https://sputnik.kg/20251102/darkul-kuyukova-tuuraluu-13-fakt-1097526610.html
Карандай талант, кудай берген шык. Сахна алпы Даркүл Күйүкова тууралуу 13 факт
Карандай талант, кудай берген шык. Сахна алпы Даркүл Күйүкова тууралуу 13 факт
Sputnik Кыргызстан
Даркүл Күйүкова – кыргыз театр өнөрүндөгү кайталангыс талант, анын ролдору миңдеген көрүүчүнүн жүрөгүнөн орун тапкан. Керемет коңур жана бийик үнү, сахнадагы... 02.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-02T19:12+0600
2025-11-02T19:12+0600
2025-11-02T19:12+0600
кыргызстан
даркүл күйүкова
маданият
театр
сахна
талант
спектакль
кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
https://sputnik.kg/img/101972/76/1019727636_0:135:2007:1264_1920x0_80_0_0_7ef2b53e4b592a4521040a79c765d34c.jpg
Даркүл Күйүкова – кыргыз театр өнөрүндөгү кайталангыс талант, анын ролдору миңдеген көрүүчүнүн жүрөгүнөн орун тапкан. Керемет коңур жана бийик үнү, сахнадагы эч кимде жок кыймыл-аракети, өзү жаратып жаткан образ менен кошо жашашы биздин, XX кылымдын II жарымындагы өнөр сүйүүчүлөрүнүн, эсинде калды. Эжейибиз бүткүл өмүрүн, талант дараметин кыргыз искусствосун өнүктүрүүгө, улуттук колориттеги каарман аялдардын образын жаратууга жумшады. Биз бүгүн таланттуу театр жана кино актёру, 29-октябрда 106 жылдыгы белгиленген Даркүл Күйүкова тууралуу 13 фактыны сунуш кылабыз. Туулган мезгили, жери жана балалыгы. Даркүл Күйүкова 1919-жылы 29-октябрда (15-майда деген да маалымат бар) ошол кездеги аталышы боюнча айтканда РСФРдин Түркстан АССРинин Жети-Суу облусуна караган Пишпек уездинин Ворошилов районунун Төкөлдөш айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Бул жер — азыркы Бишкектин Свердлов районуна караштуу Чыгыш-5 кичи району турган аймак. Ал кезде шаарга канатташ кыргыздар жашаган кыштак болгон. Туулган жылы туура эмес экен, ал кездеги көпчүлүк жаштар сыяктуу лениндик комсомолго мүчөлүккө тезирээк өтүшүм керек деп 1921-жылды 1919-жыл деп жаздырып алган дейт кызы. Балалыгы ачарчылык, жокчулук жылдарга туш келди. Ошол эле кезде алгачкы советтик мектептер ачылып, балдар да, чоңдор да жапырт окууга тартылып, элдин жаңы бийликке үмүтү чоң эле. Мектепте 1-2-класстарда, 1930-1932-жылдарда, кийин атактуу театр таануучу болгон жана Сабира Күмүшалиеванын биринчи жубайы Көпбай Күмүшалиев окутуптур. Ошол кишинин таасири менен Даркүл эже театр ийримдерине да катышып, роль аткарып, хордо ырдачу. Кийин Фрунзеде ачылган Балдар жана өспүрүмдөр театрында 1936-жылдан тартып эл алдына чыга баштайт. Демек, анын балалыгы мектепте жана сахнада өттү. Артист кесибин аркалоого таята-таенеси каршы болсо да көгөрүп жүрүп, театрга бара берчү экен. Алгачкы ролдору. XX кылымдын 30-жылдары совет өкмөтү жана Коммунисттик партия идеологиялык иштерге өзгөчө маани берген, филормония ачылган. Ошол кезде 1938-жылдан тартып согуш башталган 1941-жылга чейин Даркүл Күйүкова Фрунзедеги Балдар жана өспүрүмдөр театрында актриса катары иштеп, Касымалы Жантөшевдин "Кичине баатыр" пьесасы боюнча коюлган спектаклде Болотбектин, ушул жылдары мыкты драматург жана режиссер катары таанылган Отунчу Сарбагышевдин "Көкүл" пьесасында Бурулдун, ушул эле автордун "Улуу мерген" драмасында Жыпардын, ал кездеги жаш адабиятчы Тазабек Саманчин 1938-жылы жазган "Берметтин уландары" чыгармасындагы