан Атабекова раистик кылган колхоздо Асылкан Акматова жетекчилик кылган "Он алты кыз" деген жаштардын пахтачылык боюнча комсомолдук бригадасы уюштурулуп, алардын даңкы бүт СССРге жайылып, Ленин комсомолу сыйлыгын алган кез. Мына ошолордун жолун жолдоп Азада Бегимкулова Ош облусунун Кара-Суу районунда Кашкар-Кыштактагы Карл Маркс атындагы колхоздо кыздардын пахтачылык бригадасын уюштурду. Алар пахтада эле эмес, сакманда да, курулушта да, чөптө да иштеп кетти. Ал эле эмес үгүт бригада болуп, концерттерди да берип жүрдү, поэзия кечелерин өткөрүштү. Бригаданын атагы алыска угулду. Сүрөттөрү Москванын түстүү журналдарына басылды. Өкмөт кыздарды көптөгөн жерлерге, анын ичинде ал кезде чет өлкөгө чыгаруу мүмкүн болбосо да Европа өлкөлөрүнө жиберип, саякаттатып келди. Телесюжеттер тартылды, гезиттер үзбөй макалаларды чыгарып жатты, сыйлыктарды алды, Азада бригадир жыйындарда жалындуу сөздөрүн сүйлөдү.
Эмгек жолундагы энчилер. Пахтачылык бригадасынан кийин кыйла таанылып калган акын-жазуучу катары Ош облустук китепкөйлөр коомунун төрайымы, Кыргызстан жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы, ошол облустук "Кыргыз тил коомунун" жетектөөчү адиси болуп эмгектенди. Бул жумуштарда ал кабинетте отуруп албай эл менен иштөөнүн үлгүсүн көрсөттү.
"Алаканда аткан таң". Студент кезинде, 70-жылдарда, Фрунзе шаарында Ленин атындагы заводдун маданият сарайында Беганас Сартов жетекчилик кылган "Тоо жылдызы" аталышында жаш талапкерлер үчүн адабий ийрим иштей турган. Далай акын-жазуучуларды тарбиялап чыгарган бул уюмга жаркылдаган студент кыз Азада да барып жүрүп, дароо эле көзгө урунду, бир жолу ийримдегилер анын "Алаканда аткан таң" деген чыгармасын да талкуулашып, жакшы баа беришти. Ушундай аталышта биринчи жыйнагы да чыкты. Анын артынан эле "Мээримим адамдарга", "Мүдөө", "Каяша", "Сен окубаган кат" деген китептери басылып, адабий коомчулукка аты таанылды.
Өз тагдырын өзү жазган прозаик. "Алаканда аткан таң", "Эненин көз жашы", "Кечиккен күздүн жамгыры", "Биз сүйгөн жыпар гүл кайда", "Жаңы кыз", "Кичинекей койчу", "Азгырык", "Аял жазыгы", "Классташтар", "Алыстагы балдыз", "Түнкү телеграмма", "Студенттик өмүрдөн бир үзүм" деген сыяктуу аңгемелеринин негизинде өз тагдыры, өзүнүн балалыгы, студенттик курагы, жаштыгы жашырынып жаткансыйт. Өгөй энеден запкы тарткан кыздын апасын жоктоо, бактылуу да, бактысыз да сүйүү, алгачкы махабат азабы – бул аңгемелердин негизги темасы болгон. Алардан өзгөчө Гүлбадам деген жетим кыздын ыйына кошо кайгырабыз. Бул аңгемелер жаштарга ылайык жазылган, жеңил окулат. Башкысы – сюжеттеринде аял эркиндигине умтулуу, бала эңсеген эне кызыл сызык менен бир сызылып өтөт.
"Ош тополоңунда" ортодо жүрдү. Азада Бегимкулованын акындык жүрөгү, эки элдин арасында чоңойгондугу 1990-жылдагы "Ош окуясы" деп аталган этникалык кагылышта өзгөчө көрүндү. Тополоңчулардын арасына түшүп калып, аларды бал тили, акылмандыгы менен ийитип бошонуп чыгып гана калбай, элдик кошуундарды көчөгө алып чыгып, өзү командир болуп, эки тарапты жараштырууга да салым кошкон. Мындай чыр-чатактарда Азададай эр жүрөк аялдар керек эле.
Көптөгөн ырларына обондор чыккан. Алар: Жанышбек Кочкоров обондорун чыгарып, ырдап жүргөн "Мүдөө", "Өтүнүч", "Сизге", "Кыргызымдын мырзасы", Арзыбек Бедияров обон чыгарып, көп аткаруучулар ырдап жүргөн "Жаштыгыңды аядым", Роза Аманова, Алтынай Нарбаева аткарып жүргөн Жанышбек Кочкоровдун "Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин" ж.б. ырларынын тексттери. Абдибали Акимбеков "Аманың тилеп жүрөйүн" деген сөзүнө обон жаратып, аны Шахра Талипова аткарып жүрөт. Бул ырлар Азада Бегимкулованын ысымын эстетип, күн сайын кулагыбызга жаңырат. Ал тургай өзү сөзүн да жазып, обонун да чыгарган (айрымдар обону Алтымыш Кадыровдуку дешет) "Үйүңүзгө болом шам" деген керемет чыгармасы бар.
Өлүмү. Өлөр күнүн сезген бекен, 1996-жылы 46 жашында Оштон Бишкекке келиптир да, акын Меңди Мамазаировага жолугуп, дарыланууга жатарын айтып, "эже, мен жакында өлөм" деген экен. Айткандай эле болду. Бул кабарды угуп, лейлектик курдашы Бүбүсара Калыкова табышмактуу символикалык "Жалгыз ак куу" деген ырында мындай саптарды жазган: "Сыбызгыган муңдуу үнү кыяктын, жүрөгүмдүн кайгы-арманы сыяктуу, жерге боюн таштап учуп келатат, жараланып, жалгыз калган бир ак куу...", "Жалгыз ак куу бийикте учуп бараткан, жаратынан кызыл тамчы кан аккан", "Бара жатат даярданып өлүмгө, арга таппай кайгы-муңун басышка, абалына боло албай арачы, алсыз болуп турганымды карачы", "Өлбө ак куу, өлбө, өлбө, кулаба, табылса экен бул арганын дабасы". Ошол жараланып, жалгыз калган ак кууга эч бирибиз жардам бере албай калдык да, көкүрөгүн канаткан бойдон "Билген билер, билбегенге не чара, бейкапарга болормун бир бечара, топуракка жашынганда турпатым, топурашып сөз айтышаар ич ара" деп келбес жакка кете берди...
Экинчи өмүрү. 2000-жылы "Экинчи өмүр" деген ат менен чыгармалар жыйнагы жарык көрдү. Аксы районундагы №45 мектепке, Ала-Бука районунун борборундагы бир көчөгө аты берилди, Жалал-Абадда "Азадабегим" деп аталган фольклордук-этнографиялык топ түзүлдү.