Нацистти көкөлөткөн чырлуу окуя: Канада парламентинин спикери отставкага кетти

© Sputnik / Наталья СеливерстоваМосквадагы Россиянын Тышкы иштер министрлигинин имараты
Москвадагы Россиянын Тышкы иштер министрлигинин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
Буга чейин Энтони Рота маалыматы болбогонун айтып дүйнө коомчулугунан кечирим сураган.
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Канаданын Общиналар палатасынын спикери Энтони Ротага парламенттеги украиналык эсэсчиге урмат-сый көрсөтүүнүн кесепети тийип, окуядан соң отставкага кетти. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Общиналар палатасынын спикерлигинен кетип жатканымды мүчөлөргө (парламенттин – ред.) жүрөгүм ооруп билдирем", — деген Рота.
Ал эми бул окуяга комментарий берген Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова премьер-министр Жастин Трюдону сактап калыш үчүн спикердин курмандыкка чалынганын айткан.
"Премьер-министр Жастин Трюдо жана анын үзөңгүлөштөрүн калкалап, Ротаны курмандыкка чалышты. Алардын арасында ОУН-УПА* уюмунун өнөктөштөрүнүн урпактары бар экенин эскертип кетейин. Зеленскийди тосуп алгандардын "Украинага даңк" деген нацисттик лозунгу үчүн эч ким кечирим сураган жок", — деген Захарова.
Эске салсак, Зеленскийдин Канадага болгон сапарынын алкагында парламенттин отурумуна чакырылгандардын арасында 98 жаштагы Ярослав Хунка болгон. Общиналар палатасынын спикери аны "Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда Украинанын көз карандысыздыгы үчүн орустарга каршы согушкан" адам катары көрсөтүп, айткандары залдын кол чабуусу менен коштолгон. Хунка ССтин "Галичина" дивизиясынын ыктыярдуу мүчөсү болуп чыккан.
Тарыхка кайрылсак, ССтин "Галичина" дивизиясы 1943-жылы 28-апрелде түптөлгөн. Кийинки жылдын жай айына, Кызыл армия аларды украиналык Броды шаарынын жанынан талкалаганга чейин иштеген. Дивизияда кызмат өтөгөндөр жай жашоочуларга карата аскердик кылмыштарды жасашкан. Андан сырткары, еврейлерге, польшалыктарга, словактарга жана беларустарга жырткычтык менен мамиле кылганы тарыхта маалым.
Дивизия Польшага караган Гута Пеняцкая кыштагында 500 адамдын өмүрүн кыюуга катышкан. "Галичина" кийин Нюрнберг трибуналынын чечими менен кылмыштуу уюм деп табылган.
Общиналар палатасынын спикери Энтони Рота аталган адамдын өмүр баяны менен жакшы тааныш болбогондугун айтып, катасын мойнуна алып, Хункага көрсөтүлгөн урмат-сый үчүн кечирим сурады. Ал эми Канададагы оппозиция лидери Пьер Пуальевр премьер Трюдодон нацистти чакырганы үчүн анын жеке өзүнүн кечирим суроосун талап кылды. Канадалык өкмөт башчы ал өзү да, Владимир Зеленскийдин делегациясы да Хунканын парламентке чакырылганы боюнча маалыматы болбогондугун билдирген.
*Террордук ишмердүүлүгү үчүн Россияда тыюу салынган уюм
Мамлекеттик департаменттин маалымат кызматынын жетекчиси Мэттью Миллер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
АКШда Канада парламентинин нацизм ардагерин көкөлөткөнү тууралуу эмне дешти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0