Абыштын ролдорун аткарган. Ал кезде профессионал драматургдар, профессионал режиссёрлор жок болгон сыяктуу эле профессионал артисттер да жок болчу. Жаш актриса жогорудагы ролдорду турмушта өзү көрүп-билген адамдарды тууроо, ошолорго окшотуу менен эле аткарган. Ушул жол менен кыргыз театр өнөрү пайда болуп, калыптанган. Бул процессте Даркүл Күйүкованын орду чоң болгон. Төкөлдөштүн төрт кызы. Кыргыз маданият тарыхына кызыккандардын жана жалпы эле улуттук интеллигенциянын арасында "Төкөлдөштүн төрт кызы" деген түшүнүк бар. Ал төрт кыз Төкөлдөштө туулуп-өсүп, бала чагынан сахнага чыккан 1917-жылы туулгандар: улуулары опера ырчысы Сайра Кийизбаева, театр жана кино артисти Сабира Күмүшалиева, алардан бир аз жашыраагы Даркүл Күйүкова жана кичүүсү 1923-жылы туулган Бакен Кыдыкеева. Ушул төрт кыз мектеп сахнасынан профессионалдык деңгээлге көтөрүлүп, Сайра Кийизбаевадан башкасы адистиги боюнча атайын окуу жайларын да бүтүрбөй эле карандай таланты, кудай берген шыгы менен ээрчишип жүрүп, Ала-Тоодон ааламга өтүп, өнөрдүн бийик чокусуна жеткен. Жаш актриса жана генерал-майор. 1938-жылы октябрда Иван Панфилов Кыргыз ССРинин аскер комиссары болуп кызматка келет. Өтө баатыр, кадыр-барктуу, сүрдүү кишинин жубайы Фрунзедеги Свердлов райондук кеңешинин төрайымы болгон. Жубайлар ошол кездеги бардык эле алдыңкы интеллигенция сыяктуу театрга кызыккан. Генерал Балдар жана өспүрүмдөрдүн театрына кирип, кыргыз тилиндеги спектаклди көрөт, ошол оюнда кары кемпирдин ролун куду кемпирдей кылып ойногон 20лардагы Даркүлдүн талантына ыраазы болуп, аябай кол чапкан экен. Согуш жылдарында элдин мекенчилдик рухун көтөрүүгө салым кошкон. Фашисттик Германия менен согушуу үчүн эң биринчи кезекте советтик жоокерлердин, аны менен кошо тылдагы элдин маанайын көтөрүп, жеңишке ишендирүү керек эле. Бул үчүн советтик драматургия фольклордук мурастарга, элдик эпикалык чыгармачылыкка кайрылган. Артисттер да ролдорду ошол маанайда ойногон. 1941-жылы Балдар жана өспүрүмдөр театрынын базасында Кыргыз мамлекеттик драма театры негизделип, спектаклдерди профессионалдык деңгээлде коюуга жол ачылган. Согуш башталганда эле Жантөшев элдик эпоско кайрылып, "Курманбек" драмасын жазган, Даркүл Күйүкова бул чыгармада баатырдын жары Айганыштын образын жараткан, Аалы Токомбаевдин "Ант" драмасында медайым Зыйнаттын бейнесин ачып берген. Шыктанган жаштар атуулдук, мекенчилдик сезимдерин байытып, Мекенди коргоого ак дили менен кызмат кылган. Күндө текст жаттоо, айына бирден роль жаратуу. Согуштан кийин мамлекет советтик идеологияны жайылтуучулар катары театр өнөрүнө айрыкча көңүл болду. Ошол өнөрдүн эң башында Даркүл Күйүкова турду, режиссёрлор ар бир спектаклде ага башкы ролдордун бирин аткарууну сунуштап жатты. Кыргыз драма театрында коюлган Николай Гоголдун "Текшерүүчү" комедиясында Анна Андрееванын ролун аткарып, комедиялык пландагы актриса экендигин да тастыктады. Александр Фадеевдин "Жаш гвардия", Константин Симоновдун "Орус маселеси", Райкан Шүкүрбековдун "Менин айылым", "Жашыл токой", Александр Корнейчуктун "Калинкалуу талаа", Кубанычбек Маликов менен Аманкул Куттубаевдин "Биз баягы эмеспиз" деген спектаклдеринде бири-бирине окшобогон ар кыл тагдырдагы жана ар кыл мүнөздөгү аялдардын образын жаратты. Бул жылдарда театрдан эл аягы үзүлбөй, артисттер