Азербайжан Карабахта "антитеррордук операция" баштады

© Фото / сайт Минобороны АРАзербайжандын Коргоо министрлиги. Архивдик сүрөт
Азербайжандын Коргоо министрлиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2023
Жазылуу
Сокку аскердик объектилерге гана урулду. Жарандык калкка жана инфраструктуралык объектилерге чабуул жасалбаганы белгиленди.
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Тоолуу Карабахта локалдык маанайдагы антитеррордук иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Sputnik Азербайжан Коргоо министрлигине шилтеме берип жазды.
"Иш-чаранын алкагында жогорку тактыктагы куралды колдонуу менен Армениянын куралдуу күчтөрүнүн алдыңкы линиясындагы жана тереңдеги түзүлүштөрү катардан чыгарылууда", — деп айтылат Коргоо министрлигинин маалыматында.
Сокку аскердик объектилерге гана урулду. Жарандык калкка жана инфраструктуралык объектилерге чабуул жасалбаганы белгиленди.
Көрүлгөн чара тууралуу россиялык тынчтык орнотуучу контингенттин командачысына жана Түрк-Россия бирдиктүү мониторинг борборуна маалымат берилди.
Бишкектеги Тышкы иштер министрилигин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2023
ТИМ: Кыргызстан Азербайжандын эгемендигин колдой турганын билдирет
Жаңылыктар түрмөгү
0