5-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектин Ала-Тоо аянтында бара жаткан жигит
Бишкектин Ала-Тоо аянтында бара жаткан жигит - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023
Жазылуу
5-сентябрга караган түнү тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. 5-сентябрда күндүз өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас аймагында +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +16...+21 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +22...+24, Ош шаарында +26...+28 градуска көтөрүлөрү болжолдонду.
Мектеп окуучулары сабак учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023
Сколиозго кабылбаш үчүн окуучу туура отурушу керек. Адистердин эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0