спектаклдери менен талаадагы дыйкандардын, тоодогу малчылардын, цехтеги жумушчулардын жанына чейин барып алардын руханий дүйнөсүн тарбиялап турган. XX кылымдын 50-60-жылдарында кыргыз драматургиясында Токтоболот Абдумомуновдун жылдызы өзгөчө жанды, таланттуу актриса анын "Замандаштар", "Кумдуу чап", "Курман", "Борбаш", "Тар капчыгай", "Атабектин кызы", "Ашырбай", "Абийир кечирбейт", "Бюро жүрүп жатат", "Жыгылган оогонго күлөт", "Таалай гүлдестеси", "Чолпонбай" деген сыяктуу пьесаларында ролдорду аткарды. Күйүкованын Жаңыл Мырзасы. Кубанычбек Маликов менен Аманкул Куттубаевдин "Жаңыл" драмасынын өзөгү — "Жаңыл Мырза" деп аталган элдик дастан. Алгач 1941-жылы Нарын облустук драма театрында коюлган, экинчи жолу 1945-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында да коюла баштап, 1959-жылы профессионалдык деңгээлде кайра тереңдетилген. Башкы каарман Жаңыл Мырзанын образын Даркүл Күйүкова жараткан. Өз уруусун жоодон сактап, намыс үчүн жакшы көрүп атса да күйөөлөп келген баатыр жигитти өлтүргөн тайманбас кыздын сахналык өмүрүн өзгөчө чеберчилик менен берген. Көчөдө бара жатып учурашкан көрүүчүлөр актрисаны Жаңыл деп алышкан. Бой келбети, сөөк-саактуу денеси, күркүрөгөн үнү актрисаны чын эле каарманына окшотуп турчу. Классиканы классикалык деңгээлде түшүнгөн. Бул жагынан кыргыз маданиятынын тарыхында ал аткарган Уильям Шекспирдин "Отелло" трагедиясында Эмилиянын, "Ричард III" драмасында Йорк королевасынын, Фридрих Шиллердин "Жүзү каралык жана сүйүү" драмасында леди Милфордун, Александр Островскийдин "Сепсиз кыз" драмасында Огудалованын, Максим Горькийдин "Егор Булычев" пьесасында Мельянын ролдору эстен чыккыс болуп калды. 1958-жылы Москвада Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасы болуп, анда Александр Островскийдин "Добул" ("Гроза") драмасында Кабаниха деген ачуулуу, эки жүздүү, миң кубулма, жексур аялдын көп кырдуу образын жаратып, москвалыктардын кол чабуусуна арзыган. Толгонай жана Чыйырды. Актриса жараткан образдарын галереясында Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде коюлган спектаклдеги Толгонайдын образы өзгөчө орунда турат. Күйөөсүн жана үч уулун согушка жиберип, алардын өлүмүн угуп кан какшап калган Толгонай-Эненин Жер-Эне менен диалогун Даркүл Күйүкова отуз жылдан ашык сахнада ойноп, көрүүчүлөрдү согушсуз жашоого, гуманизмге үндөп келди. Анын Жер-Эне менен теңтайлашкан бийик үнү эчен бир жүрөктөрдү солк эттирди. 1966-жылы бул спектаклдин бет ачарына Чыңгыз Айтматов автор катары катышып, абдан толкунданып, ыраазы боло сүйлөп, элдер он мүнөт кол чаап, көшөгө он жолу жабылып, кайра он жолу ачылып турган. Ушул образды жаратып жүргөн жылдарда спектакль Москвада да көрсөтүлүп, театр ишмерлери тарабынан жогору бааланып, конкурста сыйлыкка жетип, 1967-жылы өнөр адамы үчүн эң бийик наамга – СССРдин эл артисти наамына татыктуу болду. Айтуудан, дал ушул каарманды кинодо ойноого режиссёр Геннадий Базаров Даркүл Күйүкованын үйүнө барып, атайын сунуш кылса, ал Бакен Кыдыкеева ойносун деп, өз ролун Төкөлдөштүн төрт кызынын бирине тартуу эткен экен. Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасы эпикалык дастандын заманга ылайык интерпретациясы болгон жана сахнада көп жылдар бою аншлаг менен коюлган. Даркүл Күйүкова чыгармачылыгындагы өзөктүү образды, энелердин образын андан ары улантып, Манастын энесинин триумфтуу да, трагедиялуу да бейнесин жараткан. Бул спектакль 1987-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгондо Чыйырды-Күйүкова да кадыр-барктуу сыйлыктын лауреаты аталган. Кинодогу ролдор. Даркүл Күйүкованы дүйнөлүк киносүйүүчүлөр кыргыз аял-эненин образын жараткан таланттуу киноактёр катары билет. Биринчи кыргыз киносу "Салтанатта" (1955) Күмүштүн ролун аткарып чыгат. "Кыргыз кереметинин" жаралышына, өнүгүп-өркүндөшүнө ал "Биринчи мугалим" (Алтынайдын жеңеси), "Ак кеме" (Майрык-Чаар-Жезкемпир), "Аптап" (Алдей), "Аталар жери" (Сайкал апа), "Ак Мөөр" (эпизоддук роль), "Жамийла" (эпизоддук роль), "Жоро" (Айша), "Космонавттар көчөсү" (Закурдаева), "Күнөстүү арал" (Айкыз кемпир) ж.б. фильмдериндеги аткарган керемет образдары менен салым кошкон. Коомдук ишмер. Каарманыбыз Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болгон. Чет өлкөлөргө спектаклдерди коюп чыкканда кыргыз аялы кандай боло турганын татыктуу көрсөтө билген. Эл арасында жергиликтүү жетекчилер аны өзгөчө сыйлашкан. Өнөр өргөөсүн көтөргөн. Биринчи күйөөсү СССРдин Финляндия менен согушуна чакырылып, уруштан кайтпай калат да, андан калган кызын канаттууга кактырбай өстүрүп жатканда бешенесине дагы бир өнөр адамын – Москвадагы Анатолий Луначарский атындагы театр окуу жайын Кыргызстандан биринчи болуп бүтүргөн актер Исмаилбек Абдубачаевди жазган экен. Өзүнүн бир кызын, Исмаилбектин эки уулун катарга кошуп жетилтет. Экөө бирге 1946-жылы түтүн булатат. Даркүл Күйүкова төрт уулдун, эки кыздын энеси болгон. Бир бөлмөлүү батирде Исмаилбек Абдубачаев Таластан келген комузчу Шекербек Шеркулов жана анын бүлөсү менен он жети адам бирге жашайт, отун-суу тартыш, шаардан чыгып, талаалардан тезек терип келип, үйлөрүн эптеп жылытат. 1948-жылы туулган кызы Райма Абдубачаева жети жашынан апасын ээрчип роль аткарып жүрүп, Москвадан Луначарский атындагы театр окуу жайын аяктап келгенден кийин Ош театрында, борбордогу академиялык театрда иштеген. "Ак кеме", "Атанын тагдыры", "Саманчынын жолу", "Алгачкы аңчылык" ("Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт") спектаклдеринде балдардын ролун өтө чеберчилик менен аткарган, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган. Жолдошу Марат Алышбаев да таланттуу кино жана театр актёру болгон, экөөнүн уулу Улугбек Алышбаев да таенеси менен апасынын жолун жолдоп, ГИТИСти бүткөн. Даркүл апанын бир уулу Зулпукор Абдубачаев бүт өмүрүн дикторлук өнөргө берип, коңур үнү радио аркылуу ар бир үйдө жаңырып турчу, дагы бир уулу Рыспек Абдубачаев белгилүү опера ырчысы, ал да өлкөбүзгө эмгек сиңирген артист. Оору жана акыркы сапар. Ал иштеген мезгилде артисттер эки-үч айлап жай-кыш дебей гастролдоп жүрө берген. Спектаклден кийин дубляжга келүүчү. Ден соолукка да карашкан эмес. СССРдин эл артисти болсо да Даркүл Күйүкова чыгармачыл труппа менен бирге ысык-суукту көргөн. Жүздөн ашык адамдын образын сахнага алып чыккан. Ошентип жүрүп айыккыс илдетке кабылды. Буту ооруп баса албай калды. Улуу кызы каза болуп, кайгы басты. Кесел менен көпкө кармашты, жатып албай анча-мынча монологдорду айтып, спектаклдерге келип да жүрдү. Бирок жаңы ролдорду жарата албады. Ошентсе да жабышкан оору жеңди, 77 жашында акка моюн сунду.
