“Жийиркеничтүү”. Путин Канада парламентинде нацисттин даңазаланышы тууралуу

© AFP / SEAN KILPATRICKУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Канада парламентинде Украинада элди кырууга катышкан нацистке кол чаап турду. Бул өтө жийиркеничтүү көрүнүш болду. Мындай пикирин РФ президенти Владимир Путин билдирди.
Эскерте кетсек, Сочиде “Валдай” эл аралык дискуссиялык клубунун ХХ жыйыны өтүп жатат.
“Баары ушунча урмат-сый көрсөтүп кол чаап турганы жийиркеничтүү болду. Өзгөчө улуту еврей Украина президентинин мамилеси таң калтырды. Кадыресе улутчул болсо да бир жөн, еврей калкын кырган кишини даңазалап турду”, — деди РФ президенти.
Путин нацистти Канада парламентине чакырган спикер тууралуу да пикирин билдирди.
“Мен Канаданын элин таарынткым келбейт. Бирок спикер Россияга каршы Гитлер жана анын тарапташтары согушканын билбесе, анда ал келесоо. Демек, мектепте жакшы окуган эмес. Ал эми чакырылган кишинин Гитлер тарапта согушканын билип туруп аны Украина менен Канаданын баатыры десе, анда ал жеткен акмак”, — деди РФ лидери.

Окуянын чоо-жайы

Эске салсак, Зеленскийдин Канадага болгон сапарынын алкагында парламенттин отурумуна чакырылгандардын арасында 98 жаштагы Ярослав Хунка болгон. Общиналар палатасынын спикери аны "Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Украинанын көз карандысыздыгы үчүн орустарга каршы согушкан" адам катары көрсөтүп, айткандары залдын кол чабуусу менен коштолгон. Хунка ССтин "Галичина" дивизиясынын ыктыярдуу мүчөсү болуп чыккан.
Тарыхка кайрылсак, ССтин "Галичина" дивизиясы 1943-жылы 28-апрелде түптөлгөн. Кийинки жылдын жай айына, Кызыл армия аларды украиналык Броды шаарынын жанынан талкалаганга чейин иштеген. Дивизияда кызмат өтөгөндөр жай жашоочуларга карата аскердик кылмыштарды жасашкан. Андан сырткары, еврейлерге, польшалыктарга, словактарга жана беларустарга жырткычтык менен мамиле кылганы тарыхта маалым.
Дивизия Польшага караган Гута Пеняцкая кыштагында 500 адамдын өмүрүн кыюуга катышкан. "Галичина" кийин Нюрнберг трибуналынын чечими менен кылмыштуу уюм деп табылган.
Общиналар палатасынын спикери Энтони Рота аталган адамдын өмүр баяны менен жакшы тааныш болбогондугун айтып, катасын мойнуна алып, Хункага көрсөтүлгөн урмат-сый үчүн кечирим сурады. Ал эми Канададагы оппозиция лидери Пьер Пуальевр премьер Трюдодон нацистти чакырганы үчүн анын жеке өзүнүн кечирим суроосун талап кылды. Канадалык өкмөт башчы ал өзү да, Владимир Зеленскийдин делегациясы да Хунканын парламентке чакырылганы боюнча маалыматы болбогондугун билдирген.
Резонанстуу окуядан соң Канаданын Общиналар палатасынын спикери Энтони Рота кызматынан кетип, премьер-министр Жастин Трюдо кечирим сураган.
“Валдай” эл аралык дискуссиялык клубу — саясат таануу, экономика, тарых, эл аралык мамилелер жаатындагы россиялык жана чет өлкөлүк алдыңкы эксперттердин бирикмеси. Клуб 2004-жылдын сентябрында РИА Новости агенттиги, Тышкы жана коргоо саясаты кеңеши, Moscow Times гезити, Russia Profile жана “Россия в глобальной политике” журналынын демилгеси менен түзүлгөн.
Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии XX Ежегодного заседания Международного дискуссионного клуба Валдай  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Көзүңөрдү ачкыла. Путин Европа менен АКШдагы кесиптештерине кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0