00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:59
1 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Чек ара — тынчтыктын үнсүз сакчысы. Чек арачыларды даярдоо кандай жүрүүдө?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Аскердик милдетин өтөөгө умтулгандар көбөйүп, жаштар арасында аталган кызматтын кадыр-баркы өсүп баратат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Куралдуу күчтөрдүн 34 жылдыгына арналган салтанатта билдирди.Өкмөт башчы аскер кызматкерлерин, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерин жана жалпы катышуучуларды бүгүнкү мааракелүү окуя менен куттуктап, мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууда улуттук армиянын ролу зор экенин белгиледи. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн түзүү эгемендүү мамлекеттин өнүгүүсүндөгү чечүүчү этап болгонун баса белгиледи. Армияны түзүүнүн татаал жолуна карабастан Куралдуу күчтөр даңктуу салттардын уландысын сактап, потенциалын ырааттуу түрдө чыңдап келе жатканы белгиленди. Төрага улуттук Куралдуу күчтөрдү түзүүгө демилгечи болгон армиянын ардагерлерине жана аскер башчыларына ыраазылык билдирип, алардын өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымын баса белгиледи. Касымалиев сөзүндө армияны модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулганын белгилеп, жаңы имараттар, аскер шаарчалары, казармалар курулуп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо сапатын жакшыртуу үчүн зарыл шарттар түзүлүп жатканына токтолду.
БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоо зарылдыгын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто өткөн глобалдык башкаруу боюнча тилектеш мамлекеттер тобунун жыйынында билдирди.Дипломат геосаясий чыңалуулар күч алып, жаңжалдар көбөйүп жатканын айтып, дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракетин бириктирүүгө чакырды. Кулубаев эл аралык укукка, мамлекеттердин эгемендүү тең укуктуулугуна жана ички иштерине кийлигишпөө принциптерине негизделген БУУнун ролун күчөтүүнү жактады.Ошондой эле Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкөлөрүнүн өкүлчүлүгүн кеңейтүү зарылдыгына токтолду. Министр Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөткөнүн эске салды. Анын айтымында, бул макам өлкөгө эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, жаңжалдарды алдын алууга жана террорчулук, трансулуттук кылмыштуулук, киберкоркунучтар, климаттын өзгөрүшү жана эпидемия сыяктуу коркунучтарга каршы күрөшкө салым кошууга мүмкүндүк берет.
Автоунаанын канча чакырым айдалганын азайтып, артка түрдүргөндөргө эми жаза каралды.Бул үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди. Аны ЖКнын депутаты Дастан Бекешев сунуштап, алып чыккан. Эми чакырымды жасап-түзөгөндөр айыпка жыгылмакчы. Мыйзам долбооруна ылайык, машинанын бул түзүлүшүндөгү көрсөткүчтү атайылап азайткандар жана муну жасап бергендер 10 миң сом, ал эми юридикалык жактар 28 миң сом төлөмөкчү.Эгерде одометрди оңдоп же алмаштырса, жазага кириптер болбойт.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекендештерге Россияга кирүүнүн жаңы эрежелерин эске салды. Бул тартип 30-июндан тарта күчүнө кирмекчи. Июндун акыркы күнүнөн тарта Россияга иштөө же окуу үчүн барууну пландаган кыргызстандыктар 72 саат мурда RuID тиркемеси аркылуу арыз тапшырышы керек болот. Өзгөчө кырдаалдарда арызды төрт саат мурда берүүгө уруксат кылынат. Талап кылынган документтердин тизмеси менен расмий порталдан таанышууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0