https://sputnik.kg/20251012/korkomu-ulam-artkan-kocho-filminen-alyngan-irmemder-1097077319.html
https://sputnik.kg/20250514/gennadij-bazarov-tuuraluu-15-fakty-1093971163.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101972/76/1019727636_0:89:2007:1594_1920x0_80_0_0_87113991ed363ff997be96351e163418.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
кыргызстан, даркүл күйүкова, маданият, театр, сахна, талант, спектакль, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
кыргызстан, даркүл күйүкова, маданият, театр, сахна, талант, спектакль, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Даркүл Күйүкова – кыргыз театр өнөрүндөгү кайталангыс талант, анын ролдору миңдеген көрүүчүнүн жүрөгүнөн орун тапкан. Керемет коңур жана бийик үнү, сахнадагы эч кимде жок кыймыл-аракети, өзү жаратып жаткан образ менен кошо жашашы биздин, XX кылымдын II жарымындагы өнөр сүйүүчүлөрүнүн, эсинде калды.
Эжейибиз бүткүл өмүрүн, талант дараметин кыргыз искусствосун өнүктүрүүгө, улуттук колориттеги каарман аялдардын образын жаратууга жумшады. Биз бүгүн таланттуу театр жана кино актёру, 29-октябрда 106 жылдыгы белгиленген Даркүл Күйүкова тууралуу 13 фактыны сунуш кылабыз.
Туулган мезгили, жери жана балалыгы. Даркүл Күйүкова 1919-жылы 29-октябрда (15-майда деген да маалымат бар) ошол кездеги аталышы боюнча айтканда РСФРдин Түркстан АССРинин Жети-Суу облусуна караган Пишпек уездинин Ворошилов районунун Төкөлдөш айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Бул жер — азыркы Бишкектин Свердлов районуна караштуу Чыгыш-5 кичи району турган аймак. Ал кезде шаарга канатташ кыргыздар жашаган кыштак болгон. Туулган жылы туура эмес экен, ал кездеги көпчүлүк жаштар сыяктуу лениндик комсомолго мүчөлүккө тезирээк өтүшүм керек деп 1921-жылды 1919-жыл деп жаздырып алган дейт кызы. Балалыгы ачарчылык, жокчулук жылдарга туш келди. Ошол эле кезде алгачкы советтик мектептер ачылып, балдар да, чоңдор да жапырт окууга тартылып, элдин жаңы бийликке үмүтү чоң эле. Мектепте 1-2-класстарда, 1930-1932-жылдарда, кийин атактуу театр таануучу болгон жана Сабира Күмүшалиеванын биринчи жубайы Көпбай Күмүшалиев окутуптур. Ошол кишинин таасири менен Даркүл эже театр ийримдерине да катышып, роль аткарып, хордо ырдачу. Кийин Фрунзеде ачылган Балдар жана өспүрүмдөр театрында 1936-жылдан тартып эл алдына чыга баштайт. Демек, анын балалыгы мектепте жана сахнада өттү. Артист кесибин аркалоого таята-таенеси каршы болсо да көгөрүп жүрүп, театрга бара берчү экен.
Алгачкы ролдору. XX кылымдын 30-жылдары совет өкмөтү жана Коммунисттик партия идеологиялык иштерге өзгөчө маани берген, филормония ачылган. Ошол кезде 1938-жылдан тартып согуш башталган 1941-жылга чейин Даркүл Күйүкова Фрунзедеги Балдар жана өспүрүмдөр театрында актриса катары иштеп, Касымалы Жантөшевдин "Кичине баатыр" пьесасы боюнча коюлган спектаклде Болотбектин, ушул жылдары мыкты драматург жана режиссер катары таанылган Отунчу Сарбагышевдин "Көкүл" пьесасында Бурулдун, ушул эле автордун "Улуу мерген" драмасында Жыпардын, ал кездеги жаш адабиятчы Тазабек Саманчин 1938-жылы жазган "Берметтин уландары" чыгармасындагы Абыштын ролдорун аткарган. Ал кезде профессионал драматургдар, профессионал режиссёрлор жок болгон сыяктуу эле профессионал артисттер да жок болчу. Жаш актриса жогорудагы ролдорду турмушта өзү көрүп-билген адамдарды тууроо, ошолорго окшотуу менен эле аткарган. Ушул жол менен кыргыз театр өнөрү пайда болуп, калыптанган. Бул процессте Даркүл Күйүкованын орду чоң болгон.
