Далай сырды, оор күйүттү батырган "Ата-Бейит". Архивдик сүрөттөр

Жазылуу
Мындан 32 жыл мурун борбор калаадан анча алыс эмес жерде "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси ачылып, 1938-жылы репрессиялангандардын сөөгү жерге берилген. Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхый жайдын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
...Эски кыш заводдун мешинде 1938-жылы 5-8-ноябрда атылган 138 адамдын сөөгүн кайра казуу иштери 1991-жылы жай мезгилинде башталып, күзгө жуук жерге берилген. Үстү-үстүнө ташталган адам сөөктөрүн Болот Абдрахманов башында турган чекисттер казып чыгып, иликтеп, алардын өздүгүн аныктоого аракет кылган. Жыйынтыгында алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов өңдүү кыргыздын чыгаан уулдары бар экени белгилүү болгон. 53 жылдан кийин сөөгү табылгандардын арасында 17 улуттун өкүлү болуп, урпактары акыры аталарынын кайсы жерде жатканын билип, кепиндеп жерге берген.
Бийлик башындагылар архитекторлор арасында сынак жарыялап, ал жерге "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин курдуруп, салтанат менен ачкан.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Сталиндик репрессиянын курмандыктарын акыркы сапарга узатуу зыйнаты борбор калаадагы Эски аянтта өткөн

Сталиндик репрессиянын курмандыктарын акыркы сапарга узатуу зыйнаты борбор калаадагы Эски аянтта өткөн - Sputnik Кыргызстан
1/12

Сталиндик репрессиянын курмандыктарын акыркы сапарга узатуу зыйнаты борбор калаадагы Эски аянтта өткөн

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Ал күнү көзүнөн жаш агызып маркумдардын жакындары чогулган

Ал күнү көзүнөн жаш агызып маркумдардын жакындары чогулган - Sputnik Кыргызстан
2/12

Ал күнү көзүнөн жаш агызып маркумдардын жакындары чогулган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Сөөктөр жүктөлгөн унаалар, ак кепинделгендердин бала-чакасы

Сөөктөр жүктөлгөн унаалар, ак кепинделгендердин бала-чакасы - Sputnik Кыргызстан
3/12

Сөөктөр жүктөлгөн унаалар, ак кепинделгендердин бала-чакасы

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

"Репрессияландардын сөөгүн табышыптыр" деген жаңылыктан кийн көп киши убагында айыпсыз атылып кеткен аталарын издеген

"Репрессияландардын сөөгүн табышыптыр" деген жаңылыктан кийн көп киши убагында айыпсыз атылып кеткен аталарын издеген - Sputnik Кыргызстан
4/12

"Репрессияландардын сөөгүн табышыптыр" деген жаңылыктан кийн көп киши убагында айыпсыз атылып кеткен аталарын издеген

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Репрессиянын курмандыгы болгон Төрөкул Айтматовдун неберлери

Репрессиянын курмандыгы болгон Төрөкул Айтматовдун неберлери - Sputnik Кыргызстан
5/12

Репрессиянын курмандыгы болгон Төрөкул Айтматовдун неберлери

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Маркумдар ак кепинделип, жаназасы окулуп жерге берилген

Маркумдар ак кепинделип, жаназасы окулуп жерге берилген - Sputnik Кыргызстан
6/12

Маркумдар ак кепинделип, жаназасы окулуп жерге берилген

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кийин алардын сөөгү коюлган жерге архитекторлор "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин курган

Кийин алардын сөөгү коюлган жерге архитекторлор "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин курган - Sputnik Кыргызстан
7/12

Кийин алардын сөөгү коюлган жерге архитекторлор "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин курган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Адам өмүрүн алган кандуу окуяны, оор кезеңди чагылдырган музей да ачылган

Адам өмүрүн алган кандуу окуяны, оор кезеңди чагылдырган музей да ачылган - Sputnik Кыргызстан
8/12

Адам өмүрүн алган кандуу окуяны, оор кезеңди чагылдырган музей да ачылган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кыргыз каймактары жаткан бейитке гүл койгону келгендер

Кыргыз каймактары жаткан бейитке гүл койгону келгендер - Sputnik Кыргызстан
9/12

Кыргыз каймактары жаткан бейитке гүл койгону келгендер

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Мемориалдык комплекстин айланасына көчөт тиккен кыргызстандыктар

Мемориалдык комплекстин айланасына көчөт тиккен кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
10/12

Мемориалдык комплекстин айланасына көчөт тиккен кыргызстандыктар

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Тарыхый жайды архитекторлор Каныбек Алыкулов менен Улан Бейшенбаев, скульпторлор Виктор Шестопал менен Садабек Ажиев курган

Тарыхый жайды архитекторлор Каныбек Алыкулов менен Улан Бейшенбаев, скульпторлор Виктор Шестопал менен Садабек Ажиев курган - Sputnik Кыргызстан
11/12

Тарыхый жайды архитекторлор Каныбек Алыкулов менен Улан Бейшенбаев, скульпторлор Виктор Шестопал менен Садабек Ажиев курган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Өзүнө көп сырды камтыган "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси

Өзүнө көп сырды камтыган "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси - Sputnik Кыргызстан
12/12

Өзүнө көп сырды камтыган "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси

Тема боюнча:
Кубанычы менен муңу аралаш 32 жыл. Эгемен Кыргызстандын тарыхый сүрөттөрү
Жарым кылымда 12 миң адис даярдаган. Авиациялык институтка 50 жыл толду
Илимдин чордону болгон Улуттук академияга 80 жыл. Архивдик ирмемдер
ГЭС, аэропорт, театр, шаар салган ата мекендик куруучулар. Архивдик ирмемдер
Жаңылыктар түрмөгү
0