18-январга карата аба ырайы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНарын облусунун Кочкор районундагы айылдын көрүнүшү. Архив
Нарын облусунун Кочкор районундагы айылдын көрүнүшү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Жазылуу
18-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -1...+4, Таласта -2...+3, Ош, Жалал-Абад облустарында +5...+10, Баткен жергесинде +6...+11, Ысык-Көлдө -3...+2, ал эми Нарында -5...-10 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +2...+4, Ош калаасында +8...+10 градуска көтөрүлөт.+
Кыштын жылуу күнүндө паркта отурган кыздар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Күн ысыйбы? Февраль айына карата аба ырайы божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0