Төкөлдөштүн төрт кызы. Кыргыз маданият тарыхына кызыккандардын жана жалпы эле улуттук интеллигенциянын арасында "Төкөлдөштүн төрт кызы" деген түшүнүк бар. Ал төрт кыз Төкөлдөштө туулуп-өсүп, бала чагынан сахнага чыккан 1917-жылы туулгандар: улуулары опера ырчысы Сайра Кийизбаева, театр жана кино артисти Сабира Күмүшалиева, алардан бир аз жашыраагы Даркүл Күйүкова жана кичүүсү 1923-жылы туулган Бакен Кыдыкеева. Ушул төрт кыз мектеп сахнасынан профессионалдык деңгээлге көтөрүлүп, Сайра Кийизбаевадан башкасы адистиги боюнча атайын окуу жайларын да бүтүрбөй эле карандай таланты, кудай берген шыгы менен ээрчишип жүрүп, Ала-Тоодон ааламга өтүп, өнөрдүн бийик чокусуна жеткен.
Жаш актриса жана генерал-майор. 1938-жылы октябрда Иван Панфилов Кыргыз ССРинин аскер комиссары болуп кызматка келет. Өтө баатыр, кадыр-барктуу, сүрдүү кишинин жубайы Фрунзедеги Свердлов райондук кеңешинин төрайымы болгон. Жубайлар ошол кездеги бардык эле алдыңкы интеллигенция сыяктуу театрга кызыккан. Генерал Балдар жана өспүрүмдөрдүн театрына кирип, кыргыз тилиндеги спектаклди көрөт, ошол оюнда кары кемпирдин ролун куду кемпирдей кылып ойногон 20лардагы Даркүлдүн талантына ыраазы болуп, аябай кол чапкан экен.
Согуш жылдарында элдин мекенчилдик рухун көтөрүүгө салым кошкон. Фашисттик Германия менен согушуу үчүн эң биринчи кезекте советтик жоокерлердин, аны менен кошо тылдагы элдин маанайын көтөрүп, жеңишке ишендирүү керек эле. Бул үчүн советтик драматургия фольклордук мурастарга, элдик эпикалык чыгармачылыкка кайрылган. Артисттер да ролдорду ошол маанайда ойногон. 1941-жылы Балдар жана өспүрүмдөр театрынын базасында Кыргыз мамлекеттик драма театры негизделип, спектаклдерди профессионалдык деңгээлде коюуга жол ачылган. Согуш башталганда эле Жантөшев элдик эпоско кайрылып, "Курманбек" драмасын жазган, Даркүл Күйүкова бул чыгармада баатырдын жары Айганыштын образын жараткан, Аалы Токомбаевдин "Ант" драмасында медайым Зыйнаттын бейнесин ачып берген. Шыктанган жаштар атуулдук, мекенчилдик сезимдерин байытып, Мекенди коргоого ак дили менен кызмат кылган.
Күндө текст жаттоо, айына бирден роль жаратуу. Согуштан кийин мамлекет советтик идеологияны жайылтуучулар катары театр өнөрүнө айрыкча көңүл болду. Ошол өнөрдүн эң башында Даркүл Күйүкова турду, режиссёрлор ар бир спектаклде ага башкы ролдордун бирин аткарууну сунуштап жатты. Кыргыз драма театрында коюлган Николай Гоголдун "Текшерүүчү" комедиясында Анна Андрееванын ролун аткарып, комедиялык пландагы актриса экендигин да тастыктады. Александр Фадеевдин "Жаш гвардия", Константин Симоновдун "Орус маселеси", Райкан Шүкүрбековдун "Менин айылым", "Жашыл токой", Александр Корнейчуктун "Калинкалуу талаа", Кубанычбек Маликов менен Аманкул Куттубаевдин "Биз баягы эмеспиз" деген спектаклдеринде бири-бирине окшобогон ар кыл тагдырдагы жана ар кыл мүнөздөгү аялдардын образын жаратты. Бул жылдарда театрдан эл аягы үзүлбөй, артисттер спектаклдери менен талаадагы дыйкандардын, тоодогу малчылардын, цехтеги жумушчулардын жанына чейин барып алардын руханий дүйнөсүн тарбиялап турган. XX кылымдын 50-60-жылдарында кыргыз драматургиясында Токтоболот Абдумомуновдун жылдызы өзгөчө жанды, таланттуу актриса анын "Замандаштар", "Кумдуу чап", "Курман", "Борбаш", "Тар капчыгай", "Атабектин кызы", "Ашырбай", "Абийир кечирбейт", "Бюро жүрүп жатат", "Жыгылган оогонго күлөт", "Таалай гүлдестеси", "Чолпонбай" деген сыяктуу пьесаларында ролдорду аткарды.
Күйүкованын Жаңыл Мырзасы. Кубанычбек Маликов менен Аманкул Куттубаевдин "Жаңыл" драмасынын өзөгү — "Жаңыл Мырза" деп аталган элдик дастан. Алгач 1941-жылы Нарын облустук драма театрында коюлган, экинчи жолу 1945-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында да коюла баштап, 1959-жылы профессионалдык деңгээлде кайра тереңдетилген. Башкы каарман Жаңыл Мырзанын образын Даркүл Күйүкова жараткан. Өз уруусун жоодон сактап, намыс үчүн жакшы көрүп атса да күйөөлөп келген баатыр жигитти өлтүргөн тайманбас кыздын сахналык өмүрүн өзгөчө чеберчилик менен берген. Көчөдө бара жатып учурашкан көрүүчүлөр актрисаны Жаңыл деп алышкан. Бой келбети, сөөк-саактуу денеси, күркүрөгөн үнү актрисаны чын эле каарманына окшотуп турчу.
Классиканы классикалык деңгээлде түшүнгөн. Бул жагынан кыргыз маданиятынын тарыхында ал аткарган Уильям Шекспирдин "Отелло" трагедиясында Эмилиянын, "Ричард III" драмасында Йорк королевасынын, Фридрих Шиллердин "Жүзү каралык жана сүйүү" драмасында леди Милфордун, Александр Островскийдин "Сепсиз кыз" драмасында Огудалованын, Максим Горькийдин "Егор Булычев" пьесасында Мельянын ролдору эстен чыккыс болуп калды. 1958-жылы Москвада Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасы болуп, анда Александр Островскийдин "Добул" ("Гроза") драмасында Кабаниха деген ачуулуу, эки жүздүү, миң кубулма, жексур аялдын көп кырдуу образын жаратып, москвалыктардын кол чабуусуна арзыган.
Толгонай жана Чыйырды. Актриса жараткан образдарын галереясында Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде коюлган спектаклдеги Толгонайдын образы өзгөчө орунда турат. Күйөөсүн жана үч уулун согушка жиберип, алардын өлүмүн угуп кан какшап калган Толгонай-Эненин Жер-Эне менен диалогун Даркүл Күйүкова отуз жылдан ашык сахнада ойноп, көрүүчүлөрдү согушсуз жашоого, гуманизмге үндөп келди. Анын Жер-Эне менен теңтайлашкан бийик үнү эчен бир жүрөктөрдү солк эттирди. 1966-жылы бул спектаклдин бет ачарына Чыңгыз Айтматов автор катары катышып, абдан толкунданып, ыраазы боло сүйлөп, элдер он мүнөт кол чаап, көшөгө он жолу жабылып, кайра он жолу ачылып турган. Ушул образды жаратып жүргөн жылдарда спектакль Москвада да көрсөтүлүп, театр ишмерлери тарабынан жогору бааланып, конкурста сыйлыкка жетип, 1967-жылы өнөр адамы үчүн эң бийик наамга – СССРдин эл артисти наамына татыктуу болду. Айтуудан, дал ушул каарманды кинодо ойноого режиссёр Геннадий Базаров Даркүл Күйүкованын үйүнө барып, атайын сунуш кылса, ал Бакен Кыдыкеева ойносун деп, өз ролун Төкөлдөштүн төрт кызынын бирине тартуу эткен экен. Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасы эпикалык дастандын заманга ылайык интерпретациясы болгон жана сахнада көп жылдар бою аншлаг менен коюлган. Даркүл Күйүкова чыгармачылыгындагы өзөктүү образды, энелердин образын андан ары улантып, Манастын энесинин триумфтуу да, трагедиялуу да бейнесин жараткан. Бул спектакль 1987-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгондо Чыйырды-Күйүкова да кадыр-барктуу сыйлыктын лауреаты аталган.
