https://sputnik.kg/20260528/1101571390.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Күйүүчү майдын максималдуу чекене баасы ар бир шаар жана облус боюнча аныкталып жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жөнгө салынуучу... 28.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-28T17:00+0600
2026-05-28T17:00+0600
2026-05-28T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1c/1101571224_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d152d650b0061337899d2994c3be35ab.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Күйүүчү майдын максималдуу чекене баасы ар бир шаар жана облус боюнча аныкталып жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Бейше Сатыгулов Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, иш 8-июнга чейин жыйынтыкталып бүтөт. "Андан соң тиешелүү буйрук чыгып, аймактарга жөнөтүлөт. Жергиликтүү органдар күн сайын мониторинг жүргүзүп, бааны негизсиз көтөргөн май куюучу жайларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде айып пул салынат", — деди Сатыгулов. Учурда субсидиянын көлөмүн аныктоо боюнча комиссия түзүлүп, натыйжада импорттоочуларга тиешелүү акча төлөнөрү айтылды. "Азырынча эсептелген баага компаниялардын кирешеси жана рентабелдүүлүгү кошула элек. Жакынкы күндөрү акыркы максималдуу баа бекитилип, расмий жарыяланат. Эгер Россиядагы нефтини кайра иштетүүчү заводдордо баа өзгөрсө, кайра эсептелип, баа жаңыртылып турат", — деди аткаминер.
Россия ШКУ өлкөлөрүнүн кызматташтыгы үчүн келерки жылга жол картасы форматындагы сунуштарды иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин КМШ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык департаментинин директорунун орун басары Данил Турланов Чолпон-Ата шаарында өткөн форумда билдирди. Анын айтымында, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн региондор жана муниципалитеттер аралык кызматташтыгын бекемдөө, ошондой эле биргелешкен экономикалык демилгелерди иштеп чыгуу бул форумдун негизги максаттарынын бири болуп саналат. Турланов ШКУ өлкөлөрү соода шарттарын жакшыртуу, көз карандысыз финансылык инфраструктураны өнүктүрүү жана транспорттук-логистикалык байланышты күчөтүү багытында биргелешип иштеп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал уюмга мүчө өлкөлөрдө дүйнө калкынын дээрлик жарымы жашай турганын, ал эми жалпы ички дүң өнүм 26 триллион доллардан ашып, дүйнөлүк көрсөткүчтүн төрттөн бирин түзөрүн эске салды.
Миң-Куш аймагындагы уран калдыктары сакталган жай рекультивацияланып бүткөнү тууралуу протоколго ӨКМ менен "Росатом" мамлекеттик корпорациясы кол койду. Ошондой эле Миң-Кушта тоо-кен өнөр жайынын тарыхына жана Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүнө арналган мемориалдык стела дагы ачылган. "Росатомдун" башкы директорунун орун басары Николай Спасский долбоор экономикалык эле эмес, моралдык мааниге дагы ээ экенин белгиледи. "Биринчи этапты жыйынтыктап жатабыз. КМШнын алкагында эбегейсиз иштер аткарылды. Миң-Куш менен Кажы-Сайда 1,5 млн куб метр топурак ташылып, зыянсыздандырылды. Долбоордун өзгөчөлүгү — бир эле учурда бир нече багытта иштеп жатабыз. Мындай технологиялар дүйнөдө болгон эмес. Биз сөз менен эмес, иш менен көрсөтүп жатабыз", — деди ал.
Украиналык балдар Батыштагы ЛГБТ* бүлөлөрдүн асырап алуусу үчүн өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып жатышат. Бул тууралуу Россия ТИМинин "Украинадагы адам укугу тууралуу" докладында айтыларын РИА Новости жазды. "Көп сандаган журналисттик иликтөөлөр Украина аймагынан өлкөнүн жашы жете элек жарандары ЕБ менен АКШга мыйзамсыз чыгарылып жатканы, аларды ЛГБТ* бүлөлөр тарабынан асырап алуу да каралганы аныкталган", — деп айтылат документте. Донбасс республикаларын бошотуу аракеттеринин жүрүшүндө Киев бийлигинин миңдеген баланы Батыш мамлекеттерине мыйзамсыз эвакуациялаганы тууралуу фактылар ачыкталган. ТИМ мунун баарын тастыктаган документтер жок кылынып келгенин белгиледи.
