00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему Кыргызстану понадобился Следком и чей пример взять за основу?
08:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1,1 триллион сомдон ашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөттүн жыйынында билдирген. Анда “2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору талкууланды. “Бекитилген консолидацияланган бюджет 708,8 миллиард сом болчу, азыр – 381,7 миллиард сомго өсүү же 153,8 пайызга көбөйүшү менен жылды жыйынтыктаганы жатабыз. Киреше жана чыгашаны эсептегенден кийин 10 миллиард сомдон ашык профицит менен бул жылдан чыгабыз”, — деди Касымалиев. Ал 10 айда ИДПнын өсүшү 10 пайызды түзүп, былтыр Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча алдыңкы өлкөнүн катарына киргенин белгиледи.Экономиканын бардык тармагында өсүш болгону, өзгөчө курулуштагы өсүш 42,8 пайызды түзгөнү белгиленди.
Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы түз аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Дели — Бишкек — Дели багыты боюнча каттамынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара 7-декабрда Индира Ганди айтындагы эл аралык аэропортто өткөн. Ага Индиядагы элчи Аскар Бешимовдун катышканы айтылды. "Каттамдын ачылышы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы транспорттук байланышты бекемдөөдө, ишкердик жана туристтик сапарларды жеңилдетүүдө, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду", — дешти министрликтен. Каттам Tez Jet компаниясы тарабынан аптасына бир жолу — жекшемби күндөрү аткарылат.
ишкекте дагы 8 бала бакча жана бир мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, 8-декабрда 49 бала бакчада карантин аяктап, балдар мектепке чейинки билим алуусун улантууда. Белгиленгендей, карантин учурунда ата-энелер балдарын эл көп чогулган жерлерге алып барбоого, алардын толук айыгып кетишин камсыз кылууга жана балдарды бала бакчага ден соолугу чың абалда алып келүүгө милдеттүү. Эске салсак, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу 3-декабрда борбор калаада 25, ал эми Чүй облусунда 40 бала бакча карантинге жабылган. Ош облусунда 5 мектеп онлайн окутууга өткөн. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, билим берүү мекемелери Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көрсөтмөсүнө ылайык, министрликтин алдын ала макулдугусуз окутууну онлайн форматка өткөрө алат. Мектептер бул чечим тууралуу ведомствого билдирүүгө гана милдеттүү. Учурда республика боюнча 207 мектеп аралыктан окутууга өттү, ал эми 214 бала бакча карантинге убактылуу жабылды.
Россия Жамааттык коопсуздук келишими уюмун чыңдоо үчүн болгон аракетин көрөт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Кремлде уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин төрагаларын кабыл алып жатып билдирди. “ЖККУ төрагалыгы Россияга өттү. Биз кыргызстандык кесиптештерибиздин ишин улантабыз”, — деди Путин. Өлкө президенти уюмдун коргонуусуна басым жасалып, аскер тармагында жана аскердик-техникалык жаатта кызматташууну бекемдөө артыкчылыктуу багыт болорун белгиледи. Жыйынга Россия, Беларусь, Казакстан жана Тажикстандын парламент төрагалары катышууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0