Кинодогу ролдор. Даркүл Күйүкованы дүйнөлүк киносүйүүчүлөр кыргыз аял-эненин образын жараткан таланттуу киноактёр катары билет. Биринчи кыргыз киносу "Салтанатта" (1955) Күмүштүн ролун аткарып чыгат. "Кыргыз кереметинин" жаралышына, өнүгүп-өркүндөшүнө ал "Биринчи мугалим" (Алтынайдын жеңеси), "Ак кеме" (Майрык-Чаар-Жезкемпир), "Аптап" (Алдей), "Аталар жери" (Сайкал апа), "Ак Мөөр" (эпизоддук роль), "Жамийла" (эпизоддук роль), "Жоро" (Айша), "Космонавттар көчөсү" (Закурдаева), "Күнөстүү арал" (Айкыз кемпир) ж.б. фильмдериндеги аткарган керемет образдары менен салым кошкон.
Коомдук ишмер. Каарманыбыз Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болгон. Чет өлкөлөргө спектаклдерди коюп чыкканда кыргыз аялы кандай боло турганын татыктуу көрсөтө билген. Эл арасында жергиликтүү жетекчилер аны өзгөчө сыйлашкан.
Өнөр өргөөсүн көтөргөн. Биринчи күйөөсү СССРдин Финляндия менен согушуна чакырылып, уруштан кайтпай калат да, андан калган кызын канаттууга кактырбай өстүрүп жатканда бешенесине дагы бир өнөр адамын – Москвадагы Анатолий Луначарский атындагы театр окуу жайын Кыргызстандан биринчи болуп бүтүргөн актер Исмаилбек Абдубачаевди жазган экен. Өзүнүн бир кызын, Исмаилбектин эки уулун катарга кошуп жетилтет. Экөө бирге 1946-жылы түтүн булатат. Даркүл Күйүкова төрт уулдун, эки кыздын энеси болгон. Бир бөлмөлүү батирде Исмаилбек Абдубачаев Таластан келген комузчу Шекербек Шеркулов жана анын бүлөсү менен он жети адам бирге жашайт, отун-суу тартыш, шаардан чыгып, талаалардан тезек терип келип, үйлөрүн эптеп жылытат. 1948-жылы туулган кызы Райма Абдубачаева жети жашынан апасын ээрчип роль аткарып жүрүп, Москвадан Луначарский атындагы театр окуу жайын аяктап келгенден кийин Ош театрында, борбордогу академиялык театрда иштеген. "Ак кеме", "Атанын тагдыры", "Саманчынын жолу", "Алгачкы аңчылык" ("Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт") спектаклдеринде балдардын ролун өтө чеберчилик менен аткарган, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган. Жолдошу Марат Алышбаев да таланттуу кино жана театр актёру болгон, экөөнүн уулу Улугбек Алышбаев да таенеси менен апасынын жолун жолдоп, ГИТИСти бүткөн. Даркүл апанын бир уулу Зулпукор Абдубачаев бүт өмүрүн дикторлук өнөргө берип, коңур үнү радио аркылуу ар бир үйдө жаңырып турчу, дагы бир уулу Рыспек Абдубачаев белгилүү опера ырчысы, ал да өлкөбүзгө эмгек сиңирген артист.
Оору жана акыркы сапар. Ал иштеген мезгилде артисттер эки-үч айлап жай-кыш дебей гастролдоп жүрө берген. Спектаклден кийин дубляжга келүүчү. Ден соолукка да карашкан эмес. СССРдин эл артисти болсо да Даркүл Күйүкова чыгармачыл труппа менен бирге ысык-суукту көргөн. Жүздөн ашык адамдын образын сахнага алып чыккан. Ошентип жүрүп айыккыс илдетке кабылды. Буту ооруп баса албай калды. Улуу кызы каза болуп, кайгы басты. Кесел менен көпкө кармашты, жатып албай анча-мынча монологдорду айтып, спектаклдерге келип да жүрдү. Бирок жаңы ролдорду жарата албады. Ошентсе да жабышкан оору жеңди, 77 жашында акка моюн сунду.