Нарын шаары 155 жашка чыкты. Архивдик жана азыркы сүрөттөр
Нарын шаары 155 жашка чыкты. Архивдик жана азыркы сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Нарын шаары — азыр Теңир-Тоонун, Нарын облусунун борбору. Анын түптөлгөнү бир жарым кылымга чамалады. Тагыраагы, бул күндөрү 155 жылдык юбилейин белгилеп... 15.09.2023, Sputnik Кыргызстан
Учурда Нарындын калкынын саны 42 миңге чукул. Шаардын жалпы аянты — 5 040 гектар. Деңиз деңгээлинен 2 040 метр бийиктикте орун алган. Бишкек шаарынан 310 чакырым алыстыкта. Sputnik Кыргызстан Нарын калаасынын бир топ жыл мурдагы жана азыркы көрүнүшү чагылдырылган сүрөттөрдү сунуштайт.Тема боюнча:
Нарын шаары — азыр Теңир-Тоонун, Нарын облусунун борбору. Анын түптөлгөнү бир жарым кылымга чамалады. Тагыраагы, бул күндөрү 155 жылдык юбилейин белгилеп жатат.
Учурда Нарындын калкынын саны 42 миңге чукул. Шаардын жалпы аянты — 5 040 гектар. Деңиз деңгээлинен 2 040 метр бийиктикте орун алган. Бишкек шаарынан 310 чакырым алыстыкта. Sputnik Кыргызстан Нарын калаасынын бир топ жыл мурдагы жана азыркы көрүнүшү чагылдырылган сүрөттөрдү сунуштайт.
Нарын тоолордун арасында, деңиз деңгээлинен 2 040 метр бийиктикте жайгашкан. Чок ортосунан Нарын дарыясы өтөт. Жарым кылымга жакын мурда тартылган сүрөт.
Борбордук аянттагы жергиликтүү администрация — облустук комитеттин имараты. Бул азыр да шаардын көзгө басар курулуштарынын бири. Албетте, азыр айланасы бир топ өзгөргөн.
Советтик доордогу Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы эс алуу паркындагы Владимир Ильич Лениндин эстелиги. Баса, мындай эстеликтерди Кыргызстандын бир канча жерлеринен кездештирүүгө болот.
Театрдын репертуары, актерлордун оюну, жадагалса декорациялар да элге укмуштай таасир этер эле. Сүрөттө Жусуп Турусбековдун "Ажал ордуна" тарыхый-революциялык драмасынын негизинде режиссер Бообек Ибраевдин постановкасынан алынган ирмем. Сахнада республиканын эл артисттери.
Нарын Тянь-Шандын тоолоруна саякат жасайм дегендер үчүн алгачкы баскыч эле. Андыктан ушундай мейманкана үйлөрү курулган. Бул тоолуу шаардан азыр да туристтердин аягы үзүлбөйт.
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев атындагы аянт. Кыргызстанды чейрек кылымга жакын башкарып турган бул жетекчиге айкел 2019-жылы ноябрда тургузулган.
Теңир-Тоонун борбору Нарын шаары жана Нарын дарыясынын асмандан тартылган сүрөтү. Учурда калаада 42 миңге чукул киши жашайт. Жалпы аянты — 5 040 гектар.