Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев мындан туура 97 жыл мурда жарык дүйнөгө келген. Анын Улуу Ата Мекендик согуш учурунда көрсөткөн эрдиги бүткүл Союздун ичинде легендага айланган. Биз баарыбыз билгендей, Чолпонбай ок чачкан дзотту көкүрөгү менен тосуп, баатырларча курман болгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз элинин эр жүрөк уулу тууралуу кызыктуу фактыларды окурмандарга сунуштайт.
Жумуштан качпаган мээнеткеч бала. Советтик режим жаңы гана курулуп, бүт өлкөнү оор заман коштоп турган кезде жетим калган үй-бүлөнүн башынан оор мезгилдер өтөт. Кичинекей Чолпонбай апасын кор кылбай багуу үчүн жаштайынан кара жумушка бышып, талаада чоңдор менен теңата иштеп, абдан мээнеткеч болуп чоңоёт. 1933-жылы мектеп босогосун аттаган жаш бала жети жыл билим алат. Сабактарына жакшы көңүл буруп, окуусун татыктуу аяктаган соң колхоздо түрдүү жумуштарда иштей баштайт. Анын замандаштарынын айтымына караганда, Чолпонбай сымбаттуу, куулук-шумдугу жок жигит болгон.
Согушка аттануу. Калктын башына кара түн түшүп, 1941-жылы Улуу Ата Мекендик Согуш башталат. Мекенди коргоо үчүн кыргыз жигиттери майданга аттана баштайт. Чолпонбай Түлөбердиев да ошол эр-азаматтардын катарында 1941-жылы декабрь айында Кызыл Армиянын катарына кошулат. Ошентип 19 жашка толгон жигит кандуу казатка аттанат.
Акыркы кат. Касымалы Жөнтөшевдин аңгемесинде Чолпонбай согушка аттанып жаткан кезде аны сапарга узатуу үчүн жакшы көргөн кызынын келгендиги, кыз сүйүктүүсүнүн колун акыркы жолу кармап көзүнө жаш алгандыгы жазылат. Ал эми баатырдын айылындагы музейинде анын фронттон Гүлнар аттуу кызга жазган каты бар. Анда "Кандайсың, сүйүктүүм Гүлнар? Согуш катуу жүрүп жатат. Душмандар менен тынбай салгылашып жатабыз. Акыркы күндөрү уйкудан да калып жүрөм. Сенин жазган каттарыңды алып жатам. Сага сүйүнүчтүү кабарым бар. Айтсам, мен көптөн күткөн комсомолго да өттүм. Эми үчөө үчүн согушам. Сен, комсомол жана өзүм үчүн", – деп жазылган. Бул Чолпонбай Түлөбердиевдин акыркы каты эле.
Келечек муунга калтырган мурасы. Чолпонбай Түлөбердиевге көрсөткөн эрдиги үчүн 1943-жылы 4-февралда "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам берилген. Андан тышкары, "Кызыл Жылдыз" медалы, Ленин ордени ыйгарылган. Ошол эле учурда азыр баатыр төрөлгөн айыл анын атын алып жүрөт. Кичи мекенинде анын музейи жана окко төшүн тоскон жоокердин эстелиги турат. Андан сырткары, Воронеж облусундагы Селявный жана Киров айылдарында баатырдын эстеликтери орнотулган. Облуска караштуу Нововоронеж шаарындагы жана Селявный менен Давыдовка айылдарындагы мектептерге, Лиски шаарындагы көчөгө аты берилген.