https://sputnik.kg/20250105/cholponbaj-tuloberdiev-tasma-scenarij-synak-1091257856.html
Чолпонбай Түлөбердиев боюнча көркөм фильмдин сценарийине сынак жарыяланды. Шарты
Чолпонбай Түлөбердиев боюнча көркөм фильмдин сценарийине сынак жарыяланды. Шарты
Sputnik Кыргызстан
Кино жаратуу тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Анда Ташиев канча акча керек болсо таап берерин айтып, Маданият министрлигине маселени чечүүнү... 05.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-05T14:25+0600
2025-01-05T14:25+0600
2025-01-05T14:25+0600
кыргызстан
чолпонбай түлөбердиев
сынак
тасма
сценарий
баатыр
эрдик
https://sputnik.kg/img/104818/69/1048186966_0:470:2048:1622_1920x0_80_0_0_81e4f29d39c58b19ccbf333daaa89ef6.jpg
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу көркөм тасманын мыкты сценарийине сынак жарыяланды. Бул тууралуу "Кыргыз фильм" улуттук киностудиясынан кабарлашты.Талаптары:Буга чейин фильм тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Анда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев канча каражат керек болсо таап берерин айтып, Маданият министрлигине маселени чечүүнү тапшырган.Чолпонбай Түлөбердиев Чолпонбай Түлөбердиев Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында 1922-жылы туулган. 1941-жылы сентябрь айында 19 жашында аскерге чакырылып, согушка кирген. 1942-жылы 6-августта Россиянын Воронеж облусундагы Селявный кыштагын бошотууда душмандын ДЗОТунун амбразурасын денеси менен жаап, 20 жашында баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун баатыры деген наам берилген.
https://sputnik.kg/20220811/rossiya-tuleberdievdin-ehsketuu-1066703093.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104818/69/1048186966_0:80:2048:1616_1920x0_80_0_0_31b431e26138097e7d856e3722b64803.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, чолпонбай түлөбердиев, сынак, тасма, сценарий, баатыр, эрдик
кыргызстан, чолпонбай түлөбердиев, сынак, тасма, сценарий, баатыр, эрдик
Чолпонбай Түлөбердиев боюнча көркөм фильмдин сценарийине сынак жарыяланды. Шарты
Кино жаратуу тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Анда Ташиев канча акча керек болсо таап берерин айтып, Маданият министрлигине маселени чечүүнү тапшырган.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу көркөм тасманын мыкты сценарийине сынак жарыяланды. Бул тууралуу "Кыргыз фильм" улуттук киностудиясынан кабарлашты.
Сынакка Кыргызстандын жараны болгон киносценарийчилер жана драматургдар катыша алат;
Автор бир эле чыгарманы сунуштай алат;
Сценарийге Түлөбердиевдин өмүр, таржымалы жана эрдиги камтылышы керек;
Конституцияга каршы келген көз караштар, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, коопсуздугуна шек келтирүү, социалдык, расалык, улуттук, диний, мүлктүк, уруулук каршылыкты жана сексуалдык зордук-зомбулукту жактап, үгүттөгөн сценарийлер сынактан четтетилет;
Сценарийлерди 10-февралга чейин "Кыргыз фильм" киностудиясына жөнөтүү керек.
Буга чейин фильм тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Анда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев канча каражат керек болсо таап берерин айтып, Маданият министрлигине маселени чечүүнү тапшырган.
Чолпонбай Түлөбердиев Чолпонбай Түлөбердиев Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында 1922-жылы туулган. 1941-жылы сентябрь айында 19 жашында аскерге чакырылып, согушка кирген. 1942-жылы 6-августта Россиянын Воронеж облусундагы Селявный кыштагын бошотууда душмандын ДЗОТунун амбразурасын денеси менен жаап, 20 жашында
баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун баатыры деген наам берилген.