Күйүүчү майдын максималдуу чекене баасы ар бир шаар жана облус боюнча аныкталып жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Бейше Сатыгулов Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, иш 8-июнга чейин жыйынтыкталып бүтөт. "Андан соң тиешелүү буйрук чыгып, аймактарга жөнөтүлөт. Жергиликтүү органдар күн сайын мониторинг жүргүзүп, бааны негизсиз көтөргөн май куюучу жайларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде айып пул салынат", — деди Сатыгулов. Учурда субсидиянын көлөмүн аныктоо боюнча комиссия түзүлүп, натыйжада импорттоочуларга тиешелүү акча төлөнөрү айтылды. "Азырынча эсептелген баага компаниялардын кирешеси жана рентабелдүүлүгү кошула элек. Жакынкы күндөрү акыркы максималдуу баа бекитилип, расмий жарыяланат. Эгер Россиядагы нефтини кайра иштетүүчү заводдордо баа өзгөрсө, кайра эсептелип, баа жаңыртылып турат", — деди аткаминер.Россия ШКУ өлкөлөрүнүн кызматташтыгы үчүн келерки жылга жол картасы форматындагы сунуштарды иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин КМШ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык департаментинин директорунун орун басары Данил Турланов Чолпон-Ата шаарында өткөн форумда билдирди. Анын айтымында, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн региондор жана муниципалитеттер аралык кызматташтыгын бекемдөө, ошондой эле биргелешкен экономикалык демилгелерди иштеп чыгуу бул форумдун негизги максаттарынын бири болуп саналат. Турланов ШКУ өлкөлөрү соода шарттарын жакшыртуу, көз карандысыз финансылык инфраструктураны өнүктүрүү жана транспорттук-логистикалык байланышты күчөтүү багытында биргелешип иштеп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал уюмга мүчө өлкөлөрдө дүйнө калкынын дээрлик жарымы жашай турганын, ал эми жалпы ички дүң өнүм 26 триллион доллардан ашып, дүйнөлүк көрсөткүчтүн төрттөн бирин түзөрүн эске салды. Миң-Куш аймагындагы уран калдыктары сакталган жай рекультивацияланып бүткөнү тууралуу протоколго ӨКМ менен "Росатом" мамлекеттик корпорациясы кол койду. Ошондой эле Миң-Кушта тоо-кен өнөр жайынын тарыхына жана Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүнө арналган мемориалдык стела дагы ачылган. "Росатомдун" башкы директорунун орун басары Николай Спасский долбоор экономикалык эле эмес, моралдык мааниге дагы ээ экенин белгиледи. "Биринчи этапты жыйынтыктап жатабыз. КМШнын алкагында эбегейсиз иштер аткарылды. Миң-Куш менен Кажы-Сайда 1,5 млн куб метр топурак ташылып, зыянсыздандырылды. Долбоордун өзгөчөлүгү — бир эле учурда бир нече багытта иштеп жатабыз. Мындай технологиялар дүйнөдө болгон эмес. Биз сөз менен эмес, иш менен көрсөтүп жатабыз", — деди ал.Украиналык балдар Батыштагы ЛГБТ* бүлөлөрдүн асырап алуусу үчүн өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып жатышат. Бул тууралуу Россия ТИМинин "Украинадагы адам укугу тууралуу" докладында айтыларын РИА Новости жазды. "Көп сандаган журналисттик иликтөөлөр Украина аймагынан өлкөнүн жашы жете элек жарандары ЕБ менен АКШга мыйзамсыз чыгарылып жатканы, аларды ЛГБТ* бүлөлөр тарабынан асырап алуу да каралганы аныкталган", — деп айтылат документте. Донбасс республикаларын бошотуу аракеттеринин жүрүшүндө Киев бийлигинин миңдеген баланы Батыш мамлекеттерине мыйзамсыз эвакуациялаганы тууралуу фактылар ачыкталган. ТИМ мунун баарын тастыктаган документтер жок кылынып келгенин белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1c/1101571224_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1517d940a6c860b23f1809f9d49f7757.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио